Аймак

Орозалы Карасартов, “Аймак” газетасынын башкы редактору: Ала-Букада КСДП партиясынын райондук жыйыны өтпөй калды же парламентаризмдин оң жана терс жактары

 1,537 Бардыгы /

Кыргызстандын саясатында кризис болуп жатканы менен экономикасында жылыш болуп ички дүң продукциянын өнүгүп жатканы байкалат. Бул албетте, жаман жагын биз журналисттер үстөккө-босток жазып жаткан парламентаризмдеги атаандаштыктын негизинде ачыктоо саясатынын жемиши. Демек, мамлекетибиздин макроэкономикасында жакшы жылыштар бар. Бирок саясатта да ак-карасын ылгоо башталды. Партиялар биригишип, ажырап тазалануу процесси жүрүп жатат. “Ата Журт” партиясын кандайдыр саясый максатта атайылап бөлүп жарса, “Республика” партиясы табигый жол менен бөлүнүп жарылды. “Ар намыс” партиясы парламентте гана иштеп, жер-жерлерде колдогон же анын саясатын жүргүзгөн тарапташтары жокко эсе. “Улуттар биримдиги” менен “Өнүгүү” партияларынын биригишин жана алардын буга чейин тапталып калган радикалдуулуктан качып, бирок өз максаттарынан тайбай иш алып бара жатышын коомчулукту колдоого алып жатат. Мындан сырткары “Бир бол”, “Эмгек” партиялары түптөлүп элдин арасына кирип, тамырын жайып жатат. Биз билгенден “Бир бол” партиясы да радикалдык саясат жүргүзүүдөн оолак болуп, сабырдуулук, акыл-эстүүлүк менен иш алып барууну чечишкен. Мамлекеттик машинанын “парасына” жөн эле өздөрүн салып берүү туура эмес деп эсептейт.
Оппозициялык көз караштагы саясатчылар “партияларына” батпай Бириккен Улуттук оппозициялык кыймылын түзүштү. Анын катарын карап көрсөң “Ата Мекенди” чанып кеткен Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков, “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров, Кыргызстан Элдик демократиялык партиясынын лидери Артур Медетбеков, “Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын” уюштуруучулары Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, Кубатбек Кожоналиев, “Улуттар биримдиги” партиясынын лидерлери Мелис Мырзакматов, Кубан Мамбеталиев, Бейшен Болотбеков, Уран Ботобековдор, “Ата Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Данияр Жаныкулов, Нурлан Шакиев, “Эл үнү” кыймылынан Мамбетжунус Абылов, “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов, “Эркин эл” партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков, “Адилет” клиникасынын директору, укук коргоочу Чолпон Жакупова жана башкалар бар. Кырдаалга карата булардын арасында да “ажырашуу” жана “жарашуулар” болуп турат. Бирок элдин да көзү ачылып, “чү” деген жерден эле колдоп кете бербеси айкын болуп калды. Анткени, бул кыймыл жарала элек жатып эле карама-каршы пикирлер пайда болду.
Саясатчылардын Кумтөр алтын кенинин тегерегиндеги соодалашуусу бүгүн эле эмес, Н.Исановдун башын жегенде эле башталган. Жакын арада бүтпөйт. Булардын шоулары Коммунисттик партиясына мүчө кылып кабыл алган корбашынын окуясын элестетет.
Дагы бир кызык жагдай жергиликтүү тургундардын пикирине караганда Президент Атамбаев башында турган КСДП партиясына болгон ишеним да азайып бара жатат. Мунун бир далили жакында Ала-Бука районунда КСДП партиясынын райондук конференциясын өткөрө албай калышкан. Себеби, активисттери калбай калыптыр. Бул да башкарууда манчыркап отурган КСДПчыларды ойлондурууга тийиш. Дагы жакшы, парламентаризмдин натыйжасынан азыр административдик ресурс мурдагыдай иштей албай калды. Ал эми бул райондо “Ата Мекенден” А.Досалиев жана “Бир бол” партиясынан И.Пирматов, А.Турсунбаевдин таасири өтө күчтүү экенин айтышууда.
Партиялардын папке бөлүштүрүү саясаты элди иренжитип, азыр саясатчыга караганда чарбакер адамга артыкчылык берип жатканын Ош шаарынын мэри М.Мырзакматовдун тажрыйбасы далилдеп койду. Эми М.Мырзакматовдун чоң саясаттагы жолун эл кайрадан аңдап, баалайт болуш керек.
“Өлбөгөн жанга жаз келет” дегендей жазды ар ким ар кандай жоруп, саясий кризистен чыгуунун жолдорун издеп күтүп жатышат. Башкаларды билбеймин, мен “революциядан” чарчадым. Парламенттеги айыгышкан тирешүүлөр, карама-каршылыктар. Өкмөттү, Президентти сындоо менен туура жолго салуу аракети жүрүп турсун, бирок Украинанын майданынын жакшы деле натыйжасын көргөн жокмун, ошондуктан аларга таасирленүү бери болгондо бир жактуу болуп калабы деп ойлоймун. Анын үстүнө алардын бюджетин толтуруп, экономикасын көтөрө турган табигый ресурстур жогору. Ал эми биздин талаш тартыштар Парламентте, Өкмөттө, коомчулукта мамлекетке зыян эмес, пайда алып келе турган талаш болуш керек.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17