Аймак

“УСТАТ-ШАКИРТ МЕКТЕБИН” ТҮЗҮҮ БОЮНЧА АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕРДИ УТУРЛАЙ…

“УСТАТ-ШАКИРТ МЕКТЕБИН” ТҮЗҮҮ БОЮНЧА АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕРДИ УТУРЛАЙ…

 3,032 Бардыгы /

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  “Мектепке чейинки жана мектептик билим берүүсүнүн сапатын жогорулатуунун багыттары” боюнча программасын ишке ашыруу,  жалпы билим берүүчү мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мектеп менеджментинин ишин жөнгө салуу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана максаттуу усулдук жардамдарды  көрсөтүүнү колго алуу  максатында райондук деңгээлде “Устат-шакирт мектеби” түзүлдү.

Мында, жаш адистерге кесиптик такшалуу жагынан жардам, көмөк көрсөтүү менен чектелбей, педагогикалык стажына карабай бардык предметтик мугалимдердин педагогикалык ишке дилгирлигин ойготуу, сабакты сапаттуу өтүү жөндөмүн өнүктүрүү, мектептин кадр маселесин бекемдөө максаты коюлду. Бул боюнча, “Устат-шакирт” мектебинин атайын Жобосу иштелип, ишти эффективдүү жүргүзүүдө төмөндөгүдөй багыттартандалып жана райондук билим берүү бөлүмүнөн жооптууларбекитилди:

  • табигый жана так предметтер багыты;
  • гуманитардык предметтер багыты;
  • технология жана башталгыч класстар багыты;
  • мектепке чейинки даярдык багыты.

Билим берүү тармагында үзүрлүү жана чыгармачылык менен иштеген педагигикалык кызматкерлер, предметтик мугалимдер, мыкты тарбиячылар жана билим берүү уюмдарын жетектегенмыкты жетекчилер тандалып, ар бир багыт боюнча 52 мыкты педагогикалык кызматкер “насаатчы” деп, 2 жылдык мөөнөткө бекитилди. Ошондой эле райондук деңгээлде “Устат-шакирт” мектебинин насаатчыларынын угуусу 2020-жылдын 3-мартында №2 А.Тураббаев атындагы орто мектебинин базасында жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлдү. Угууда,  “Устат-шакирт” мектебинин жылдык иш планы талкууланып, “Насаатчы” катары бекитилген администрация, предметтик мугалимдер, тарбиячылар усулдук жардам көрсөтүүнүн багыттарын тандоо менен тажрыйба алмашууну эффективдүү жана натыйжалуу аткарууну колго максатында кеңешмелер, тегерек стол, диспуддар, угуулар өткөрүүжагы эске алынды жана Жобо менен толук тааныштырылды.“Устат-шакирт” мектебинин насаатчылары жөнүндө маалыматтар, сүрөттөрү топтолуп, райондук билим берүү бөлүмүндө атайын бурч уюштурулду жана насаатчылыкты тастыктоочу сертификаттар даярдалып, салтанаттуу түрдө тапшырылды. “Устат-шакирт” мектебинин ишмердүүлүгү боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетине тиешелүү иш кагаздарын, маалыматтар топтомун жүргүзүүнү ишке ашыруу милдеттендирилди.

“Устат-шакирт” мектебинин насаатчыларынын ачык эшиктер күндөрү такталып, маалымат бердык мектептерге тааныштырылды жана ар бир билим берүү мекемелеринде атайын маалыматтык бурчтарды уюштуруу сунушталды.

“Устат-шакирт” мектебинин райондук деңгээлде уюштурулушу мугалимдердин ыраазычылыгын арттырды.

Мындан сырткары Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мектеп жетекчилеринин ишмердүүлүгүн көтөрүү максатында секциялык иштерде “Мектеп жетекчилеринин уюштуруучулук чеберчилигин жогорулатуу” деген темада талкуулар жүргүзүлдү. Ошондой эле райондук деңгээлде окуу-тарбия, материалдык-техкикалык базаны чыңдоодо, демөөрчүлөр жана долбоорлор менен иштөөдөмыкты жетишкендиктерге жетишкен мектептердин, мектепке чейинки билим берүү уюмдардын жетекчилеринин ишмердүүлүгүн жайылтуу максатында райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиялык отурумунда “Жетекчинин ишмердүүлүгү, ийгилигитин негизи ”темасында 5 минуталык угуулар өткөрүлүүдө. Мында, билим берүу тармагындагы директорлордун жетишкен ийгиликтери, алдыга коюлган пландары жана ага жетүү жолдору боюнча слайттар менен билдирүүлөрү берилип, талкууланууда. Бул болсо, мектеп менеджментин жогорулатууга өбөлгө түзөт деген ойдобуз.

Ошондой эле мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы окуу-тарбия иштерин жандандыруу, район боюнча мыкты, үлгүлүү мектептин ишмердүүлүгүн жайылтуу максатында “Таяныч мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары” буйруктун негизинде бекитилип, окуу жылы ичинде ар кандай усулдук, таанытуучу тренинг, тегерек стол, ачык эшиктер күндөрү уюштурулуп, өткөрүлдү жана эң жакшы жыйынтыктарга жетиштик.

