Аймак

КЫЙНООЛОРДУ АЛДЫН АЛУУ УЛУТТУК БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЖАМКнын МОЛДОВАНОВКАДАГЫ КОЛОНИЯСЫН КАПЫСЫНАН ТЕКШЕРИШТИ

КЫЙНООЛОРДУ АЛДЫН АЛУУ УЛУТТУК БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЖАМКнын МОЛДОВАНОВКАДАГЫ КОЛОНИЯСЫН КАПЫСЫНАН ТЕКШЕРИШТИ

 1,257 Бардыгы /

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КАУБдун)  директору Бакыт Рысбеков, ошондой эле борбордун эксперттери М. Жакыпов менен А. Аскарбеков кыйноолорду  жана катаал мамилени алдын алуу максатында, мындан тышкары соттолгон М. уулу Н жаранынан мурдараак келип түшкөн арыз боюнча Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМКнын) №31-колониясын капысынан барып текшеришти.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КАУБдун)  жетекчилиги күтүүсүздөн баш баккан маалда аталган мекемеде 143 соттолгон адам жаза мөөнөтүн өтөп жана дарыланып жатышкан экен. КАУБ жетекчилиги жана эксперттер аймакты бир сыйра кыдырып чыгышып, андан соң мекемеде 94 орундук эки кычкылтек концентраторлору менен камсыздалган обсервация уюштурулгандыгын дагы аныкташты. Текшерүү убагында коронавирус дартына чалдыккан оорулуулар эч катталбагандыгы тастыкталды.

Атайын оорукананын башчысы А. Бексултанова медициналык жабдууга жана дарыларга байланыштуу көйгөйлөр жок экендигин билдирди: – “Кызыл чырым” дүйнөлүк Уюму биздин жабык мекемебиздин бардык муктаждыктарын канааттандырып гана келатат. Эркинен ажыратылгандарга медициналык жардамды түрдүү профилдеги кесипкөй адистер гана көрсөтүп турушат.

Ал эми аталган колониядагы беш соттолгон адам кургак учуктан дарылануудан өздөрү баш тартышыптыр. Алар менен психолог тынымсыз иштешип жатат. КР КАУБсында белгиленгендей, аны менен бирге оор илдеттен жабыркап, кармоо шартын өзгөртүүгө муктаж болгон жарандар такыр аныкталган жок. Аталган жабык мекемеде санитардык тазалоо иштери дагы байма-бай өткөрүлүп турат.  Ашкананы текшергенде, продуктулардын баары тең талап кылынган шартта гана сакталып, ирээти менен жыйылып, бардык өнүмдөргө белги коюлгандыгы байкалды. А ашпозчу менен ашкананын бардык жумушчуларынын санитардык китепчелери бар.  Оорулуулардын өзгөчө тобу үчүн диетасына жараша атайы меню жагы дагы катуу каралган.

  • Мекемеде “Атлантис” реабилитациялык борбору ачылган. Бул

жерде соттолгондор иш техникасын оңдоо боюнча окутуудан дагы тынымсыз өтүшөт, – деп кошумчалады Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КАУБдун)  директору Бакыт Рысбеков.

Мындан тышкары КАУБдун  эксперттери айып изолятору менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылгандардын камераларын дагы чекесинен дыкаат карап чыгышты. Текшерүү маалында ички тартипти бузгандыгы үчүн төрт адам айып изоляторунда отургандыгы айкындалды. Булардын бири М. уулу Н. мурдараак мекеменин ыкчам кызматкерлери тарабынан катаал мамилеге дуушар болгонуна даттанып кыйноолорду алдын алуу Улуттук борборуна (КАУБга) өзү кайрылган эле. КАУБ кызматкерлери аны менен маектеше алышкан жок. Анткени, даттануучу КАУБдун кызматкери менен сүйлөшүүдөн өзү караманча баш тартты. Ушундан сон текшерүүчүлөрдүн көзүнчө медик аны дыкаат кароодон өткөрүп, кан басымын жана дене табын дароо өлчөдү. Бардык көрсөткүчтөр жайында болуп, денесинде сабалуунун белгилери табылган жок. Болгону операциядан кийинки тырыктары бар экен,  – деди Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КАУБдун)  директору Бакыт Рысбеков.

Өздүк делосун изилдеп чыгып, адистер текшерүү маалында соттолгон жарандан “Редми нот 8Т” чөнтөк телефону табылгандыгын тастыкташты.  Ушундан улам М. уулу Н. беш суткага айып изоляторунун камерасына киргизилди. Ошондой эле КАУБ кызматкерлерине оорукананын башчысы И. А. Бексултанова соттолгон жаран айып изоляторуна киргизилээрден мурун дарыгердин кароосунан өткөндүгүг туурасында отчетун угузду. Анын айып изоляторунун камерасында кармалуусуна ден соолугу жол берээрин дагы тастыктаган справкасы бар экен.

  • Бирок, кадимки режимди бузган маалдан тартып соттолгон жаран

төшөктөн турбастан, тамактанууудан дагы караманча баш тартып келген. Бул организмдин алсыздашын гана шарттаган. Ал эми жалпы көрсөткүчтөрү канааттандыраарлык деңгээлде.  Мындан тышкары айып изоляторуна кирген күндөн баштап ал кургак учукка каршы дарыларды ичүүдөн дагы баш тарткан. Буга оң өпкөсүн алып салуу боюнча операция жасалганын эске алганда, бул анын абалынын начарлашына алып келиши толук ыктымал. Буга таптакыр жол бербөө максатында оорукананын начальниги мекеме башчысына кайрылып, соттолгонду айып изоляторунан бөлүмгө дароо которууну өтүндү, – дейт КАУБдун эксперти М. Жакыпов.

          Ошентип, атайын текшерүүнүн  жыйынтыгында Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КАУБдун) кызматкерлери Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы ЖАМКнын №31-колониясынын начальнигине оорукана башчысынын өтүнүчүн сөзсүз аткарууну тапшырышты. Мониторинг маалында башка эркинен ажыратылгандардан олуттуу арыздануу деле түшкөн жок.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17