Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
1,241 Бардыгы / Ноокат районуна адаттагыдай тыштан – борбор калаадан аким-десант дайындалган жок. Аймактагы Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүн дээрлик сегиз жыл бою абийирдүү гана башкарып, республикабыздагы эң алдыңкы Айыл Өкмөтүнө айландырган Бакытбек МАРИПОВ район акимчилигинин башчылыгына – акимдикке акыры бекилди. Муну жергиликтүү серепчилер өрөөндү ыкчам жана туруктуу өнүктүрүүгө карай келечектүү кадам сыңары сыпаттап жатышат. 32 жаштагы […]
1,242 Бардыгы / Ноокат районуна адаттагыдай тыштан – борбор калаадан аким-десант дайындалган жок. Аймактагы Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүн дээрлик сегиз жыл бою абийирдүү гана башкарып, республикабыздагы эң алдыңкы Айыл Өкмөтүнө айландырган Бакытбек МАРИПОВ район акимчилигинин башчылыгына – акимдикке акыры бекилди. Муну жергиликтүү серепчилер өрөөндү ыкчам жана туруктуу өнүктүрүүгө карай келечектүү кадам сыңары сыпаттап жатышат. 32 жаштагы […]
МАКТАНГАНДЫ БИЛБЕГЕН БАКЫТБЕК МАРИПОВ НООКАТТЫ ЭМИ ӨРГӨ ЖЕТЕЛЕЙТ
26.11.2020 / Автор orozalieva1,243 Бардыгы /
Ноокат районуна адаттагыдай тыштан – борбор калаадан аким-десант дайындалган жок. Аймактагы Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүн дээрлик сегиз жыл бою абийирдүү гана башкарып, республикабыздагы эң алдыңкы Айыл Өкмөтүнө айландырган Бакытбек МАРИПОВ район акимчилигинин башчылыгына – акимдикке акыры бекилди. Муну жергиликтүү серепчилер өрөөндү ыкчам жана туруктуу өнүктүрүүгө карай келечектүү кадам сыңары сыпаттап жатышат.
32 жаштагы Бакытбек Марипов кыска аралыкта ОшТУнун экономика жана башкаруу, Ош мамлекеттик юридика институтунун сот-прокурор, Кыргыз-Орус Славян Университетинин Мамлекеттик жана Муниципалдык башкаруу адистиктерине ээ болууга үлгүргөн. Арасында Ноокат районундагы “Кызыл Кетмен” дыйкан чарбасын түптөп, жетектеген. Анан Жогорку Кеңеш депутатынын кеңешчиси кызматын дагы татыктуу аркалаган. 2013-жылдан тартып Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүн үзгүлтүксүз жана ийгиликтүү башкарган.
Өткөн кылымдын 1950-жылдарында курулуп, кийинчерээк токтотулган Кыргыз-Атадагы чакан ГЭС Бакытбек МАРИПОВдун демилгеси аркасында кайрадан курулуп, ушул тапта беш агрегаты тең туруктуу пайдалануга тапшырылды. Бул чакан ишкана жыл сайын 30 миллион КилоВат электр энергиясын иштеп чыгарууда. Мындан тышкары жергиликтүү бюджет каржылап, Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүндөгү алты жаңы конушка заманбап трансформаторлор орнотулуп, зарыккандарды электр энергиясы менен дагыле үзгүлтүксүз камсыздап келатат. Буга улай Дүйнөлүк Банктын 250 миллион сом каржылоосу аркасында Кыргыз-Ата, Ак-Булак, Көтөрмө жана Борпо айылдарына ичилүүчү таза суу дагы жеткирилди. Көтөрмө, Кыргыз-Ата, Кара-Кой кыштактарын тынымсыз байланыштырган 4,5 чакырым жолго кадимкидей асфальт дагы төшөлдү. Кыскасы, 3175 кожолук, а тагыраагы 22 миң калк таза суу ичип, оңуп эле калышты.
Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүндө дээрлик коррупция тыйылды. Ишеним телефондору жана электрондук почталар күнү-түнү калк кызматында. Бирдиктүү Терезе ачылып, жетекчилердин кынтыксыз жана таза иштөөсүнө заманбап ыңгай жаратылды. Финка жана РСК Банктарынын терминалдары уюштурулуп, элет эли акча которуу, пенсия, пособие жана маяна көйгөйлөрүнөн дээрлик опоңой гана кутулушту.
Жыйынтыктап айтканда, Бакытбек МАРИПОВ Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүн жетектеп турганда, алты мечит пайдаланууга тапшырылды. Жергиликтүү бюджет эсебинен Улуу Ата Мекендик согуштун, Ооган согушунун жана Баткен коогалаңынын катышуучуларына эстелик тургузулду. Муниципалдык “Тазалык” ишканасы уюшулуп, өрөөндү пакиза кармаганга катуу далалат кылынып келатат. Эгерде республикабыздагы эң жаш аким Бакытбек МАРИПОВ дал ушундай мыкты саамалыктарын бүтүндөй Ноокат жергесинде мындан ары дагы ырааттуу улантса, жердештеринин сообуна гана калып, алкышына арзый тургандыгы бышык…
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор orozalieva
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
11.03.2026 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТТИН КАТЫШУУСУНДА ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ МИНИСТРЛЕР АНТ БЕРИШТИ
-
11.03.2026 / Автор anarkan_kg 1-АПРЕЛДЕН ТАРТА БАРДЫК МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫ 100 ПАЙЫЗГА ЖОГОРУЛАЙТ
-
-
17.03.2025 / Автор anarkan_kg ОРОЗО – АДАМДЫ БАКЫТКА БӨЛӨӨЧҮ ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК
-
25.03.2025 / Автор anarkan_kg МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАР АЛЫНУУДА
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.