Аймак

Эрлист АКУНБЕКОВ, ишкер : «БАЙ-ДЫЙКАН» ДЫЙКАНДАРДЫ БАЙЫТУУНУ МАКСАТТАЙТ»

Эрлист АКУНБЕКОВ, ишкер :  «БАЙ-ДЫЙКАН» ДЫЙКАНДАРДЫ БАЙЫТУУНУ МАКСАТТАЙТ»

 2,778 Бардыгы /

«Бай-Дыйкан” айыл чарбаны колдоо борбору элеттеги дыйкандар менен тыгыз иш алып барууда. Талаада тер төгүп, эгин эккен мээнеткеч дыйкандардын талаа түйшүгүн азайтуу, кеткен чыгымын минималдаштырып тапкан кирешесин максималдуу жогорулатуу биздин негизги милдет. Дыйкан бай жашаса, адал оокат жейт жана балдарын билимдүү кылып тарбиялайт.

Саламатсызбы Эрлист мырза, негизи Бай-Дыйканкандай максатта ачылган?

– Саламатчылык. Кыргызстан түздөн түз базар экономикасына байланган мамлекет деп эсептейм. Андан кийинки орундарды алтын кендерибиз, кичи жана ири өндүрүш ишканаларыбыз толуктайт десем жаңылышпайм. Ал эми элибиздин басымдуу бөлүгүнүн жашоо тиричилиги түздөн түз айыл чарба тармагына байланган. Ошондуктан биз «Бай-Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борбору деп ачууну туура көрдүк. Биздин фирмада дыйкандар үчүн бир топ жеңилдиктер каралган. Банк аркылуу үстөк пайызы жок (ислам принциптеринин негизинде) жер семирткич берүү, экологиялык таза химиялык заттар, сапаттуу үрөндөр сатылууда. Дыйкандарга эң керектүү нерсе бул сапаттуу үрөн жана арзан баадагы жер семирткичтер. 

«Бай-Дыйкан» айыл чарба тармагына кандай өзгөчөлүктөрдү киргизе алат? Дыйкандарга жардам берүүчү кандай системаларды иштеп чыгасыз?

-«Бай-Дыйкан» дыйкандар үчүн бир топ заманбап техникаларды чет өлкөдөн алып келди. Бүгүнкү күндө ал техникаларыбыз талааларда дыйкандарга зор кызмат кылып жатат. Бизде агролаборатория бар. Биз аны менен дыйкандын жеринин кубатын текшерип беребиз.1 кг топуракты бизге алып келсе, адистер топуракты лабораториядан өткөрүп жердин кубаттуулугун чыгарып кагазга түшүрүп берет. Бул жол менен дыйкандар жерлерине кандай эгин эгүү керектигин алдын ала биле алышат. Айырмасы жок. Сугат жерби же кайракыбы. Дыйкандар эң оболу жеринин кубаттуулугун текшерип алуусу абзел. Ошого карап жер семирткич, урук сатып алат. Ансыз жылдагыдай эле ашыкча чыгым, ашыкча түйшүккө учурайт десек да туура болот.

Андан сырткары агродрон бар. Бул техника аба аркылуу дары чачып, бир гектар жерге 7-8 мүнөттө дарылоого жетишет. 1 гектарына кызма такы 1200 сом алынат. Бул сумма дыйкандардын капчыгына өтө ыңгайлуу. Дарысын өздөрү сатып алышат. Негизи ДРОН менен талаа иштерин жайгаруу коңшулаш өлкөлөрдө ишке аша элек. Алгачкылардан болуп биздин дыйкандар үчүн бул заманбап техника иштеп жатат.

Айыл чарба тармагына суудай керек болуп жаткан «Мотодельтоплан» учкучун да “Бай-Дыйканга” алып келгенбиз. Азыр бизде жайыттарда жапайы чөптөр, токой чарбабыздагы курттарды дарылоо жолдору өтө солгун жүрүп жатат. Бул көйгөйдү азыртан чечпесек, алдыда жашыл токойлорубуз да, жайлоо жайыттарыбыз да куурап калышы толук ыктымал. Мотодельтоплан дал ушул жайларга дары себүү үчүн алынган. Албетте талаадагы эгиндерге да дары сепсе болот. Болгону жер аянттын тегиздиги жана эгин эгилген аянттын көлөмү чоң болушу зарыл. Мен ойлойм, алдыңкы жылдары дыйкандар бул техниканын пайдалуулугун билип, айдоо жерлердин көлөмүн көбөйтөт.

