Аймак

ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП ИЙГИЛИК ҮЧҮН ЭШИГИН АЧАТ

ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП ИЙГИЛИК ҮЧҮН ЭШИГИН АЧАТ

 5,739 Бардыгы /

Ала-Бука районуна караштуу №3 Нуркул Орозалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 13-декабрдан 17-декабрга чейин мектепте ачык эшик жумалыгы болуп өттү. Бул жумалыктын максаты: активдүү окутуунун усулдары болгон “Дифференциацияланган жана интеграцияланган окутуу усулдары” деген темада семинар-тренингдерди өтүү аркылуу район ичиндеги мугалимдер аралык метод алмашуу болду.

Мында келип катышкан мугалимдер метод алмашуу менен бирге көп жакшы натыйжалуу билимдерге ээ болушуп, практикалык жана лабораториялык иштерди да жүргүзүүгө жетишишти.

Жумалыктын 1-күнү башталгыч класстардын математика предметинен “Тексттүү маселелерди иштөө” семинары менен башталды. Башталгыч класстардын семинарынын планынын негизинде 4 ачык саат, 1 класстан тышкаркы иш-чара, 1 BAALOOAPP тиркемеси боюнча практикалык тренинг өткөрүлдү. Бул семинарга 25 мугалим катышып, тажрыйба алмашышты.  

1. Башталгыч класстардын мугалими К.Эшалиева “Окуу керемет” долбоору тарабынан башталгыч класстардын окуучуларына калыптандыруучу баалоо

Жүргүзүү үчүн түзүлгөн ,, BAALOOAPP “ тиркемеси менен иштөөнүн жолдору боюнча пикир алышып, түшүнбөгөн суроолор боюнча талкуу жүргүзүлдү. Бул тиркеме менен иштөө боюнча жылдык план түзүлүп, пландын негизинде окуу жыл ичинде окуучуларга калыптандыруучу баалоону жүргүзүп, артта калган окуучулар менен  иштөө пайдалуу экендиги белгиленди.

Семинвардын катышуучулары практика жүзүндө ,,BAALOOAPP” тиркемеси менен иштешип, бул тиркеме менен иштөө кызыктуу экендигин айтышты. Семинар кызыктуу, ары натыйжалуу өттү.

Семинарга келген башталгыч класстарынын мугалимдери

2. Башталгыч класстын мугалими Калмырзаева Нургүл 3-а классына математика сабагынан “Тексттүү маселелерди чыгаруу” деген темада  сабак өттү . Сабактын максаты менен окуучуларды тааныштырып кетти. Окуучулары өз алдынча мисал, маселе иштеше алышат. Маселе иштөөнүн жолдору, тексттүү маселелерди иштөөнүн жолдорун кеңири түшүндүрүп берди. Окуучулар практика жүзүндө маселелерди иштешти. Сабакта классты топторго бөлүп, мелдеш-сабак түрүндө өттү. “Менин үй номерим” оюну аркылуу сабакты бышыктап алды. Окутуунун технологиясы – дифференциацияланган окутуу . Мугалим окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүнө жараша тапшырмаларды берип, балдар кайтарым байланыш жасап жатышты. Сабакта баалоо критерийлери менен иштеп, жыйынтыгында окуучуларды баалады.

Сабакка 15 мугалим катышып, “эң жакшы” деп баалашты. Мугалим изденүүчүлүк менен логикалык суроолорду, тапшырмаларды берип, окуучулардын ой-жүгүртүүсүн өстүрүүгө аракет жасады. Сабакта интерактивдүү усулдар колдонулуп, сабак кызыктуу болду. Мугалим ар бир окуучу менен  жекече мамиле түзө алды – деп анализ беришти.

3. Башталгыч класстын мугалими Г. Юлдашева да 2-б классына математика предметинен ушул эле темада сабак өттү. Окуучулар 3 топко бөлүнүшүп, арифметикалык диктант жазышты, мисалдарды жана тексттүү маселелерди иштешти. Бир да окуучу сабакка катышпай калган жок. Мугалим ар бир окуучунун жөндөмдүүлүгүнө жараша тапшырмаларды, таркатмаларды берүү аркылуу сурап алды. Тапшырмалар, суроолор кесиптерге байланыштуу түзүлгөн. Окуучулардын кругозору, сабакка болгон кызыгуусун арттыруу максатында интерактивдүү усулдарды колдонду. Катышуучулар тарабынан сабак “эң жакшы” деп бааланып, сабакта көп интерактивдүү , лекция, көрсөтмөлүүлүк , изилдөөчүлүк усулдары колдонулганын, дифференциацияланган окутуу менен сабак өз максатына жетти деп баа беришти.

