Аймак

ӨМҮР САКЧЫЛАРЫ – ДЕН СООЛУК ҮЧҮН ЭМГЕКТЕНЕТ

ӨМҮР САКЧЫЛАРЫ – ДЕН СООЛУК ҮЧҮН ЭМГЕКТЕНЕТ

 3,741 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жыл өзгөчө карантиндик абалы менен эсте калмай болду. 47 күндүк карантин убагында калктын көпчүлүгү үйдө болгон убакта медицина кызматкерлери күжүрмөн кызматта болушту. Адамдын жанын сактап калуу жана аны айыктыруу үчүн чарчоону сезбей, өз жанын тобокелге салып, үй-бүлөсүн да көрбөстөн иштеп, тикеден тик турушту. Төмөндө дал ушул медицина кызматкерлеринин пандемияга каршы күрөшүүдөгү аракеттери боюнча сөз кылабыз.

Медербек САТЫБАЛДИЕВ, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери:  

“ООРУНУН СИМПТОМДУК БЕЛГИЛЕРИНЕ ЫЛАЙЫК ДАРЫЛАДЫК”

– Мен жугуштуу оорулар бөлүмүндө, мындайча айтканда “күйүп” жаткан учурда иштедим десем болот. 14 күн ичинде ооруган бейтаптарды айыктырып, биринчи болуп ооруканадан чыгарганга үлгүрдүк.  Тынымсыз күнү-түнү иштеп, бейтаптарды кабыл алып, дарылоо системаларын жазып жаттык. Ар кимде илдет ар кандай өттү, негизи оору башталгандан 7-8 күндөн кийин бейтаптын абалы оорлошуп кетет.  

Бейтап бөлүмгө түшкөн соң түздөн-түз алар менен иштедик. Кыйынчылыктар болбоду деп айтуудан алысмын. Себеби илдет биринчи жолу катталгандыгы кыйынчылык жаратты. Анткени бул ооруну кантип дарылоо тууралуу медициналык протоколдор да жок эле. Колдон келгенче оорунун симптомдук белгилерине ылайык дарыладык. Мисалы, аба жетишпесе жасалма деп алдыруучу аппараттарды коюп, температура болсо ага каршы дары бердик. Бейтап негизи илдеттен эмес, анын негизинде күчөп кеткен оорулардан улам ооруйт.

Ал эми коргоочу кийим жана дары-дармектер жетиштүү болду. Себеби оору алгач биздин областта катталгандыктан бардыгын жетиштүү деңгээлде жеткирип бергенге аракет кылышты. Мамлекет же мекеме-ишканалар колдоо көрсөтүп, колдон келген жардамын берип жаткандан кийин дарылоо системасы дарыгердин милдети астында калат. Ооруга каршы туруу оорбу-жеңилби, коркунучтуубу же коопсузбу бул дарыгердин милдети. Саламатыкты сактоо мекемелери аркылуу бизге оорулуулар анализи такталып келип жаткандыгы ишти бир топ жеңилдетти. Ушул нерсе медицина кызматкерлери арасында илдет тарап кетүүсүнө бөгөт койду.

Дарыгерлер ар түрдүү жагдайга дайым даяр болушу керек. Биз жугуштуу оорулар бөлүмүн тандагандан кийин мен дагы, кесиптештерим да бул оорунун ар түрдүү жагдайы болбосун даяр болчу. 14 күн иштеп, андан кийин анализ тапшырып, таза болсо обсервацияга чыгасын. Бирок өзүнчө кыжаалат болот экенсиң. Анализ тапшырып, жыйынтыгы чыккыча да менден чыгып калбайбы экен деп өзүңдөн өзүң коркосуң. Муну мен башканын эмес, өзүмдүн башымдан өткөрдүм. Психологиялык жактан адамдын даяр болуусу өзүнөн көз каранды, өзүң даяр болбой эле бирөөнү дарылайм дегениң бул бекер сөз.

Үй-бүлөм да кыжаалат болуп, ата-энем да тез-тез чалып турушту. Айлык кошумча акы менен кошо 46 000 сомдон берилди. Оору менен чогуу иштеген мезгилдеги күндөргө 2 300сом,  ал эми обсервацияда жаткан күндөргө 900 сомдон төлөндү.

Кумарбек БОТОКАРАЕВ, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жетекчиси:

“УШУЛ КҮНГӨ ЧЕЙИН 87 БЕЙТАПТЫ ДАРЫЛАДЫК”

-Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасына үстүбүздөгү жылдын 16-мартында биринчи коронавируска чалдыккан 3 бейтап келип түшкөн. Алар түшкөн күнү эле даярдалып жаткан медициналык топ (врач инфекционисттер, врач реаниматологдор, орто жана кичи медайымдар) жугуштуу оорулуулар бөлүмүнө кирген. Андан кийин 18-марттан баштап оорулуулардын саны кескин түрдө көбөйгөндүгүнө байланыштуу биз башка кызматкерлерди да киргиздик. Жалпы 20дай медицина кызматкерлери коронавирус илдетине кабылган бейтаптарга жардам көрсөтүү кызматын аткарышты. Алар 14 күн иштеп чыккандан кийин обсервацияда болушту. Эки жолу ПЦР анализ тапшырган соң үйлөрүнө чыгарылды.

