Аймак

Бекембай АПЫШЕВ: “МУГАЛИМДИ БИРИНЧИ ПЛАНГА АЛЫП ЧЫГА АЛБАГАН КООМДУН КЕЛЕЧЕГИ КҮҢҮРТ!”

Бекембай АПЫШЕВ: “МУГАЛИМДИ БИРИНЧИ ПЛАНГА АЛЫП ЧЫГА АЛБАГАН КООМДУН КЕЛЕЧЕГИ КҮҢҮРТ!”

 2,391 Бардыгы /

Бекембай АПЫШЕВ – ОшМУнун профессору,  педагогика илимдеринин кандидаты эле. Кыргыздын Сухомлинскийинин көзү өтүп кеткендигин эми гана угуп, ичим аябай эңшерилди. Аттиң… Таанымал илимпоз, ЖОЖдор үчүн бир катар окуу куралдарынын, а мектеп мугалимдерине арналган заманбап усулдук колдонмолордун автору болчу. Агай менен аз убакыт мурда жолугушуп, чер жаза маектешкемин. Сукбатыбыздын маани-маңызы дагыле эскирбептир. Кечиксе деле олуттуу жерлерин жарыялап олтурам. Өкүнгөнүм: бул интервьюмду кайран агайым өзү окуса болбойт беле

  • Агай, Сиз агартуу майданында көп жылдар бою төбөңүз менен

жер казып иштедиңиз. Андыктан, тармактын аки-чүкүсүн абдан мыкты билесиз. Эки доорду (социалисттик жана эгемендүүлүк жылдарын) башынан кечирген инсан сыңары Кыргызстандагы азыркы агартуу жаатына көз карашыңыз өзгөргөндүр?

  • Өткөн кылымдын башындагы Октябрь ыңкылабынын Кыргыз элине

жакшылыгын унутсак, бизди анык Кудай урбайбы. Кыска аралыкта калкыбыздын туташ сабатсыздыгы жоюлуп, бара-бара тегиз билимдүү болушту. Мындай масштабдуу ийгиликти жаратууда мектептердин өзгөчө ролун азыр деле тануу жарабас!

         Ошентсе дагы, мүмүкүнчүлүктөн пайдаланып, чындыкта айтууга тийишмин.Мектеп – руханий бешик. Демек, коом менен мүдөөлөш жашап, анын буюртмасын сөзсүз аткарат. ТИЛЕККЕ КАРШЫ, БИЗДИН АЗЫРКЫ МЕКТЕП КООМУБУЗДУН ТАЛАПТАРЫН АТКАРУУГА ТАПТАКЫР ЖАРАКСЫЗ! Бюрократия, партократия, технократия илдеттеринен бул кебетебизде жакын арада арылчуудай эмеспиз. Мунун кесепетинен элеттеги мектептерде агартуу системасы мышык ыйлагыдай кейипти кийип олтурат.

  • Биргезде Кыргызстандын Улуттук Алтын Фондун түзүү

демилгеси көтөрүлбөдү беле. Азыркындай кыйчалыш кезеңде мунун зарылчылыгы бар беле?

  • АКЫЛ менен АЛТЫН тапсак болот. А тескерисинче, АЛТЫНГА

АКЫЛ САТЫП АЛУУ МҮМКҮН ЭМЕС! Кыргыздар үчүн алтындан дагы кымбат Чыңгыз Айтматов, Муса Адышев, Гапар Айтиев, Иса Ахунбаев, Сүймөнкул Чокморов, Абыт Ибраимов, Рыспай Абдыкадыров өңдөнгөн калкыбыздын руханий дараметин дагы байыта турган залкарларыбызды жанагыл технократ аткаминерлердин сөзүн эки кылбаган мугалимдерибиз өстүрбөстөн, тирүүлөй     эле мойсоп жатышпайбы.

