Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

ЧЕК АРАДАН КАРМАЛГАН КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ТАЖИКСТАНДА ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

ЧЕК АРАДАН КАРМАЛГАН КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ТАЖИКСТАНДА ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

 348 Бардыгы /

Бул маалыматты кармалган жарандын атасы Абдилахат Акматов “Азаттыкка” билдирди. Ал уулу менен телефондон сүйлөшкөнүн, ал учурда Тажикстандын Хожент шаарында үй камагында экенин айтты:

“Уулумду Тажикстандын ичинде үй камагына чыгарыптыр. Азыр эле телефондон сүйлөштүм. Эч жакка кетпөө тууралуу тилкат жазып бериптир. Кожентте тааныштардын үйүндө турат. Кечээ документтерин, кийим-кечесин берип жибергем”.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 6-сентябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну Кубанычбек Акматовду кармап кеткен.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлагандай, Акматовду тажик чек арачылары транзиттик жолдо кармап кетип, ага Тажикстандын жарандарына чөп сатууга аракет кылган деген айып койгон. Кармоо учурунда Кыргызстандын жаранынан болжол менен 100 килограмм альп ферула чөбү табылганы айтылган.

Тажик тарап ал Дүйшөмбү шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын кабарлаган.

Баткендик тургунду бошотуу боюнча эки өлкөнүн облустук ички иштер башкармалыгынын башчылары сүйлөшүп жатканы маалымдалган.

Төрт ай мурда Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Коңшу мамлекеттин күч кызматтары буга чейин төрт кыргызстандыкты чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген кине менен кармап, бир жаранды беш жылга эркинен ажыраткан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17