Аймак

УЛУУ ЗАЛКАРДЫН ТАГДЫРЫНДАГЫ КӨЗ ИРМЕМДЕР

УЛУУ ЗАЛКАРДЫН ТАГДЫРЫНДАГЫ КӨЗ ИРМЕМДЕР

 2,418 Бардыгы /

Кыргыз Эл баатыры, Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун көзү тирүү болгондо 2021-жылдын 15-январында 90 жашка чыкмак. (Өмүр баянын, чыгармачылыгын ар бир кыргыз билсе керек, ошол себептен токтолбодум) Арман дүйнө, кыргыз элине бир келген сөз кереметинин, кудуретинин нукура сүрөткери, акылдын уюткусу, жан дүйнөңдү түйшөлтүп нукура ата салт, нарк-насилдин, үрп-адаттын уңгусун, туундусун туюндурган асыл, ыйык залкардай көсөм инсанды Теңирим кыргыз элине ыроолор бекен деген тилекте агамдын эл билбеген тагдырларынан тартуулап коюуну туура таптым.

УЛУУ ЖАЗУУЧУ, РОМАНИСТИКАНЫН ЧЕБЕРИ, КООМДУК ИШМЕРДИН ЖАРЫК ДҮЙНӨГӨ КЕЛИШИ

Атасы Касымбек абабыз (Аксы районунун) Ак-Жол айылыбыздын билимдүү адамы болуп, жаштайынан молдо бала аталып Аксы өрөөнүндө ”кара чаар болуш” атыккан Осмонбек болуштун катчысы болгон. Чукугандай сөз тапкан, кылычтан кайра тартпаган, жамактап ырдаган, укурук моюн, узун акыл адам болгон экен.

Абабыздын эли журтубузда эл бийлегендер, кээ бир адамдар  туурасында ырдаган ырлары, айтылып калган лакап сөздөрү куйма кулактардын ушул күнгө чейин ээсинде. Алар туурасында жазылып жаткан кийинки чыгармамдан кабардар болосуздар. Жаштайынан жан шерик болгон чаптык кызы Калбү апа (кызыл-жарлыктарды чаптыктар дешкен) менен көп жыл өмүр шерик болушуп перзенттери токтобоптур. Абабыз 59 жаш куракка келгенде өмүр өтүп баратканын баамдаган зээндүү, акылдуу энебиз өзү кеңеш берип, сиңдисиндей имерген тегенелик 20 жаштагы Анар апаны атына учкаштырып ала качып келип, никесин кыйдырып, тоюн өткөрүп баш коштурган экен. Күндөштүк кылып күйүкпөй, Анар апаны бөпөлөп асырайт. Жыл айланып Анар апанын боюна бүтүп, уул төрөйт. Түлө өткөрүшүп, азан чакыртып атын Кудайберген коюшат. Чаптык кемпир өз баласындай асырап “Жараткан Эгем бизге төлөдү, өлгөн балдарымдын ордуна тиленгенимди берди” деп жүрүп Кудайберген аты унутулуп эл арасында Тилеген, Төлөгөн атыгып, кийинчерээк паспорт алганда Касымбеков Төлөгөн деп жазылып, өмүр өтөлгөсү болуп калыптыр. Төлөгөн агабыз эс тарткандан баштап эле өнөргө шыктуу, сөзгө ыктуу болуп, залкар комузчу, ыроочу Ныязаалы абасынын жанында жүрүп (кошуна жашашкан) күү пирине келген далай залкарларды жашында көрүп комуз күүлөрүн, ырларын угуп, сөздөрүнө кулак түрүп угуп калганы чыгармачылык  өмүрүнө гүл азык болгонбу дейм да?

