Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
793 Бардыгы / Өзбекстандын түрдүү аймактарында суукта газсыз жана электр энергиясыз калган тургундар жергиликтүү акимчиликтердин алдына топтолуп, нааразылык билдирүүдө. Анжиян, Наманган, Фергана жана Кашкадарыя облустарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү нааразылык билдирип чыккан тургундарды тынчытууга аракет кылып, мындан ары топтошуп чогулбоо керектигин эскертип жатышат. Айрым облустарда калкка газ жана электр энергиясы берилсе, көпчүлүк аймактарда тургундар бүгүнкү күнгө чейин […]
794 Бардыгы / Өзбекстандын түрдүү аймактарында суукта газсыз жана электр энергиясыз калган тургундар жергиликтүү акимчиликтердин алдына топтолуп, нааразылык билдирүүдө. Анжиян, Наманган, Фергана жана Кашкадарыя облустарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү нааразылык билдирип чыккан тургундарды тынчытууга аракет кылып, мындан ары топтошуп чогулбоо керектигин эскертип жатышат. Айрым облустарда калкка газ жана электр энергиясы берилсе, көпчүлүк аймактарда тургундар бүгүнкү күнгө чейин […]
ӨЗБЕКСТАНДА ТУРГУНДАР ГАЗ ЖАНА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН ЖОКТУГУНА НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРҮҮДӨ
26.11.2020 / Автор orozalieva

795 Бардыгы /
Өзбекстандын түрдүү аймактарында суукта газсыз жана электр энергиясыз калган тургундар жергиликтүү акимчиликтердин алдына топтолуп, нааразылык билдирүүдө.
Анжиян, Наманган, Фергана жана Кашкадарыя облустарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү нааразылык билдирип чыккан тургундарды тынчытууга аракет кылып, мындан ары топтошуп чогулбоо керектигин эскертип жатышат. Айрым облустарда калкка газ жана электр энергиясы берилсе, көпчүлүк аймактарда тургундар бүгүнкү күнгө чейин жарыксыз калууда.
Кашкадарыя облусундагы Гузар районунда 50-60 киши жергиликтүү электр түйүндөр ишканасынын алдына топтолушту. Алар суукта газ жана электр энергиясы берилбей жатканына нааразылык билдирип, ишкана жетекчилиги менен жолугушууну талап кылышты.
– Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган аялдар райондук акимчиликке бир нече жолу келишти. Анткени алардын көбүнүн батиринде меш жок. Газ жана электр энергиясы болбосо алар үйүн жылыта алышпайт. Акимчилик өкүлдөрү алардын маселесин чечүүнү убадалап, тез арада тарап кетишин өтүнүштү. Газ менен электр жарыгы тургундар Энергетика министрлигине жамааттык кайрылуу жолдогондон кийин 23-ноябрь күнү кечинде берилди», — деди райондогу тургундардын бири.
Анын айтымында, бийлик Гузар районуна газ берүүнү сегиз жыл мурда токтоткон. Суюлтулган газ жергиликтүү жашоочуларга айына 1-2 гана жолу жеткирилет.
Кашкадарыя облустук электр түйүндөр ишканасынын өкүлү калкка электр энергиясын берүүдөгү мүчүлүштүктөр Туракурган жылуулук электр станциясындагы авариядан улам келип чыкканын, бүгүнкү күнгө карата бул маселе чечилгенин билдирди.
Ал ортодо «Азаттыктын» өзбек кызматы Анжиян районунда ондогон жергиликтүү тургундун караңгыда көчөгө чыгып, облус башчысы Шухрат Абдурахмановго кайрылып жатканы тартылган видеону жарыялады.
Маалыматка караганда бул видео 18-ноябрда тартылган. Чогулган аялдар газ жана электр энергиясы жок экенине нааразылык билдиришкен. «Бул видео интернетке жарыялангандан кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, алардын маселесин чечүүнү убадалап, эч жакка кайрылбоону өтүнүшкөн. Бирок азыркыга чейин аларга жылуулук жана жарык бериле элек», — деди жергиликтүү тургандардын бири.
23-ноябрда Наманган шаарында жаратылыш газынын жоктугуна нааразы болуп чыккан тургундар менен акимдин орун басары Жобирхон Абдуллаев жолуккан. Ал жарандарга газ жана электр энергиясы менен үлгүлтүксүз камсыздоо болбой турганын айтып, аларга көмүр жана отун камдап коюуну сунуштаган.
24-ноябрдан тартып калаа тургундарына жаратылыш газы бериле баштаган. Бирок жергиликтүү жашоочулар газдын басымы өтө төмөн болгондуктан, чай кайнатууга араң жарап жатканын билдиришүүдө.
Ошол эле күнү блогер Зафар Солижонов Telegram-каналына Ташлак районун тургундары жарыктын жана газдын жоктугуна нааразылык билдирип жатканы тууралуу видео жарыялады. Анда аткаминерлер жарандардын суроолорун жоопсуз калтырып, талаптарын блокнотко жазып алып жатышканын көрүүгө болот.
«Аткаминерлер калк арасында массалык нааразылык болуп кетпесе экен деп кооптонуп жатышат. Азыр райондук газ жана электр түйүн ишканалары оор абалда. Ошондуктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дароо эл менен жолугуп, маселени чечүүгө аракет кылып жатышат. Күн жылыса абал кайра турукташат», — деди өз булак.
18-ноябрдан тартып Өзбекстанда аба ырайы кескин сууктап, элге газ жана электр энергиясын берүүдө мүчүлүштүктөр башталган.
WWW
Автор orozalieva
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
10.10.2025 / Автор anarkan_kg РАЙОНДО ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫ КАТЫШКАН 3 КҮНДҮК МАШЫГУУ ӨТҮҮДӨ
-
04.11.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОР МЕНЕН ЗАВОД КУРУУ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.