Өлкө аймактары менен кубаттуу
ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
КЫЛЫМ КАРЫТКАН МЕКТЕП
МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
646 Бардыгы / Эгерде Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрү бар экени аныкталса тергөө иштери улантылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 15-февралда тараткан пресс-релизде айтылат. Кытайлык ишкер Айеркен Саймаити тарабынан ар кандай банктар аркылуу Кыргызстандан чыгарылып кетти делген 700 млн долларга Райымбек Матраимовдун тиешеси бар-жогун тактоо боюнча иштер тергөө тарабынан улантылууда. […]
647 Бардыгы / Эгерде Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрү бар экени аныкталса тергөө иштери улантылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 15-февралда тараткан пресс-релизде айтылат. Кытайлык ишкер Айеркен Саймаити тарабынан ар кандай банктар аркылуу Кыргызстандан чыгарылып кетти делген 700 млн долларга Райымбек Матраимовдун тиешеси бар-жогун тактоо боюнча иштер тергөө тарабынан улантылууда. […]
УКМК: МАТРАИМОВДУН ЧЕТ ӨЛКӨДӨ МҮЛКҮ ТАБЫЛСА ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ УЛАНТЫЛАТ
15.02.2021 / Автор aymak

648 Бардыгы /
Эгерде Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрү бар экени аныкталса тергөө иштери улантылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 15-февралда тараткан пресс-релизде айтылат.
Кытайлык ишкер Айеркен Саймаити тарабынан ар кандай банктар аркылуу Кыргызстандан чыгарылып кетти делген 700 млн долларга Райымбек Матраимовдун тиешеси бар-жогун тактоо боюнча иштер тергөө тарабынан улантылууда.
Ошол эле маалда айрым маалымат каражаттары Матраимовдун чет өлкөлөрдө кымбат баалуу мүлкү бар экенин “бир нече жолу” жарыялашкан, тергөө кызматы андай мүлктөрдүн бар-жоктугун аныктоо жумуштарын жүргүзүүдө.
“Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Түркияга, Дубай Эмиратына, Украинага жана Орусияга юридикалык жардам көрсөтүү тууралуу эл аралык өтүнүчтөр жөнөтүлдү. Белгилей кетүүчү нерсе анын мүлкү бар экендиги жөнүндө жоопторду алгандан кийин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары улантылып, мүлкү камакка алынып, Р.Матраимовдун аракеттерине юридикалык баа берилет”, деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы отурумунда Райымбек Матраимов Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилген.
Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан.
УКМК Матраимовду 2020-жылдын 17-октябрында кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.
Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовдун Кыргызстандын ичиндеги кылмыштары боюнча иш изилденип бүткөнүн, эми анын тышкы аткезчилик байланыштары боюнча жаңы иш козголуп, тергелип жатканын айткан.
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.
Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.
WWW
Автор aymak
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДА БАШТАЛДЫ
-
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
-
26.02.2024 / Автор anarkan_kg Дамир КУЛУБАЕВ: “АТКАРУУ БИЙЛИГИНИН ЖООКЕРИМИН!”
-
-
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.