Аймак

МЕКТЕПТЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛБАЙТ, АГА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЭМНЕ ДЕЙТ?

МЕКТЕПТЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛБАЙТ, АГА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЭМНЕ ДЕЙТ?

 3,156 Бардыгы /

Өлкөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу мектеп окуучулары IV чейректи үйдөн окууга аргасыз болушту. Ошол эле учурда быйыл бүтүрүүчүлөр салтка айланган акыркы коңгуроосун мектептен какпай калышты. Ал 30-майда онлайн форматта өтмөкчү. Быйыл облуста 19 миңден ашуун окуучу 9-классты, 9669 окуучу 11-классты аяктап, мектеп менен коштошот. 11 жыл бирге окуп, таалим алган билим уясы менен коштошуу учуру буюрбаган бүтүрүүчүлөр буга эмне дейт? Пандемияга болгон алардын көз карашы кандай? Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мектеп бүтүрүүчүлөрү акыркы коңгуроо аземин мектепте өткөрүүгө уруксат беришин талап кылган ар кандай материалдар тараган.


Курманбек ТАШБАЕВ, бүтүрүүчү:
“КЕЧ БОЛСО ДА УРУКСАТ БЕРИП КАЛАР ДЕП КҮТҮҮДӨБҮЗ”

-Мен Сузак районуна караштуу Жийде айылындагы №7 Ж.Турусбеков орто мектебин аяктап жатам. Баарыбызга маалым, пандемияга байланыштуу IV чейректи онлайн окудук. Албетте кыйынчылыктар жаралды. 25-май коштошуу кечеси, биз үчүн жанды кейитип турган учур. Анткени 11 жыл окуп, коштошуусуз бүтүп баратканыбыз көңүлсүз болуп жатат. Биз бүтүрүү кечесин өтүшүн талап кылат болчук. Анткени учурда бардык эле тармак иштеп, эл мурункудай эркин кыймылдап калбадыбы. Ага ылайык биздин бүтүрүү кечебиз жок эле дегенде 50-60 адамдын коштоосунда өтмөк. Ансыз да коомдук жерлерде миңдеген адамдар жүрүшөт го. Негизи буга чейин өлкө боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрү социалдык тармактарда атайын хештегдер аркылуу президентке чейин кайрылуу жасашкан. Алардын катарында биз да суранганбиз. Тилекке каршы бүгүнкү күндө жыйынтык жок. Убакыт көрсөтөт, балким вирус толугу менен жоюлса, кеч болсо да уруксат берип калар деп күтүүдөбүз. Ар жылы түштүк аймагы боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүн борбордогу окуу жайларды тааныштырганга алып барышчу. Быйыл андай мүмкүнчүлүк болбой кесип тандоо, кайсы окуу жайга тапшырууга багыт жок болуп жатат.

Даниил БУЛДУРОВ, бүтүрүүчү: “БОЛБОЙ КАЛГАНЫ ДА БАЛКИМ ЖАКШЫЛЫККА”

-Негизинен алып караганда онлайн окуу көпчүлүк окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынбады. Аралыктан окууда негизги кыйынчылык бири бул окуучулардын да, өлкөбүздүн да окутуу механизминин даяр эместиги болду, т.а. окуучулар менен мектептин ортосундагы аралыктан окутуу көпүрөсүнүн начардыгы. Бирок азыр дээрлик кыйынчылыктар деле азайып, окуучуларыбыз көнүп деле калышты, анткени окутуу борборлору тарабынан бир топ мобилдик тиркемелер иштелип, аралыктан окутууну кыйла жеңилдетти. 