Башталгыч  класс мугалими  Г.Юлдашева сабак өтүп жаткан  учуру

4. Башталгыч класстын мугалими Р.Хайдарова математика предметинен 2-в классына “Маселелерди иштөөнүн ар түрдүү ыкмалары” деген темада сабак өтүп берди. Сабакта маселе деген эмне, маселелердин түрлөрү жана типтери боюнча окуучулар билгендерин айтышты. Окуучулар маселе иштешип, кайсы түргө, кайсы типке тиешелүү экендигин табышты. Сабактын жыштыгы жакшы. Окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша ар кандай кызыктыруучу оюндарды, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү да жасата билди. Сабак көргөзмөлүү, дидактикалык материалдар, кроссворддор илинген. Мугалим начар окуучулар менен иштөөгө да көңүл бурду, алардын кабыл алуусуна жараша жеңилдетилген тапшырмаларды берди, сабак “эң жакшы” болду деп баалашты.

5. Башталгыч класстын мугалими С.Сулаева 4-в классына математикалык КВН  өттү. 8 окуучудан турган  “Знайки” жана “Умники и Умницы” командалары таймашышты.  Сабакка  17 мугалим катышты. Таймашта 5тапшырма берилди. Математикалык ырларды айтышты. Доскага макалдар илинип, бош жерлерге туура келген сандарды коюп табышты. Фигуралык тапшырмалар, маселелер иштетилди. Ар бир командага батмандар таркатылып, бош квадраттардын ичине математикалык белгилерди коюп, эсепти туура чыгарышты. Таймаштын ортосунда кыздар “Частушки” ырдашып, келген коноктордун маанайын көтөрүштү. Көрүүчү окуучуларга жана мугалимдерге логикалык суроолор берилди. Туура жооп бергендер кызыктыруучу белектер менен сыйланышты. Сабактын жетишкен жактары: окуучулар эсептерди, маселелерди чыгара алышат, логикалык суроолорго жооп таба алышат. Таймаш тарбиялык мааниге ээ, окуучуларды достукка, ынтымакка тарбиялаган “эң жакшы” сабак болду деп баалашты. Мындай таймаштарды көп өткөрүү окуучуларды тапкычтыкка, шамдагайлыкка, достукту сүйүүгө тарбияларын баса белгилешти.

6. Башталгыч класстын мугалими Х.Маматкулова 3-б классына математика сабагынан ачык сабак өттү. Сабактын максаты: көбөйтүү менен кемитүүнү маселеде колдонуу. Сабактын башында оозеки эсеп чыгаруу амалы аткарылды. Окуучулар доскадагы мисалдарды оозеки иштешти, андан кийин доскага чыгып маселе иштешти. Андан кийинки тапшырма “Минутка чистописание” болду. Окуучулар туура жазууга көнүгүштү. Маселе иштөөнүн методдорун колдонуп, окуучуларга ар түрдүү маселелерди иштетти. Балдар сабакка активдүү катышышты. Сабактын аягында” Зеленый”- могу работать самостоятельно, “ Желтый”- могу работать с помощью учителя .Не уверен в своих силах”, “Красный”- ничего не понял . Нужна помощь” баалоо баракчалары менен окуучулар өздөрүн баалашты.  Сабак тарбиялык мааниси бар, табышмактарды колдонуу аркылуу окуучуларды тапкычтыкка тарбиялаган сабак болду. Мугалимдин сабакка болгон даярдыгы, методикасы, дикциясы, окуучулар менен  тыгыз байланышта иштегени туурасында жылуу пикирлер айтылды. Семинардын катышуучулары тарабынан сабак ”эң жакшы” деп бааланды.  

