Аймак

Зияда АСАНОВА, “ЧЕТТЕ ЖҮРСӨҢ, МЕКЕНГЕ БОЛГОН АРЗУУҢ КҮЧӨЙТ”

Зияда АСАНОВА, “ЧЕТТЕ ЖҮРСӨҢ, МЕКЕНГЕ БОЛГОН АРЗУУҢ КҮЧӨЙТ”

 4,170 Бардыгы /

Редакциябыз чет өлкөдө билим алып жүргөн жалал-абаддык мекендештерибизден маек алып, аны гезит бетине байма-бай жарыялап келет. Бул жолу үч мамлекетте окуп, учурда Австралияда бир компанияда эмгектенген мекендешибиз тууралуу маекти назарыңыздарга сунуштайбыз.

Блиц-инфо

Аты-жөнү: Асанова Зияда Исамидиновна

Туулган күнү: 1999-жыл 5-январь

Туулган жери: Ноокен району, Шайдан айылы

Окуган университети, адистиги: S P Jain School of Global Management, Бизнес башкаруу бакалавры (4-курс учурда окуп жатат)

Жактырган тамагы: самсы, дымдама, борщь

Билген тилдери: кыргыз, орус, түрк, англис

Жактырган түсү: көк асман, ак

Көп колдонгон сөзү: буйруса

БАЛАЛЫГЫМ…

– Атам Исамидин Асанов – пенсионер, мурун почтада эмгектенген, апам Карамат Асанова – үй кожойкеси. Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз, мен эң кичүүсүмүн. Балагыгымда көп кызыктуу күндөр өткөн. Апамдын биринчи жолу Россияга кетип эки жылдан кийин келгени эсимде. Ошондо келер күнүн санап, күнү-түнү уктабай күткөн элек. Мектепке барчу убагым келип 2005-жылы 1- класска Абдыразак Сатаров (мурунку аты Жаңы Турмуш №4 мектеп) атындагы мектепке баргам. Ал жерде 6-классты бүтүрүп, 7-класстан баштап Зуура Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейинде окуп бүттүм.

ЧОҢ ОКУУ ЖАЙЛАРДА ОКУУНУ КААЛАДЫМ

– Биринчи классымда мектепте кыйналгам, анткени эжекебиз тартипти катуу кармачы. Билбегенибизде жазалачу. Ошондо эч мектепке баргым келбейт болчу. Бирок кийинки класстан баштап жалаң 5ке окуй баштадым. Сабактардын баарын эле тегиз окудум, бирисин окуп, экинчисин окубай коюуга болбойт эле. Айрыкча тарых, адабият, география сабактары менин дүйнөгө болгон көз карашымдын түптөлүшүндө чоң салым кошуптур.

Окуучу кезимде пианиного бир аз барып көргөм, колуман келбей таштап салгам. Андан сырткары стол теннисине барчумун. Лицейде окуп жүргөндө англис, түрк тилдерин үйрөндүм. Лицейдеги бизден жогорку класстагы эжелерибиздин, байкелерибиздин жетишкендиктерин көрүп 7-класстан эле өзүмө максат коюп, чоң окуу жайларда окууну кааладым. Тил үйрөнгөндөн кийин чет өлкөгө чыкса болот экен деп өзүмө ишендим. Бирок 11-классты бүтөөрдө ар кандай ойлор келди. Кесип тандоо мага эмнегедир кыйын болду, анан бизнес башкарууну чечтим.

ӨЗҮМДҮ ИШКЕР КАТАРЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨМҮН

-Студенттик күндөр мен үчүн бүтө элек, окуу жайда акыркы дагы бир жыл бар. Үч жылдын ичинде үч өлкөдө окуу насип болду. Эң өнүккөн өлкөлөрдө окуу менин бул дүйнөгө болгон көз карашымдын түптөлүшүнө көп эле салым кошту. Биздин университетте 30дан ашык өлкөдөн студенттер бар, алар менен окуп, достошуп, жада калса чогуу саякаттап жүрөм. Сингапурда (2017-2018), Дубайда (2018-2019) окуп, Австралияда (2019-жылдан тарта) бир эле багытта окуп жатам. Мындай окуу жай бар деп ойлочу эмесмин. Аталган окуу жайдын өзүнүн перспективдери бар үчүн үч жерге кампус ачкан. Анын негизги максаты азыркы глобалдуу жашообузда ар жердин бизнесин, маданиятын студенттерге көрсөтүү жана үйрөтүү.

Ар бир окуу жылынан кийин компанияларда стажёр болуп каникулдарда иштедим. Сингапурда окуганда тилден бир аз кыйынчылык болду. Себеби ага чейин практикада эч сүйлөп көрбөгөн элем, бирок кийин башкалардай эле сүйлөп кеттим. Ар кандай компанияларга индустриялык визиттер болуп турду, мында бизнестердин кантип иштешин үйрөндүм. Аба ырайы ар дайым 25 градустун айланасында болуп турат, кыш жок. Ал жактын тамактары биздикине эч окшобойт, көбүнчө түрктөрдүн ресторанына барып тамактанат элек.

