Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
1,297 Бардыгы / “Жихадчылар иши” деп аталган резонанстуу иш боюнча дээрлик төрт жыл камакта отурган жарандык активист Алмат Жумагулов 1-октябрда Алматы облусунун Заречный айылындагы абактан эркиндикке чыкты. Ал “Азаттыктын” казак кызматына таңкы саат алтыда бошотулганын, азыр үйүндө экенин билдирди. — Таңкы алтыда толтурулбай калган кагаздар бар экенин айтып тургузушту. Андан соң сыртка алып чыгып, “Бошсуз, үйүңүзгө […]
1,298 Бардыгы / “Жихадчылар иши” деп аталган резонанстуу иш боюнча дээрлик төрт жыл камакта отурган жарандык активист Алмат Жумагулов 1-октябрда Алматы облусунун Заречный айылындагы абактан эркиндикке чыкты. Ал “Азаттыктын” казак кызматына таңкы саат алтыда бошотулганын, азыр үйүндө экенин билдирди. — Таңкы алтыда толтурулбай калган кагаздар бар экенин айтып тургузушту. Андан соң сыртка алып чыгып, “Бошсуз, үйүңүзгө […]
КАЗАКСТАНДА САЯСИЙ ТУТКУН АЛМАТ ЖУМАГУЛОВ ЭРКИНДИККЕ ЧЫКТЫ
01.10.2021 / Автор anarkan_kg

1,299 Бардыгы /
“Жихадчылар иши” деп аталган резонанстуу иш боюнча дээрлик төрт жыл камакта отурган жарандык активист Алмат Жумагулов 1-октябрда Алматы облусунун Заречный айылындагы абактан эркиндикке чыкты.
Ал “Азаттыктын” казак кызматына таңкы саат алтыда бошотулганын, азыр үйүндө экенин билдирди.
— Таңкы алтыда толтурулбай калган кагаздар бар экенин айтып тургузушту. Андан соң сыртка алып чыгып, “Бошсуз, үйүңүзгө кете бериңиз” деп айтышты. Мен эч нерсе түшүнбөй калдым, — деди Жумагулов.
Буга чейин ал абактан бүгүн эртең мененки саат тогуздарда чыга турганы кабарланган. Журналисттер менен укук коргоочулар активисттин эркиндикке чыкканын аны тосуп алуу үчүн баратканда жолдо угушкан.
15-сентябрда Капшагай шаардык соту өтөп бүтө элек жаза мөөнөтүн эркиндигин чектөө жазасына алмаштыруу тууралуу Алмат Жумагуловдун өтүнүчүн канааттандырган.
Жумагулов 2017-жылы ноябрда банктардын биринде күзөтчү болуп иштеген Кенжебек Абишев аттуу жаран менен бирге кармалган. 2018-жылы декабрда Алматы шаардык соту Алмат Жумагуловду “Терроризмди пропагандалоо” жана “Улут аралык кастыкты козутуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Кенжебек Абишев “терроризмди пропагандалоо” айыбы менен жети жылга соттолгон. Алар айыптоолорду четке кагышкан. Казакстандагы бир катар укук коргоо уюмдары Алмат ЖУмагулов менен Кенжебек Абишевди саясий туткун деп таанышкан.
2020-жылы жазында Капшагай шаардык соту мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү эс алып, Жумагуловдун жаза мөөнөтүн 8 ай 26 күнгө, Абишевдикин сегиз айга кыскарткан.
Укук коргоочулар 2017-жылдын аягында Абишев менен Жумагуловдун кармалышын тыюу салынган “экстремисттик” топтордун ишине катышкандарга карата башталган репрессиянын жеткен чеги деп аташкан. Кеп анда бозгундагы мурдагы банкир, оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов жетектеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” жана “Көчө партиясы” кыймылдары жөнүндө болгон. Нур-Султан шаардык сотунун чечими менен бул кыймылдар Казакстанда экстремисттик деп табылган. Ошол эле кезде укук коргоо уюмдары менен Европа парламенти өз документтеринде аларды кадимки оппозициялык кыймылдар деп белгилеп келишет.
Европа парламенти Казакстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу быйыл февралда кабыл алган резолюциясында Нур-Султанды Кенжебек Абишев менен Алмат Жумагуловду бошотууга жана аларды актоого чакырган.
Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экени тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
22.02.2025 / Автор anarkan_kg УКМК ОШ ШААРЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК МАҢЗАТ ТОБУНУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ БӨГӨТ КОЙДУ
-
03.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ ЖАНА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫ РАЙОНУНА ЖАҢЫ АКИМ ДАЙЫНДАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.