Азыркы тапта биздин дыйкандардын абалы кандай? Дыйкан бир жылдык кирешеси менен бутка тура алабы?

– Албетте жок деп айтаар элем. Анткени дыйканды сыздаткан бир эле маселеге токтолоюн: дыйкан эрте жаздан баштап кеч күзгө чейин бешене тери менен эгин эгип, аны жаш баладай калкалап, кээ бири ак акчасына, кээ бири кредит алып эгин эгет. Бирок түшүм бышып аны сатаарда эң чоң көйгөй башталат. Продукциясын башка мамлекетке экспорттоо мында турсун, өзүбүздүн жергиликтүү базарларда сатуу кыйын болуп калат. Кымбатыраак сатайын десе, ал өндүргөн эгиндин түрлөрүн ишкерлер коңшу Өзбекстан, Тажикстандан алып чыгып базарды толтуруп салат. Өзүбүздүн дыйкандар болсо кимге сатаарын билбей баштары маң болуп отуруп калышат. Акыры талаадан тапкан түшүмдөрү ирип-чирип эч кимге кереги жок болуп калганда болбогон акчага сатышат. Ошентип жыйынтыгында дыйкандын чыгымы акталгандын ордуна тескерисинче карызга батып калат. Айласыз чет өлкөлөргө мигрант болуп иштеп кетет. Мына биздин дыйкандардын эң чоң көйгөйү ушул! Эгерде биз ушул маселени чечсек, дыйкандын тапкан акчасы көбөйүп, бай дыйкандардын катарын толуктап калмак. Мен ойлойм, Жараткан жалгап алдыңкы жылдары бул маселеги чекит коёбуз.

Негизи чоң бизнесте жүргөн ишкерлер дыйканчылыкка эмес башка тармакка убакытын акча каражат жумшап баюуну көздөшөт. Сиз эмне үчүн дыйкандар менен иштешүүнү тандагансыз?

-Туура суроо. Эгерде дыйкан мол киреше тапса, үйдө балдары жакшы тамак жейт. Кийимдин жакшысын киет. Эң негизгиси дыйкан балдарын чоң окуу жайларга окутат. Балдары сабаттуу чоңоёт. Билимдүү бала эч качан жерде калбайт. Эртели кеч мамлекет үчүн жакшы бир кызмат кылып калат. Жок эле дегенде үй-бүлөсүн адал жол менен бакканы даремети жетет. А эгерде дыйкан кедей болсо, жүргөнү жупуну болот, балдарың чоң окуу жайларга окута албайт. Андан көрө мени менен чогуу жүр деп баласын дагы кара күчкө салып талаада иштетүүгө мажбур болот. Болбой баратса күчкө төлгөн баласын чет өлкөгө мигрант кылып жөнөтөт. Мына, биз ушундан уттуруп атабыз. Эгерде дыйканга биз жардам берсек билимдүү, акыл-эстүү балдар жетилет. Билимдүү, акыл-эси тунук, дүйнө таанымы кенен жигиттерге Кыргызстан бүгүнкү күндө муктаж!

Рахмат. Дыйкандарга, жалпы эле окурмандарга кандай кайрылууңуз бар?

-Ата-бабаларыбыз бекеринен айткан эмес, «Эл эмгегин жер жебейт» деп, анысыңарындай келгиле дыйкандар, элетте жашаган мекендештер, мээнет кылуудан талыкпайлы. Баш көтөрбөй талаада ысыктын күнүндө тер төгүп иштеген убактыңар текке кетпеши үчүн мен болгон аракетимди жумшаймын. Алдыда дыйкандар үчүн эл аралык чоң проекттер ишке ашат. Алардын баары дыйкандардын түйшүгүн жеңилдетип, тапкан кирешесин эселеп көбөйтөт. “Бай-Дыйкан” айыл чарбаны колдоо борбору Кыргызстандын 41 аймагына ачылат. Ар бир точкада тажрыйбалуу агроном, химиктер дыйкандарга акысыз туура кеңеш беришет. Андыктан “Бай-Дыйкан” дыйкандардын ишеничин актоого болгон аракетин токтотпой уланта бермекчи. Рахмат.

Даярдаган: Дамирбек КУБАНЫЧБЕКОВ, Жалал-Абад шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17