Экинчи жылы болсо Дубайда окудум, стажёр болуп шаардагы компанияларга бардым. Алардын өзгөчөлүгү мусулман өлкө болгону үчүн Рамазан айында 8 сааттын ордуна 6 эле саат иштөөчүбүз.

Үчүнчү жылы болсо Австралиянын Сидней шаарына келдим. Үч өлкөнүн үч башка жашоо тарыхы, экономикасы, климаты, элдери ар башка экен. Үч жерден алган билимимдин негизинде өзүмдү адам катары, профессионалдуу ишкер катары өнүктүрүүдөмүн. Азыр каникулда Австралиянын Bunnings Warehouse деген компаниясында иштейм. Компаниянын максаты- кардарларыбызга эң мыкты тейлөө менен камсыздалган, эң төмөн баа саясатына ылайык, үйдү жакшыртуучу өнүмдөрдүн кеңири спектрин берүү. Компания үйгө керек болгон бардык нерсе менен камсыздайт. 300гө жакын магазиндери бар. Мен жумушта аткарган кызматым кардарлар менен сүйлөшүү, алардын издеген нерселерине өз сунушумду берүү. Негизи сатуучу деп койсо болот. Каникул бүтсө кайра окуу менен алек болом.

МЕКЕНДИ СҮЙҮҮ – БИР МАКСАТ КОЮП ОШОГО УМТУЛУУДА

-Окуу жайды ийгиликтүү аяктап эмне менен алектенип бизнес кылсам деген ойлор, идеялар, ниеттер көп. Мекенибизге тез-тез барып тургум келет. Кыргызстанда кийин жашасам да, жашабасам да өз салымымды кошсом дейм. Ал жакта өзүмдү өнүктүрө алам, бирок потенциалымды 100% көрсөтө албасам керек деп ойлойм. Бир бизнес ачкым келет, дүйнөлүк маркаларды материал менен камсыз кылуу жана самолётту оңдоо үчүн тетиктерди бир өлкөдөн алып, экинчи өлкөгө сатуу. Эң негизгиси Кыргызстандын элдерин иш менен камсыз кылгым келет. Мекенимди өзгөчө сүйөм. Бул башка мамлекетте жүргөнүм үчүн сагынып айткан сөзүм эмес, мен Кыргызстанда жүргөндө ушундай ойлор бар эле. Бул университетке тапшырганымда менден интервью алышкан, эмнеге сага бул сколаршип (бекер окуу) мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Ошондо берген жообум дале эсимде, өлкөмдү өнүктүргөндү каалайм, башка мамлекеттер кантип өнүгүп жатканын билип, чет мамлекетте окуп билим алгым келет дегенмин. Бардык нерсе мекенди сүйүү, бир максат коюп ошого умтулууда деп ойлойм.

ИЙГИЛИККЕ УМТУЛГАН АДАМ ЖЕР ТАНДАБАЙТ

– Сингапурда кыргыздар өтө аз 20га жакын эле, алар менен жолугуп киного, боулингге же болбосо тамактанууга чогуу барат элек. Мени менен чогуу окуган казакстандык курбум Нооруз майрамына чакырып калды. Сингапурда казактардын элчилиги бар экен, ал жерде бир гана казак эмес кыргыз, өзбектер да болду. Дубайда болсо кыргыздар көп, Кыргызстандын элчилиги дагы бар. Мында элчи тез-тез кыргыздарды чогултуп алардын көйгөйлөрүн угуп турат. Башка мамлекетте өзүңдүн өлкөңдүн кичине болсо да бир бөлүгүн көрүү сонун экен. Австралияда болсо кыргыздар чогулуп турушат жана аябай ынтымактуу. Бирок элчилик жок.

Дагы бир айта кетчү нерсе, ар өлкөдө кыргыздарды издеп жүрдүм. Ал эми чет өлкөгө келген жаштар өздөрүн туура алып жүрүшүн өтө каалайт элем. Өзүңдүн оюң, нормаларың болсун, бирөөгө ооп кетпе! Сенден акылдуу бирөө болсо, андан өзүңө керектүү нерселерди ал. Максатың болсун, ошого жараша аракет кыл, изден, кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин кара. Студенттик күндөрдө иштеп, достор менен саякаттап, китеп окуп, ар кандай музей, театр сыяктуу жерлерди көр демекмин. Чет өлкөдө эле эмес, ийгиликке умтулган адам жер тандабайт. Кыргызстанда деле ийгиликке жетишсе болот.

Дагы бир айта кетчү нерсе, ар өлкөдө кыргыздарды издеп жүрдүм. Ал эми чет өлкөгө келген жаштар өздөрүн туура алып жүрүшүн өтө каалайт элем. Өзүңдүн оюң, нормаларың болсун, бирөөгө ооп кетпе! Сенден акылдуу бирөө болсо, андан өзүңө керектүү нерселерди ал. Максатың болсун, ошого жараша аракет кыл, изден, кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин кара. Студенттик күндөрдө иштеп, достор менен саякаттап, китеп окуп, ар кандай музей, театр сыяктуу жерлерди көр демекмин. Чет өлкөдө эле эмес, ийгиликке умтулган адам жер тандабайт. Кыргызстанда деле ийгиликке жетишсе болот.

Маектешкен: Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17