Биз Базар-Коргон районунун №9 Ж.Асанов атындагы орто мектебинде аяктап жатабыз. Акыркы коңгуроо аземинин болбой калуусу окуучуларга, айрыкча биздей бүтүрүүчүлөргө аябагандай эле өкүнүчтүү. 11-классты бүтүп жаткандагы элесибиздин өтпөй калышы жалпы классташтарым үчүн да өкүнүчтүү болуп турган кез. Эми эмне дейбиз, кырдаалга карап иш тутат экенбиз. Кудайым бир жамандык берсе, артынан эки жакшылык берет дейт, бул да болсо жакшылыкка. Кырдаалга карап иш кылбасак акыры жакшылыкка алып барбастыгы анык. Биринчи байлык – ден соолук дегендей, баарынан да элдин ден соолугу маанилүү. Бул кырдаалды туура кабыл алып, сабыр кылуусун сурайт элем. Жалпы бүтүрүүчүлөр, сиздерге ийгилик, эң негизгиси жашоодо сынбагыла!

Замир АБДЫКАЙИМОВ, бүтүрүүчү: “БУЛ КҮНДҮ ЧЫДАМСЫЗДЫК МЕНЕН КҮТҮП КЕЛГЕНБИЗ”

-Өлкөдөгү эпидемиялогиялык кырдаалга байланыштуу акыркы чейректи үйдөн окудук. Башында көнө албай жатканбыз, бара-бара ага да көндүк. Сабактардан тышкары ЖРТга да онлайн даярдануудабыз. Менин жеке көз карашым боюнча окуунун мындай түрү окуучуларга эч кандай ыңгайсыздык жараткан жок. Өкүнүчтүүсү мектепке барып окуу, мугалим менен түзмө-түз баарлашуу, жашообуздун бактылуу көз ирмемдерин классташтардын, эжекелердин курчоосунда өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүбүздөн айрылып калдык. Бирок буга эч ким күнөөлүү эмес, болгону өлкөдөгү эпидемиялогиялык абал ушуга алып барды.

Учурда ар бир бүтүрүүчү келечектеги кесибибизди тандоо менен убара тартып жүрөбүз. Өкүнүчтүүсү, салтка айланган акыркы коңгуроо салтанатын биз быйыл башкача, тагыраагы үйдөн онлайн форматта өткөрөбүз. Бир чети каршы болсок, бир чети азыркы кырдаалга баш ийип турган чагыбыз. Башында кантип ушундай болмок эле деп таң калып жаттык, бирок тилекке каршы ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет болду. Бул салтанатты онлайн форматта өткөрүүгө миңдеген бүтүрүүчүлөр сыяктуу эле мен жана менин Токтогул районуна караштуу №31 К.Чодошев атындагы орто мектебиндеги классташтарым да каршы. Анткени баарысы ушул убакка чейин бул күндү чыдамсыздык менен күтүп келишкен. Алыс барбай өзүмдүн классташтарымды мисал кылсам, биз окуу жылы башталгандан тарта акыркы коңгуроо жөнүндө көп сүйлөшөр элек. Көптөгөн пландарыбыз бар болчу. Онлайн форматта өткөрүлүшү менин классташтарымды жана бардык бүтүрүүчүлөрдү катуу таасирлентти. Ал тургай ачыктан-ачык өлкө башчыбызга бул салтанатты онлайн эмес, мектепте өткөрүү талаптарын коёбуз деген бүтүрүүчүлөрдүн чакырыктары соцтармактарда  кызуу талкууларды жаратууда.

Бирок канчалык каршы болгонубуз менен бул салтанатты онлайн өткөрүүгө аргасызбыз. Анткени өлкөдөгү эпидемиялогиялык абал толук жоюла элек. Андыктан биз бүтүрүүчүлөр дүйнө жүзүндө болуп жаткан абалды туура түшүнүү менен бардык талаптарды так аткаруу милдетибиз экенин унутпайлы. Өзүмдүн атымдан жалпы бүтүрүүчүлөргө кең келечек, жаркын маанай, чың ден соолук, көптөгөн жетишкендиктерди каалайм!

ПАНДЕМИЯ МУГАЛИМДЕРГЕ КАНДАЙ ТААСИР ЭТТИ?