Предметтер боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан предметтик сабактар боюнча билим сапаты, ЖРТга даярдоо, олимпиадалык жыйынтыктар боюнча анализденип, анын негизинде  химия, биология, география мугалимдери үчүн айыл аймактар боюнча усулдук жардамдар уюштурулуп,  ар бир мектепте химия предметинен “Лабораториялык шарты жок мектептерде лабороториялык-практикалык иштерди алып баруунун жолдору”,“ЖТРдөгү суроолор менен иштөө”, “Химия предмети боюнча олимпиадалык суроолордун эффективдүүлүгү” темаларынын алкагында мугалимдер үчүн “Бири-бирибизге усулдук жардам берели!” аталышындагы таанытуучу семинар-тренингдер, мектептерде “Химия жумалыктары” уюштурулуп өткөрүлдү.Биология предметинен “Биологияда лабараториялык-практикалык иштердин натыйжалуулугуна жетишүү”, “Биология ийримдеги негизги темалар”, “ЖРТга даярдоодогу мүмкүнчүлүктөр”, “Генетикада маселе иштөөнүн усулдары ” темаларында мугалимдер бири-бирине усулдук жардам берүү максатында “Ийгилик баарыбызда, бирдей болуу керек” ураанын астында аймактык усулдук семинарлар өткөрүлүүдү. Ушундай эле, усулдук жардам берүүгө багытталган райондук жана аймакттык семинарлар тарых, география предметтеринен, башталгыч класс мугалимдери үчүн уюштурулуп, мугалимдер үчүн жогорку деңгээлде усулдук жардам алуусуна шарт түзулдү. Жасалып жаткан иштердин жыйынтыгы менен химия, биология предметтери боюнча олимпиадаларда, ЖРТнын көрсөткүчтөрүндө көзгө көрүнөөрлук иштер бар.

“Билим берүүнүн башаты башталгыч класстарда калыптанат” ураанын негизинде, башталгыч класстардагы окуу-тарбия иштеринин абалы боюнча жалпы 45 мектепте окуучулардын окуу техникасы, кол жазмасы, билим сапаты боюнча анализденип, анын негизинде райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиялык отурумунда маселе каралып, башталгыч класстардагы оорчундуу маселелер талкууланды жана тиешелүү усулдук жардамдарды уюштуруу колго алынды. Ошондой эле, ар бир айыл аймак боюнча башталгыч класс мугалимдеринин тажрыйба алмашуу жана окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында аймактык семинарлар өткөрүлдү.

Билим сапатын жогорулатууда предметтик ийримдердин ролу чоң, ошондуктан предметтик ийримдердин мектептерде аткарылышынын абалы жөнүндө анализденип, анын негизинде кышкы сексиялык иште, “Предметтик ийримдердин ишинин эффективдүүгүн көтөрүү менен билим сапатын көтөрөлү” темасынын негизинде талкуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле август кеңешмесинде карата мугалимдерге усулдук жардам катары“Мугалимдин портфолиосу”, “Өз билимин өркүндөтүү”, “Өз ара сабакка катышуу”көргөзмөсү, “Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары- алга кадам менен”МТББУ ры, “МЧББУдарында 480 сааттык программа” көргөзмөсүн, “Жайлоо балдар бакчалары-2019” сүрөт көргөзмөлөрү2019-2020-окуу жылынын август кеңешмесинде уюштурган. Бул да болсо, усулдук жардам берүү болуп саналат.

Окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу, алардын логикалык ой жүгүртүүлөрүн өркүндөтүү жана мугалимдер, окуучулардын арасындагы достук мамилени чыңдоо максатында,  окуучуларынын арасында «Мыкты интеллект», “Эрудит”, “Билерман Ордо” конкуртары, “23-сентябрь- мамлекеттик тил күнүнө”, 21-февраль -Бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө”, “23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө” жана башка даталуу күндөргө карата практикалык жана илимий практикалык конференциялар райондук деңгээлде өткөрүлдү.

Мугалимдердин компьютердик сабатсыздыгын жоюу боюнча “Академия роста” билим берүү борбору менен биргеликте каникул мезгилинде 1 жумалык (72 сааттык ) курс уюштурулуп, жалпы район боюнча 191 мугалим компьютердик курстан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.“Мугалимдин МКТ компетенттүүлүүгүн өнүктүрүү: интерактивдүү досканын мүмкүнчүлүктөрү” деген темада Жалал-Абад шаарынын “Ментор” билим берүү борбору тарабынан семинар уюштурулуп, ага райондун борборундагы 5 мектептен 155 мугалим окушту жана учурда акылдуу доска менен эффективдүү иштешүүдө.

Иш аракетибиздин баары-билим берүү тармагын өнүктүрүү менен билим сапатын жогорулатуу, предметтик мугалимдердин педагогикалык чеберчиликтерин өркүндөтүү, “Устат-шакирт” жардамдардын эффективдүүлүгүн күчөтүү жана “мыкты-начар” көрсөткүчтөрүн жоюу максаттары коюлган.

Жасалган алгылыктуу жана натыйжалуу иштерибиз менен кызыккандарга тажрыйба бөлүшөбүз! Байланыш телефон: (0553551683)

 

ӨМҮРОВА Таалайгүл Абдырамановна,

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17