Өлкө аймактары менен кубаттуу
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
667 Бардыгы / Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна барган күнү газ жана электр энергиясынын жоктугуна нааразылык билдирип жол тоскон жергиликтүү тургундар жазаланды. Маалыматка караганда, акцияга катышкан беш киши беш суткага камалып, дагы төртөө эскертүү алды. Соттун материалдарына ылайык, алардын баары «Укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө», «ИИМ өкүлдөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу» жана […]
668 Бардыгы / Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна барган күнү газ жана электр энергиясынын жоктугуна нааразылык билдирип жол тоскон жергиликтүү тургундар жазаланды. Маалыматка караганда, акцияга катышкан беш киши беш суткага камалып, дагы төртөө эскертүү алды. Соттун материалдарына ылайык, алардын баары «Укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө», «ИИМ өкүлдөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу» жана […]
ӨЗБЕКСТАНДА МИРЗИЁЕВДИН САПАРЫ АЛДЫНДА ЖОЛ ТОСКОН ЖАРАНДАР ЖАЗАЛАНДЫ
27.01.2021 / Автор aymak

669 Бардыгы /
Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна барган күнү газ жана электр энергиясынын жоктугуна нааразылык билдирип жол тоскон жергиликтүү тургундар жазаланды.
Маалыматка караганда, акцияга катышкан беш киши беш суткага камалып, дагы төртөө эскертүү алды.
Соттун материалдарына ылайык, алардын баары «Укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө», «ИИМ өкүлдөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу» жана «Митинг уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин бузуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышты.
Пахтакор районундагы Навбахор маалесинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген жашоочусу бул иш боюнча эркек кишилер гана соттолгонун билдирди.
– Биз акцияга чыккан күнү ички иштер башкармалыгына чакырып, түшүнүк кат жаздыртышты. Эртеси мени жана дага төрт тургунду райондук милиция бөлүмүнө алып барып, эртең мененки саат 10дон кечке чейин ачка кармашты. Алгач суракка алып, кечинде сотко жеткиришти. Ал жерде адвокат да, прокурор да болгон жок. Отурумга сот, анын катчысы жана бизди алып барган милиция кызматкерлери гана катышты», — деди ал.
Аталган мааленин дагы бир тургуну камакта укук коргоо органдары кармалгандарга басым жасап, сабаганын билдирди.
– Түрмөдөн чыккандан кийин балдар көздөрүнө жаш алып, «бизге газдын кереги жок, эми сууктан өлүп калсак да акцияга чыкпайбыз» деп айтышты. Камакта отурганда аларды сабап, басым кылышкан», — деди ал.
Бирок Жизак облустук ички иштер башкамарлыгы бул маалыматтарды четке кагып, «укук коргоо органдары акция катышуучуларына эч кандай психологиялык басым жасабаганын, күч колдонбогонун» билдирди.
11-январда Жизак облусунун Пахтакор районундагы Навбахор маалесинин тургундары электр энергиясы менен газдын тартыштыгына нааразылык билдирип, Навбахор-Учтепа-Жизак унаа жолун тосушкан.
Алар менен облус жана район башчылары жолугуп, ошол эле күнү ар биринин үйүнө арзан көмүр түшүрүп беришкен. Бул окуя президент Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна сапар менен келген күнгө туш келген.
Пахтакор райондук милиция бөлүмүнүн аты-жөнүн айткысы келбеген өкүлү жарандардын соттолушу президенттин сапарына байланыштуу экенин билдирди.
–Азыр газ жана электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарында акциялар өтүп жатат. Навбахор тургундарынын акциясы президенттин сапарына туш келбесе, алар соттолмок эмес», — деди ал.
Бүгүнкү күндө Өзбекстандын бардык аймагында энергетикалык каатчылык уланууда. Азырынча өкмөт бул абалдан чыгуу боюнча эч кандай планын жарыялай элек.
WWW
Автор aymak
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИНИН ҮЧ ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
-
25.02.2025 / Автор anarkan_kg ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНА ЖАҢЫ АТАЙЫН ТЕХНИКАЛАР АЛЫНДЫ
-
05.03.2025 / Автор anarkan_kg «ЫЙМАН НУРУ» ДЕПУТАТ СУЛТАНБАЙ АЙЖИГИТОВДУ ФРАКЦИЯДАН ЧЫГАРДЫ
-
13.03.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ АЧЫЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.