Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,474 Бардыгы / Көптөн бери мэрсиз калган Кыргызстандын Түштүк башкалаасы акыры жетекчиге жарып олтурат. 45 жаштагы Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Аны бул кызматка Ош шаардык Кеңешинин «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. Адегенде Ош шаарынын мэрлигине жападан жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов депутаттардын алдында адатынча каат-каат убадаларды берип таштады. Маселен, бир вице-мэр сөзсүз аял […]
1,475 Бардыгы / Көптөн бери мэрсиз калган Кыргызстандын Түштүк башкалаасы акыры жетекчиге жарып олтурат. 45 жаштагы Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Аны бул кызматка Ош шаардык Кеңешинин «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. Адегенде Ош шаарынын мэрлигине жападан жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов депутаттардын алдында адатынча каат-каат убадаларды берип таштады. Маселен, бир вице-мэр сөзсүз аял […]
МЭР АЛМАЗ МАМБЕТОВ ОШ ШААРЫН ЖАКЫН АРАДА ТААНЫЛГЫС КЫЛЫП ӨЗГӨРТҮҮНҮ УБАДАЛАДЫ
26.08.2021 / Автор aymak1,476 Бардыгы /
Көптөн бери мэрсиз калган Кыргызстандын Түштүк башкалаасы акыры жетекчиге жарып олтурат. 45 жаштагы Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Аны бул кызматка Ош шаардык Кеңешинин «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.
Адегенде Ош шаарынын мэрлигине жападан жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов депутаттардын алдында адатынча каат-каат убадаларды берип таштады. Маселен, бир вице-мэр сөзсүз аял киши болоорун кыйытты.
- Сталин айткандай, чындыгында, кадрлар баарын чечет. Бирок,
ошол тандаган адамдарыңда таза репутация жана мыкты тажрыйба болуусу кажет! Анан дагы алар эээлей турган орундарына компетенттүүлүгү дагы көңүл борборунда турууга тийиш! Баарына эле көздү жумуп-ачканча мэр болууну буюрган эмес. Ага дейре бир катар тепкичтүү адистешкен жолду басып өткөн оң! Мында ириде ар бир кызматкердин кесипкөйлүгү, иш стажы, ошондой эле тажрыйбасы дагы сөзсүз эске алынууга тийиш! – деди Ош шаарынын мэрлигине талапкер Алмаз Мамбетов. – Ал эми шаардыктардын көңүлүнө көк таштай тийген таза суу маселесин жакын арада биротоло жайгарабыз. Мындан тышкары Ош шаарын жана Сулайман Тоону туризм Меккесине дагы айлантабыз!
Деген Ош шаарынын мэрлигине талапкер Алмаз Мамбетов Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын анын Балыкчы шаарынын мэри кезиндеги оройлугуна, Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп тургандагы паспорт тендеринин айланасындагы ызы-чууларына байланышкан бир катар жүйөөлүү суроолоруна дагы ачыктан ачык жана ынандыраарлык гана жоопторду кайтарды. Ошондой эле Ош шаарын жакын арада таанылгыс кылып өзгөртүүнү дагы абдан катуу убадалады.
Ильяз ТУРДУЕВ, Ош шаардык Кеңешиндеги “Биздин Кыргызстан” фракциясынын депутаты, ОшТУнун окутуучусу: – Биз Алмаз Мамбетовдун Ош шаарынын мэрлигине талапкерлигин абдан катуу кубаттап жатабыз. Анткени, бул инсанда башкаруучулук тажрыйба дээрлик жетиштүү экен. Күчтүү менеджер турбайбы. Ал эми калганын турмуш дагы көрсөтөт эмеспи. Биз, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, деле жөн жатпастан, мэрдин бир катар болочоктуу демилгелеринин ийгиликтүү жүзөгө ашырылышына түздөн-түз көмөктөшөбүз. Биргеликте гана азыркы убактылуу кыйынчылыктарды жеңип, ар кандай тоскоолдуктарды сөзсүз чогуу багындарыбыз!
Абдыжапар АККУЛОВ, Ош шаардык Кеңешиндеги “Улуттар Биримдиги” фракциясынын депутаты, ОшМУнун институтунун директору: – Алмаз Мамбетовго ишеним кредитин ыйгарып жатабыз. Аны сөзсүз актоо – бул кишинин түздөн-түз милдети! Антпесе, жоопкерчилигин Ош шаардык Кеңешинин депутаттары сурап алаар убакыт дагы келет. Иши кылып мыйзамга ылайык биздин ага таасир көрсөтүү рычагдарыбыз толтура.
Ошентип, Ош шаардык Кеңешинин жабык добуш берүүсүнүн жыйынтыгында жалгыз талапакер Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланды. Демилгени колдоп жалпы 45 депутаттын 43ү макулдугун берип, экөө каршы добуш ташташты. Ош шаардык Кеңешиндеги 45 мандаттын 19у – “Ата-Журт-Кыргызстан”, 15и – “Биздин Кыргызстан”, жетөө – “Улуттар Биримдиги”, төртөө – “Бир Бол” партияларына ыйгарылган.
Белгилей кетчү жагдай: Алмаз Мамбетовдун Ош шаарынын мэрлигине талапкерлигин министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов өзү сунуштаган. 45 жаштагы Алмаз Мамбетов акыркы мезгилге дейре Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгын жетектеп келген. Буга чейин бир жыл Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалык милдетин дагы аркалаган. 2016-жылдан 2019-жылга чейин Балыкчы шаарынын мэри болгон. Үстүбүздөгү жылдын 2-августунан тартып Ош шаарынын мэринин милдет аткаруучу болуп дайындалган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
22.10.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО 6 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ
-
22.10.2025 / Автор anarkan_kg КЕПИЛДИК ФОНДУ: АЯЛ ИШКЕРЛЕР 1,5 МЛРД. CОМДОН АШЫК НАСЫЯ АЛЫШТЫ
-
28.10.2024 / Автор anarkan_kg БАЛЫКЧЫ – КАЗАРМАН – ЖАЛАЛ-АБАД УНАА ЖОЛУНА КАР КӨЧКҮ ТҮШТҮ
-
-
13.11.2024 / Автор anarkan_kg КҮЗ МАЙРАМЫ – МЕКТЕПТЕ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.