            Ушул эле күнү физика мугалимдери Д.Чалданбаева жана Г.Жамалдиновалар тарабынан “Дифференциацияланган жана интеграцияланган окутуу” деген темада семинар-тренинг болуп өттү. Семинарда физика предметинин окутулушунун сапатын жогорулатуу, дифференциациянын түрлөрү, кайсы критерийлер менен дифференциациялаш керек, кайсы критерийлери менен интеграциялаш керек тууралуу сөз болду. Дефференциациялоо окуучунун жөндөмүнө, күтүлүүчү натыйжага, чөйрөгө, мазмунга жараша болот. Ал эми интеграциялоо предмет аралык, жашоо-шарт, чөйрөгө карата, мурунку билген билимине, кабыл алуусу аркылуу  болорун семинар жетекчиси кеңири  түшүндүрдү. Семинарда  интеграциялоо үчүн ”Скаффолдинг” жана дефференциациялоо боюнча “Станциялар боюнча ротация” деген эки стратегиялар каралды.  Бул эки стратегия катышуучулар тарабынан жаңы, колдонгонго ыңгайлуу экендиги, аны жайылтып колдонушары жөнүндө айтылды. Андан кийин кичи топтордо иштеп, виртуалдуу лаборатория, реалдуу лабораториялык иштерди аткарышты. Лабораториялык иштерди физика мугалими Г.Жамалдинова жетектеди. Семинарга 22 мугалим келип, бардыгы натыйжалуу билим жана усулдук жардам алышканын билдиришти. Мугалимдер өздөрүнө көп жаңы усулдук жардамдарды алышканын айтышып, мындай семинарлар дагы көп болушун билдиришти. Себеби мектебиңерде лабораториялык иштерди жүргүзүүгө жакшы , заманбап шарттар бар экендигин баса белгилешти.

            Экинчи күнү химия предметинен “Окуучуларды олимпиадага жана ЖРТга даярдоо деген темада химия мугалими Ю.Талапбаева тарабынан семинар-тренинг уюштурулду. Семинарга район ичинен 21 химия мугалими келип катышты. Катышуучуларды алгач семинар жетекчиси Ю.Талапбаева химия кабинетине кичи саякат уюштурду. Мында мектептин жаңыдан жасалгаланган заманбап типтеги химия кабинети, лаборатория кабинети, андагы жабдыктарды көрүп чыгышты.

            Тренингдин максаты: Химия мугалимдеринин сабактарда лабораториялык иштерди өткөрүү боюнча билимдерин жана билгичтиктерин жогорулатуу, окуучуларды ЖРТга даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жана бекемдөө.

            Семинардын жүрүшүндө Ю.Талапбаева тарабынан “Эритмелердин чөйрөсүн аныктоо” боюнча лабораториялык ишти көргөзүп берди. Андан кийин келген мугалимдер 4 топко бөлүнүп, өз алдынча ар бир топ лабораториялык иштерди аткарышып, көрсөтүп беришти. Талкуу жүргүзүшүп, презентация жасашты. Ошондой эле ар бир класстарда өтүлүүчү лабораториялык иштерди аткарууда түрдүү ыкмаларды колдонууну үйрөнүштү жана жаңы маалыматтарды алышты.

            Ал эми экинчи тапшырма боюнча окуучуларды ЖРТ га даярдоодо маселелерди чыгаруунун оңой жолдорун, методдорун издеп табуу жана аны окуучуларга үйрөтүү жөнүндө маалымат берди. Бул боюнча да мугалимдер топтордо ар түрдүү ЖРТ маселелерин ар кандай жолдор менен чыгарышып, талкуулап, оңой жолдорун издешип, талкуу жүргүзүштү. Семинардын катышуучулары тарабынан уюштурган мугалимдин дарегине ыраазычылыктар айтылып, метод алмашуунун мыкты семинары болгондугун баса белгилешип, анкеталарга  жакшы комментарийлерди  жазышты.

Ушул эле күнү биология предметинен да семинар болуп өттү. Аны мектептин биолог мугалими Д.Атаханова жетектеди.

            Биология предметинин семинар-тренигдин темасы : Клетка – тирүү организмдердин түзүлүшү жана тиричилик бирдиги ”. Семинардын максаты: клетканы лабораториялык сабакта изилдөө, клеткадагы процессерди изилдөө, плазмолиз  жана деплазмолиз деген кубулушту изилдөө. Семинарга 20дан ашык мугалим катышты. Алгач видео слайд көрсөтүлүп, андан кийин клетканын органоиддери, алардын аткарган кызматтарын талкуулашты. Берилген тапшырмаларды топ менен иштешип, активдүү аткарууга алышты. Семинар-тренинг лабораториялык иш менен жыйынтыкталды. Мында мугалимдер плазмолизди деплазмолизден айырмалашып, далилдеп беришти. Катышуучу мугалимдер активдүүлүгүн көрсөтүшүп, топтордо иштешип, тажрыйба алмашышты.Айрыкча, А.Атамов мектебинин биология мугалими М.Абдувалиева , Р.Абдисаматова мектебинен Т.Жумабаева , Ж.Бешимов мектебинен Т.Оңолбаева ,М. Эргешов мектебинен Н.Тайырбеков ,Н. Бекмембетов мектебинен С.Осмоновалар активдүү катышып, өз тажрыйбаларын бөлүшүштү. Семинардын аягында мындай сабактар  тез-тез өткөрүлүп турса деген сунуштарын айтышты.