Күмөндүү болуп чыккандар же ооругандар менен бир үйдө жашагандар, жуктуруп алгандар болуп ушул күнгө чейин 87 бейтапты дарыладык. Алардын ичинен 4 адам өтө оор абалда реанимацияга түшүп чыкты. Бирок жакшы дарылоодон улам бардык бейтаптар аман-эсен үйлөрүнө чыгарылды. Азыркы күндө 5 оорулуу жатат, аларды 1 дарыгер, 2 медайым, 2 кенже медкызматкер дарылоодо.

Ар 14 күндө бир медициналык топ жугуштуу оорулуулар бөлүмүнө кирип турат. Чыккандан кийин анализ тапшырып, обсервацияга кирет 14 күндөн кийин кайрадан текшерилет. Анализи жакшы чыкса үйүнө коё беребиз, бир аз дем алып кайра жумушка чыга беришет. Азыркы күндө 5-топ ал жактан чыгып, 18 медкызматкер  обсервацияда жатат.

Нурдин ЭРМАТОВ,  Областтык саламаттыкты сактоо координатору:

“ОН СЕГИЗ МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРИ ИЛДЕТТИ ЖУКТУРУП АЛГАН”

-Бүгүнкү күндө обсервацияда 76 адам жатат, ал эми 2645 жаран үйүндө көзөмөлдө тургандар болууда. Бул цифра өзгөрүп турат, себеби кээ бирлери обсервациядан чыгарылса, башкалары кирет. Ал эми обсервацияга жалпы1005 орун, госпитализацияга 389 орун дайындалган. Область боюнча азыр 10 498 жаран үй карантининде, буга чейин үй карантининен 22 708 адам чыгарылды. Аларды саламаттыкты сактоо кызматкерлери барып текшерип, 14 күн бою дене табын айтып турууларын эскертип жатышты. Жалал-Абад областы боюнча 154 адамдан илдет аныкталып, дарыланып чыкты. Ал эми медицина кызматкерлеринин арасынан 18и жуктуруп айыгышты. Алар Сузак, Аксы жана Ала-Букадан чыгып, каза тапкандар болгон жок. Министрликтин тапшырмасы боюнча жер-жерлерде комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамында дарыгерлер жана мамлекеттик экотехинспекциянын эмгек бөлүмүнүн өкүлдөрү болушту. Алар иш учурунда илдетке чалдыккан дарыгерлердин вирусту жуктурганын тактап, алынган маалыматтарды министрликке жөнөтүшөт. Ал боюнча министрлик баарын чогултуп карап, иш учурунда жуктуруп алган болсо, дарыгерге мамлекет 200 миң каражатын төлөп берет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бизге инфекционисттер жана реаниматологдор келген. Биринчи тобу Сузак районуна, экинчи тобу Ала-Бука районуна келишкен. Үчүнчү топ Чаткал районундагы абалга байланыштуу ошол жакта. Ал жакта медицина кызматкерлери жетишпегендигинен Жалал-Абад үй-бүлөлүк медицина борборунан үч кызматкерди жана областтык клиникада жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштеп чыккан бир топту жөнөттүк. Ал эми учурда Чаткалда 14 адам дарыланып жатат, 24ү ооруканадан чыкты. Азыр ал жакта 34 адам жатыптыр деп айтылууда, бирок кээ бир бейтаптарды карап жаткандар болууда. Кичинекей балдарды апасы же атасы карап жатат. Алар оорулууларга аралашып калды деп анализди алып, текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Акыркы эки-үч күндөн бери эч кимден оору аныкталган жок.

Жалал-Абад курортунан 4 корпусту медицина кызматкерлерине обсервацияга чыгуучу жай кылып беришкен. Жугуштуу оорулар бөлүмүндө 14 күн жүргөндөн кийин алар да обсервацияга курортко барышат, ал эми алардын тамак-ашын МЧС камсыздап турууда.

Транспорт маселеси боюнча өкмөттүн облустагы өкүлү тарабынан областтык жана шаардык штабга тапшырма берилген. Анын негизинде медицина кызматкерлери транспорт жана бензин менен камсыздандырылды.

Кадийча ПРАТОВА,  Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары:

“ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕРЛЕР ТОПТОРУ МИЛДЕТТЕРИН ТОЛУК  АТКАРЫШТЫ”

-Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борбору облус боюнча бардык күнүмдүк маалыматты чогултуп, министрликке жана өкмөткө, облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнө берип турдук. Область боюнча жүздөн ашык мобилдик топ түзүлгөн, азыркы учурда оорунун азайгандыгына байланыштуу 37си иштеп жатат. Башка мамлекеттерден келип жаткан жарандардын тизмеси бизге түшөт. Алардын райондорун аныктап, тез чара көрүп, мобилдик топ бейтапты жана үй шартын дагы текшеришет. Эгер үй шартында өзүнчө жатууга, башкалар менен аралашпоого мүмкүнчүлүк болсо, анда үй карантине калтырылат, болбосо обсервацияга киргизилет. Карантин башталгандан эле областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги штабга барып мөөнөткө турду. Ал эми өзүбүздүн мекемеде болсо саат 8:00дон 22:00го чейин иштедик. Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору дагы саламаттыкты сактоо координаторунун буйругу менен район-шаарларга жиберилди. Өзгөчө абалга байланыштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору эрте мененки 8:00дон түнкү 00:00го чейин мөөнөткө турушкан. Жалпысынан кызматкерлер өз функционалдык милдеттерин толугу менен аткарышты. 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак” 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17