Буга чейин маалым болгондой акыркы чейрек онлайн форматта үйдөн окутулду. Аралыктан окутууда мугалимдердин кандай кыйынчылыктарга дуушар болгону айтпаса да белгилүү. Дистанттык билим берүүдө мугалимдер негизинен көптөгөн программаларды үйрөнгөндөрүн, өз билимдерин өркүндөтө алгандарын айтышты. ТВдан берилген ар бир сабак 20 мүнөткө чейин болуп, анда жаңы тема жана эң негизги деп эсептелген минимум гана материалдар берилет. Теманын мазмунун бышыктап, аны кеңири түшүндүрүү жана тапшырма берүү мугалимге жүктөлгөн. Мугалимдер аны окуучулар менен Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp тиркемелери аркылуу байланышканда ишке ашырышууда.

Келсинай ЭШЕНКУЛОВА, Жалал-Абад шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын мугалими:

Онлайн окутууга негизи даяр эмес болчук. Бирок ошондой болсо да аракет кылып, ар кандай тиркемелерди үйрөндүк. Мугалимдер үчүн изденүүлөр көп болду. Балдарга кызыктуу болуш үчүн жаңы технологияларды колдонуп көрүүгө аракет кылдык. Видео тартып, аны монтаждоону үйрөндүк. Учурда Zoom программасын көпчүлүк мугалимдер өздөштүрүп калгандыктан биз да ар кандай сайттарга кирип аудиосабактарды, видеосабактарды жасай баштадык. Кыйынчылык туудурган нерсе биринчиден, окуучулар менен иштөөдө жакындан кемчиликтерин көрсөтүп бере албадык.

Окуучулардын айрымдары жада калса мугалимдер да техникалык жактан толук жабдылган эмес болчу. Анан калса, ошол тиркемелер тууралуу да билим аз эле. Мага да жашы өтүп калган мугалимдер келип үйрөнүп жатты. Заман талабы ушундай экен да, баарын үйрөттү. Батирден батирге көчүп жашаган үй-бүлөлөрдө да кыйынчылыктар жаралып, административдик жак алардын да маселелерин чечкенин айтышты. Мен сабак берген 5-7-класстын бардык эле окуучулары сабакка катышып жатышты. Үйдө олтуруп, окуучуларды көркөм окууга да даярдадык. Арасынан мыктыларынын көркөм окуган видеосун мэриянын баракчаларына киргизишиптир.

АТА-ЭНЕЛЕР МУГАЛИМДЕРГЕ ЫРААЗЫ…

Дистанттык окутууда жоопкерчилик ата-энелерге да түшкөндүктөн алар соцтармактарда мугалимдердин мээнетин баалаган ар кандай постторду жарыялай башташкан. Ага ылайык төмөндө биз интервью алган тургун да мугалимдерге ыраазычылыгын билдирди.

Айжаркын ТЕМИРОВА, Сузак районунун тургуну:

-Эки айдан бери үйдө олтуруп, мугалим эле болуп калдык окшойт. Балдарыбыз менен кошо сабак окуйбуз, тапшырмаларын даярдаганга жардам беребиз. Телефондорубуз да булардан ашпай калды. Анткени WhatsApp тиркемесинде үч баламдын тең группасы бар. Алар WhatsApp аркылуу тапшырмаларын жөнөтүп классташтары, мугалимдери менен байланышып жатат. Негизи ошончо баланы карап, талыкпай билим берип келген мугалимдерге биз ата-энелер ыракмат айттык. Бул пандемия бизге мугалимдердин баркы канчалык бийик экендигин билдирди. Көп учурда иш менен болуп, балдарыбыздын билимине, тарбиясына көңүл бурбай да калган экенбиз. Азыр балдарымдын ар бир сабагына дыкат көңүл буруп, мугалим тарабынан берилген тапшырмасын аткартып жатам.

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17