Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

МОСКВАДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ “ЖАРАНСЫЗДЫК ПАСПОРТУ” БЕРИЛДИ

МОСКВАДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ “ЖАРАНСЫЗДЫК ПАСПОРТУ” БЕРИЛДИ

 6 Бардыгы /

Москвада 53 жаштагы Якубжан Хакимжановго “жарансыздык” документи берилди. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги Москвадагы Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөсү Ева Меркачёвага шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Хакимжанов Орусиянын баш калаасында мындай паспорт алган биринчи адам болуп калды. Ал буга чейин Сахароводогу миграциялык борбордо эки жылдай жашаган. Анда эч бир өлкөнүн жарандыгы жок болгондуктан, эч жакка депортация кыла алышкан эмес.

Мигрант өзү Тажикстандын баш калаасы Душанбе шаарында туулганын, беш жашка чыккандан кийин анын үй-бүлөсү Орусиянын Астрахань облусуна көчүп барганын билдирген.

Меркачёванын айтымында, Хакимжанов “жаш кезинен түрмөгө түшүп калган жана андан ары документтери табылган эмес”. Алгач кармалган кезде полиция анын тек-жайын аныктай алган эмес, анда эч бир өлкөнүн жарандыгы жок болуп чыккан.

“Жарансыздык паспорту” тууралуу мыйзам Орусияда 2021-жылдын августунда күчүнө кирген. Ага ылайык, соттун чечими менен Орусиянын жарандыгы тартылып алынган, СССР убактысынан бери паспортун алмаштырбаган жана орус жарандыгына кире элек адамдар ушундай документ ала алышат. Мындай документ эч бир өлкө кабыл албагандыктан соттун чечими менен депортация кылууга мүмкүн болбой жаткан жарандарга да берилет.

“Жарансыздыктын паспорту” он жылга чейин жарактуу. Бирок аны жыл сайын узартып туруу зарыл болот.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17