Касымбек абабыздан теңтуштары:- Ой Касымбек, качан өлөсүң,- дешсе, молдо адам: -Кыямат кайыңда өлөм,- деп койчу экен. Кудай Таалам тилегин бергенби, 1946-жылкы катуу жер титирөөдө тамдын дубалы кулап үстүнө түшүп, жан таслим болгон экен. Төлөгөн агабыз Сыны айылындагы Алишер Молдокеев салдырган орто мектебин бүтүрүп, Ак-жол айылындагы айылдык кеңеште бир жыл катчы болуп иштеп, гүл азыгын эки апасы даярдап Таш-Көмүр шаарынан товар ташыган поездге салып, Фрунзе шаарына окууга жөнөтөт. Бөтөн эл, тааныш эмес шаарда туугансынып Фрунзе шаардык милициясынын башчысы Осмонбек болуштун уулу Жусупка кирсе жакшы кабыл албай, атасына өмүр бою катчы болгон адамдын баласын: -Аа, Касымбек куу шыйрактын баласысыңбы?- деп мазактап окууга келдиңби, куу шыйрактан ким чыгат эле?- деп шылдыңдап бийлигине, байлыгына манчыркап чакчарылганда зээндүү, зарделүү өспүрүм: -Сенден келген жакшылыкты кудайдан тиледим,- деп дили сынып чыгып кеткен экен. Ошондон кийин тамашалап койсом таарынып калдыбы?- деп адам жиберип чакыртса да  кайрылып басып барбаптыр.