  • Бул аркылуу деги Сиз эмнени айтмакчы элеңиз?
  • Алишер, Батышты туурап жүрүп, алардын тилине гана кирип

жатып, акыры шордуу Кыргыз эмне тапты, ыя? БҮГҮНКҮ ОН БИР ЖЫЛДЫК ОКУУ ПРОГРАММАБЫЗ БИЗДИН МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАНА МЕНТАЛИТЕТИБИЗГЕ ТАПТАКЫР ЭЛЕ ЫЛАЙЫКСЫЗ! Менимче, Кыргызстанда өзүбүздүн кулк-мүнөзүбүзгө куп ылайыкташтырылып, мектептерде окуу Программасын жети жылга гана ченеп түзсөк, мындан баарыбыз тең утабыз! Себеби, кыздарыбыз тогуз, ал эми уулдарыбыз он эки жашка толгондо наристе курагы дээрлик аяктайт. А биз, тескерисинче, окуу мөөнөтүн он бир жылга узартып, бул аркылуу өспүрүмдөрдөгү социалдык инфантализмди гана күчөтүп, аларды моралдык-психологиялык жактан ачык эле бузуп жатабыз.

  • Батышты туураган өнөкөтүбүз акыры биздин түбүбүзгө

жетпейби?

  • Батышты ээрчигенибиз үчүн жаштар күнөөлүү эмес! Буга ЭЛ жана

жер тамырынан ажырабаган МЕКТЕП айыптуу! Билесиңби? Калктын руханий дүйнөсүнөн кол жууган мектепти коом өзү тез эле жерийт. Мындай жагдайда бала өз улутунун ар-намысын коргомок түгүл, ага дейре адамдык сапатын, уят-сыйытын таптакыр жоготот. Күнүмдүк жыргал жашоого гана куп азгырылып, карамагындагыларды жана жанындагыларды сөзсүз талап-тонойт. Бул илдет бара-бара моминтип бүгүнкүдөй чоң мүшкүлдү гана башыбызга үйөт.БУЛ УЛУУ ТРАГЕДИЯДАН КЫРГЫЗСТАНДЫ МЕКТЕП ГАНА КУТКАРАТ!

  • Демек, республикабыздагы бардык мектептер нукура Кыргыз

колоритине негизделиши кажет деп эсептейсизби?

  • Ооба! УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАНЫ улаган ИЛИМ жана

МАДАНИЯТ гана келечектүү АГАРТУУ СИСТЕМАСЫН түптөөгө жөндөмдүү. Тилекке каршы, бир кылымдан бери элетте Кыргыздын нукура Улуттук Билим берүү мекемелери орноду дегенге оозум барбай турат. Анткени, баарында тең КЫРГЫЗ РУХУ, КУЛК-МҮНӨЗҮ, КЫРГЫЗ ИДЕЯСЫ тегиз өкүм сүрө элек. Мындан тышкары бүгүнкү олку-солку кырдаал шылтоого гана айланды. Аткаминерлерибиздин көктөн издегени жерден табылбадыбы. Улуттук мүнөздөгү окуу китептерин басууга каражат жок! Мына сага, опоңой жооп!

  • Агай, “Агартуу Системасын реформалоону адегенде

мектептерден баштоо кажет!” дегендерге Сиз кошуласызбы?

  • Мен мындай демилгени чын дилимден гана кубаттаймын! Агартуу

реформасын өзү төмөндөн баштасак, баарыбыз тең утмакчыбыз! Муну үчүн,биринчиден, Кыргыз колоритиндеги Окуу Прграммаларын түзүүбүз абзел!Экинчиден, куракташ балдарды бир класска топтоп, аларды мажбурлап окутуудан баш тартпайлыбы. Анткени, мойнунан байлаган ит баары бир ууга жарабайт! Үчүнчүдөн, мугалимдерге бирдей өлчөмдөгү маяна төлөгөнүбүз дегеле калыстыкка жатпайт. Новатор (жаңычыл) жана изденгич агартуучуларга айлыкты ченебей көбөйткөнүбүз жөндүү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17