Аймак

ДЫЙКАНДАРГА КҮЙҮҮЧҮ МАЙЛАР АРЗАНДАТЫЛГАН БААДА ТАРАТЫЛАТ

ДЫЙКАНДАРГА КҮЙҮҮЧҮ  МАЙЛАР АРЗАНДАТЫЛГАН БААДА ТАРАТЫЛАТ

 1,638 Бардыгы /

  БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен “Кыргызстан нефтетрейдерлер Ассоциациясы” айылдык товар өндүрүүүчүлөргө, сезондук талаачылык жумуштарын жүргүзүүдө, мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, өз ара кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

         Ушуга ылайык, айыл чарба субьекттери, күйүүчү майды эки сомдун тегерегинде арзандатылган баада сатып алса болот. Күйүүчү май сатып алууну каалаган жарандар, жергиликтүү бийлик органдарына тапшырык берүүсү абзел! Күйүүчү майлар “Газпром нефть Азия”, “Партнер Нефть” май куйуучу жайларынан гана берилет.   Белгилей кетсек, Баткен облусунда 2021-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү максатында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн атайын буйругу жарыяланып, таажы илдетине байланыштуу азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, азык-түлүккө болгон бааларды турукташтыруу максатында айдоо аянттарын кеңейтүү, негизги керектелүүчү айыл чарба продукцияларын өндүрүү менен көлөмүн өстүрүүнү колго алуу, жер жерлерде дыйкандарга  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген.   

         Ушул тапта жер семирткичтер жана үрөндөр жергиликтүү базарларда гана сатылууда.Баткен облусунда  2021-жылдын түшүмү үчүн,жаздык жана күздүк себүүдө  30501 гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин себүү пландаштырылган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17