КОММУНИСТТИК ИДЕОЛОГИЯГА КАРШЫ КЕЛГЕН КӨЗ КАРАШ

Кыргыз мамлекеттик университеттинин филология факультетине тапшырып өтүп 21 жашында “Кичинекей жылкычы” деген алгачкы чыгармасы “Советтик Кыргызстан” журналына (“Ала-Тоо” журналы) басылып чыгып, адабият майданындагы чыйыры башталат. Төлөгөн агабызды дүйнө элине тааныткан (80ден ашык тилге которулган) чыгармасы “Сынган кылыч” тарыхый романы 1966-жылы, экинчи жолу 1971-жылы жарык көрдү. Советтик, комунисттик идеологияга каршы чыкты, эл арасына жик салды, улуттар арасындагы кастыкка жол ачты  дешип, кыргыздын коммунист идеологдору, адабий сынчы “көсөмдөр”, бийлик төбөлдөрү тарыхый романды төө бастыга алышып өзүн  куугунтукташты. “Ала-Тоо” журналынын башкы редакторлугу кызматынан кетиришет. Кызматы, иштеп тапкан айлыгы жок жазуучуну Кыргызстан жазуучулар союзунун партиялык чогулушунун күн тартибинде карашып, парт взносту төлөбөдү, партиянын катарынан чыгаруу керек деген талкууда Кыргыз Эл акыны Аалы Токомбаев: “Ай балдар койгула, кыргыздын бир залкарын садагага чаппагыла.Төлөгөндөй жазган романист араңарда жок. Жумушу жок болсо, жаш бойго жете элек беш уул, бир кызы, жары менен дубанадай тентишип жүрүшсө, бул кылганыңар туура болбой калат”, -деп сактап калыптыр. Чогулуштан чыккандан кийин улуу акын Төкөмдү үйүнө ээрчитип барып Тарас баласына бокчодогу акчасынан алдырып, ошол мезгилдеги 5 (беш) миң рубль (бир автомашинанын акчасы) акча берип: “Төлөгөн муюба, чыныгы таланттарды көрө албагандар көп болот. Бул сага менин жардамым, качан мүмкүнчүлүгүң болгондо берерсиң, болбосо кечтим, балдарыңды бак, багың ачылып кетер!” – деп батасын берип үйүнөн узаткан экен. Куугунтуктагы агабыз, биз мектепте окуп жүргөндө айылга келип жашап жүрдү. Тамынын астында бир түп арчасы болор эле, ошонун көлөкөсүндө машинкасын чыкылдатып жазып олтурганын аңыз кылып карап жүрөр элек. Чотур деген таякем  курдашы эле. Дайыма бирге жүрүшчү, биздин үйгө көп келишет болчу. Атамдан (сөзмөр, чечен эле) өткөн тарых тууралуу сурашып, аңгемелешип керектүү жерин Төкөм жазып алып, чоң бактын ичинде айылдагы аксакалдарды топтоп алышып олтурушчу. Апамды Айша апа дешер эле. Апам инилерим келди деп, бөрү боогунан бирди тарттырып сойдуруп, бозо сүзүп берип, тумшугун жылытып, түйүнчөк түйүп балдарына алып бар деп узаткан күндөрү көп болду. Кыз кишинин туугандарына күйүмдүү болорун апам аркылуу туюп билгенмин. Кетмен-төбөлүк Алтымыш деген комузчу ала-букалык Калмурат Рыскулов деген журналист достору келип айылда дуулдап, комуз чертишип, ыр ырдашып, аксакалдар менен маслиеттешип бозо уулап ичишип жүрүшөр эле. Ошол жылдардын күз айларында Чотур таякем бизге окшогон жаш балдарды топтоп алып, айылдагы туугандардын алмасын жашикке тергизип жыйнап, бул жазуучу агаңарга кылган жардамыңар деп алкаган. Көрсө, жону жука туугандарыбыз: “Төлөгөн, жардамыбыз ушул, сатып акча кылып ал дешип”,-  алмасын беришкен туура. Ушул жерде айта кете турган бир окуя бар. Төкөм кыйналып жүргөндө жакын жолдошу Нарын областындагы Тянь-Шань районунун (азыркы Нарын району) коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Арзимбек Өсөров (Ноокен районунан болгон) шаардан жолугуп калып, Тянь-Шанга алып кетип көңүлүн көтөрүп жүрөт. Ошол мезгилде жердеш агасы белгилүү советтик, партиялык кызматкер, Кыргызстан КП БКнын Нарын обком партиясынын биринчи катчысы Матен Сыдыковго учураштырганы алып барыптыр. Кыраакы инсан, дил маек куруп олтуруп Төкөмдүн көп жылдан бери кызматсыз жүргөнүн, жүдөп калганын байкап облпотрепсоюздун төрагасын чакыртып, жазуучу менен тааныштырып, сүйлөшүп олтуруп төрага мен турайын дегенде Матекем узатымыш болуп чыгып: “Бою башын, келбетин кара, баары менден болот,- деп коёт экен. Зирек төрага, түшүндүм деп кете бериптир. Туугандар боор батырыша сүйлөшүшүп, эки күндөй Матен акенинин жары Алийма апанын чайын ичишип чер жазышат. Төкөм кайтарда областтык керек- жарак коомунун төрагасы кышкы, жайкы кылып эки сыйра кийим даярдап бериптир. Тыйындан Матен агасы менен курдашы Арзимбек жардамдашып, атайын машина буйрутма кылышып узатышыптыр. Кийин Матен агабыз Кыргызстан КП БКнын бир чогулушуна Фрунзе шаарына барып катышып, биринчи катчы Т.У,Усубалиевдин кабыл алуусунда болуп, жазуучу Төлөгөн Касымбековдун тагдырын, кыргыздын бир залкар жазуучусу кор болуп жүргөнүн айтыптыр. Турдакун Усубалиевич идеология боюнча Кыргызстан КП БКнын катчысы Карыпкуловду чакырып, Төлөгөн Касымбековдун кайда экенин, кайсы кызматта жүргөнүн сурайт. Карыпкулов так жооп бере албай мукактанып калат экен. Ошондо Турдакун Усубалиевич партиялык катуу тапшырма берип, жеке көзөмөлгө аларын билдирип чыгарыптыр. Бул сөз Матен Сыдыковдон чыкканын билип Усубалиевдин кабылдамасында анын чыгышын күтөт, чыкканда Карыпкулов:

-Матен Сыдыкович, Төлөгөн Касымбековдун маселесин мага эле айтсаңыз болмок, чечип коёт элек дегенде Матен Сыдыкович:

-Төлөгөн көптүн бири эмес, кыргыздын бир кырааны. Тарыхты жаратар, тарыхты калтырар залкар жазуучу. Сөздүн түбөлүктүү экендигин унутпа. Ушунча жылдан бери кайда экенин, эмне иш кылып жүргөнүн билбеген эмне деген катчысың?- деп кагып коюп чыгып кетиптир. Ошол окуядан кийин Карыпкулов Төкөмдү Бүткүл союздук автордук укукту коргоо агенттигинин Кыргызстандагы бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындаган тура.

