Аймак

КЫРГЫЗСТАН КОРОНАВИРУСТАН КАЗА БОЛГОН ЖАРАНДАРЫНА АЗА КҮТҮҮДӨ

КЫРГЫЗСТАН КОРОНАВИРУСТАН КАЗА БОЛГОН ЖАРАНДАРЫНА АЗА КҮТҮҮДӨ

 999 Бардыгы /

Бүгүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы өттү.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, маркумдарга багышталып куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, муфтий Максат Токтомушев жана парламент, өкмөт, сот, аскер жетекчилиги катышты.

Аза күтүү иш-чаралары бүгүн аймактарда да өтүп жатат. Чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туу түшүрүлгөн. Өлкө ичиндеги маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталган.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айынын этегинде башталган. Ошондон бери, расмий эсеп боюнча, бул илдет 35 миңге жакын адамга жукту, алардын 1,5 миңге жакыны каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикасына адатта ооруканага жаткырылгандар гана кирет.

Оорукана жетишсиз болгондуктан үйүнөн өз алдынча дарылангандар да бар экенин, алардын айрымдары дарыгерге жетпей каза болуп жатканын «Азаттыкка» ыктыярчылар жана бейтаптардын жакындары айтып беришкен.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17