Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

ОШМУнун ОКУТУУЧУСУ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

ОШМУнун ОКУТУУЧУСУ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

 39 Бардыгы /

ОШ. Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Ө. А.
студентти окуу жайга киргизүү үчүн 40 миң сом пара алып жаткан
да Ош шаарынын Токтогул атындагы сейил багында укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул жөнүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

ШИИБнын маалыматына караганда, баласын окууга тапшыртуу үчүн келген Ноокат районунун тургунунан Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Ө. А. адегенде 1200 АКШ доллар талап кылган. Андыктан, жабырлануучу дароо эле милицияга кайрылган. Шектүү окутуучу алгачкы көрсөтмөсүндө күнөөсүн толук бойдон моюндап, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошентип, анын үстүнөн Жазык кодексинин 238-беренеси (“Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу”) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.Буга улай Ош шаардык милициясы калаадагы С. М. Киров атындагы орто мектептин мугалимин дагы кармады. Ал окуучуну мектепке киргизүү максатында ата-энесинен 2000 сом пара алган. Кармалган маалда аталган сумма мугалимдин жанынан табылды. Бирок, соттун чечими менен шектүү  үй абагына чыгарылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17