Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
721 Бардыгы / АКШнын Магнитский тизмесине кирген бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов фамилиясын өзгөрткөн. Райымбек Матраимовдордун фамилиясын өзгөрткөнү тууралуу маалыматтар АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду аялы Уулкан Тургунова менен кошуп, «Магнитскийдин тизмесине» киргизген учурда чыкты. Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта «Магнитский акты» […]
722 Бардыгы / АКШнын Магнитский тизмесине кирген бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов фамилиясын өзгөрткөн. Райымбек Матраимовдордун фамилиясын өзгөрткөнү тууралуу маалыматтар АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду аялы Уулкан Тургунова менен кошуп, «Магнитскийдин тизмесине» киргизген учурда чыкты. Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта «Магнитский акты» […]
РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВ МЕНЕН ЖУБАЙЫ ФАМИЛИЯЛАРЫН ӨЗГӨРТҮШКӨН
21.01.2021 / Автор aymak

723 Бардыгы /
АКШнын Магнитский тизмесине кирген бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов фамилиясын өзгөрткөн.
Райымбек Матраимовдордун фамилиясын өзгөрткөнү тууралуу маалыматтар АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду аялы Уулкан Тургунова менен кошуп, «Магнитскийдин тизмесине» киргизген учурда чыкты. Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Раимбек Матраимов, Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген үч башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.
Чуулгандуу коррупциялык иштерде аты аталган Райымбек Матраимов фамилиясын Исмаилов, ал эми анын аялы Уулкан (Аманда) Тургунова фамилиясын Сулайманова кылып качан өзгөрткөнү тууралуу маалымат жок. Мамлекеттик каттоо кызматы бул ар бир жаранга гана тиешелүү болгон сыр экенин билдирүүдө.
Мекеменин басма сөз катчысы Дамира Азимбаева Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жарандар аты-жөнүн каалагандай кылып өзгөртүүгө укуктуу экенин «Азаттыкка» билдирди:
«Биздин мыйзамдар жол берет. Жаран атын, фамилиясын каалагандай кылып өзгөртүүгө укугу бар».
Мамкаттоонун түшүндүрмөсү боюнча аты-жөнүн өзгөрткөн жарандын идентификациялык маалыматтары өзгөртүлбөйт. Демек, аты-жөнүн өзгөрткөн күнү да жаран тек-жайын аныктаган маалыматтарын алмаштыра албайт. Райымбек Матраимов аты-жөнүн үч башка кылып өзгөртсө да АКШнын Мамлекеттик департаменти анын баары бир эле адам экенин аныктап отурат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Райымбек Матраимовго 2020-жылдын октябрында кылмыш ишин козгоп, 20-октябрда кармаган.
Тергөө маалыматтарында Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнү, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганы кабарланган.
Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон. Кийинчерээк ал бюджетке 2 млрд. сом төлөгөнү расмий кабарланган. Каражаттын 1 млрд. 400 млн. сому акчалай, калганы бир соода борбору, тогуз батир түрүндө төлөнгөн.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын ичиндеги кылмыштары боюнча иш изилденип бүтүп, эми анын тышкы аткезчилик байланыштары боюнча жаңы иш козголуп, тергелип жатканын билдирген.
Тергөө иштеринде, атайын кызмат тараткан маалыматтарга караганда, мурдагыдай эле «Райымбек Матраимов» деген аты-жөнү колдонулуп келе жатат. Ал эми анын фамилиясын «Исмаилов» деп өзгөртүшү тергөөдөгү документтерге да тиешелүү болор-болбосу белгисиз.
Райымбек Матраимов жана анын адвокаттары же Жогорку Кеңештеги депутат агасы Искендер Матраимов бюджетке которулган каражат тууралуу комментарий бере элек. Ошол эле учурда паспортту өзгөртүүнүн себеби тууралуу да маалымат таратышкан жок.
WWW
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДҮКТӨР МЫНДАН АРЫ ТАЗА СУУ ИЧИП ГАНА ЖЫРГАШАТ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.