МОСКВАДАГЫ ЖОЛУГУШУУ

Тагдырдын буйругу экен, бир мамлекеттик мекемеде жетекчи болуп турганымда 2007-жылы оппозициядагы “Асаба” саясый партиясынан КР ЖКнын  депутаттыгына талапкер болуп катталгандан кийин куру дооматка кабылып, кунсуз доого жыгылып, көрө албастардын каарына калып, адилетсиз бийликтин куугунтугуна кабылып, иштөө мөөнөтү алда качан бүткөн, тетиктери талкаланып иштен чыккан, акт түзүлүп чыгышталган 45 миң рублдик аппараттын (кыргыз сомунун курсуна айландырганда 900 сом) айынан жер которуп кетүүгө туура келди. Бир боор эне Россия деп кирип кеттим. Кесибиме байланыштуу Москва шаарында “Кыргыз-Инфо” коомдук-саясий гезитин ачып, кыргыздын мыкты уул-кыздары менен иштешип калгам. 2008-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарындагы бир тууган агам Артыкбай телефон чалып, Төлөгөн агаң Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата өткөрүлүүчү эл аралык масштабдагы илимий- практикалык конференцияга катышканы баратат, эртең тосуп ал деп калды. Кыргыз мамлекетинин атынан өкүл болуп келе жатса, протоколдук режим менен жүрөрү анык. Самолёттун Шереметьево аэропортуна канчада келерин, кыргыз элчилигинин кеңсесинде канчада болорун тактап алып, күтүп жаттым. Суук, түкүргөн түкүрүгүң тоңуп түшкөн учур. Келер убактысынан бир саат өтүп кетти, тынчсызданып күтүп жаткам. Элчиликтин имаратынын астына катардагы такси келип токтоп ичинен папакчан Төкөм, аялы Элмира, тутунган кызы, алты жашар уулу Асылбек түшүп калды. Учурашканда эле жеңебиз каарып кирди: “Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу келсе, тосуп албаган силер кимсиңер”,- деп калды. Мен, “ой жеңе, сиздерди тосуп алчулар  кыргыз элчилиги, мен туугандык милдетимди аткарып тосуп турам” десем, элчини чакыр дейт. Түнкү саат 20.00дөн өтүп калган, кайдагы элчи. Дасторкондуу экен, чемодандан көп нерсе жок. Тегеренип жүргөн кыргыз балдарга жардамдашып койгула, жазуучу Төлөгөн абаңарга десем учурашканына курсант болушуп, атайын даярдалган бөлмөгө ташып киришти. Дасторкон жайылып, элчиликтин имаратындагы ресторандын кызматкерлери тейлешип чуркап жүрүшөт. Мөмө-жемиштен баштап, улуттук спирттик ичимдиктер, казы -карта, чучук, ана сага баталга. Элчиликтеги жооптуу Анара дегенге телефон чалып: “Төлөгөн Касымбеков келип калды, консулдук атайын машина барбай, такси менен келиптир”- десем эле Ооганбек “өлдүм” машина жиберишти унутуптурмун мен азыр деп, телефонун өчүрдү. Лифт менен түшүп келди, элчиликтин жооптуу адамы деп тааныштырып койсом эле жеңекебиз каптап кетти. Кыргыз Эл баатырын, Эл жазуучусун тосуп албаган силер кимсиңер? Азыр мен президенттик администрацияга телефон чаламын, элчиңер Райымкул Аттокуровдун да, сенин да тагдырыңды азыр чечемин деп, уюлдук телефонун алганда Анара эжекелеп жалдырай баштады. Баарын байкап олтурган Төкөм:

-Ай Зирегим, (Төкөм, Элмира жеңени ушинтип айтат экен, жарыктык) сүйлөгөнү сага окшошот- ко, сиңдиң болуп жүрбөсүн,- деп катуулап бараткан зарделүү зайыбын тыя сүйлөдү кыраакы инсан. Албууттанып жаткан Зиреги, каяктансың дегенде Анара:

 -Жумгалданмын,- дейт. Төкөм күлүп:

-А-аа Зирегим, өзүңөн тап деген ушул болот, сиңдиңдин тагдырын эми  чечели, кана Ооганбек, коньяктан куй буларга да деп калды! (Жеңебиз, жумгалдык саяк кызы экен).

(Уландысы кийинки санда)

Ооганбек СТАМБЕКОВ, жазуучу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17