Рисунок 1

            Ачык эшик жумалыгынын 3-күнү  пландын негизинде 2 семинар-тренинг өткөрүлдү. География предметинен “Жаңы стандарт боюнча компетенттүүлүккө негизделген сабактын иштелмесин түзүү” деген темада семинар-тренинг мектептин география мугалими А.Алчыматова тарабынан өткөрүлдү. Семинардын максаты: география предметин окутуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу. Алгач семинар-тренингдин программасы  менен жалпы мугалимдерди тааныштырды. Семинардын темасы айтылып тургандай негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн, мазмундук тилкелердин, күтүлүүчү натыйжалардын жана көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлгөн сабактын иштелмесин семинар жетекчиси А.Алчыматова тарабынан өзүнүн түзгөн сабагынын иштелмеси мугалимдерге сунушталды.

            Мугалимдер чакан топторго бөлүнүшүп, өздөрүнө бөлүнүп берилген темалар боюнча сабактын иштелмесин түзүп чыгышты жана талкуулашты. Жаңы стандарт боюнча курстан өтүп келген мугалимдер жогорку деңгээлде слайд-презентацияларды жасашты. Катышкан мугалимдерге А.Алчыматова тарабынан өзүнүн түзгөн сабагынын иштелмелерин үлгү катары көрсөтүлдү.

            Семинардын  экинчи этабында география предметинде колдонулган интерактивдүү усулдар жана алардын сабактарда кантип колдонушу жөнүндө сөз болду. Мугалимдер кайрадан эле топторго бөлүнүшүп, ар бири өзү колдонгон усулдарды сабакта кантип колдонгонун көрсөтүп беришти. Жыйынтыктоочу рефлекцияда “Чыгуу билети 3-2-1” ыкмасын колдонуу менен семинар жыйынтыкталды. Катышкан мугалимдер тарабынан жакшы ойлор , пикирлер жана сунуштар айтылды. Мындай семинарлар көбүрөөк болушун сунушташты.  Семинарга райондон 28 география мугалимдери келип катышып, тажрыйба топтоп кетишти.

            Ошондой эле кийинки күнү  райондун информатика мугалимдерине мектептин информатика мугалими Г.Садыкова “Маалыматтык компьютердик технологиялар” жөнүндө тренинг өттү. Семинардын максаты: информатика  мугалимдеринин МКТны сабактарда эффективдүү колдонуу маселелери боюнча мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жана бекемдөө. МКТ деген эмне?  Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) –бул колдонуучулардын кызыкчылыгы үчүн интеграцияланган методдордун, өндүрүш процесстеринин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. МКТ колдонуу максаттары: окуучулардын ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү, ойлонуу жараянынын усулдарын калыптандыруу болуп саналат. МКТны колдонуу аркылуу билим берүү сапатын, материалдын мазмунун байытат, көргөзмөлүүлүктү, эффективдүүлүктү, информациялык маданиятын жогорулатарын жана окуу процессинде компьютерди колдонууга шыктандырарын семинар-тренингдин башчысы Г.Садыкова мугалимдерге кеңири түшүндүрдү.

Семинарда мугалимдер 4 топко бөлүнүп иштешти. Тренингде мугалимдер  кичи топтордо иштеп, талкууларды жүргүзүштү жана презентацияларды жасашты. Катышуучуларга жакканы: Zipgrade  жана Plickers программалары менен иштөө болду. Бул программалар аркылуу жыйынтыктоочу тесттик иштерди жана үйгө тапшырманы текшерүүдө бат жана мугалимдин жумушун жеңилдетүүгө арналган программа экендиги айтылды.

Семинар-тренингдин 4-күнүндө математика мугалими Б.Сманалиева математика предметинен  “Баалоо жана баалоонун түрлөрү” аталышында максаттуу семинар өттү. Мында райондун мектептеринен 24 математика мугалимдери келип катышып, математика предметинде кантип баалоо жүргүзүүнү , баалоонун кандай түрлөрүн сабактын кайсы этабында колдонуу керектигин талкуулашып, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Программа боюнча таркатма материалдар берилди. Баа. Баа коюу, баа берүү. Баалоо деген түшүнүктөр талкууланды. Экинчи тапшырма баалоонун түрлөрү боюнча талкуу болуп торт топко бөлүнүшүп кызыктуу талкуу болду. Практикалык тапшырмада ар бир топ бирден теманы алып оз усулдарын баалоодо колдонгону тууралуу презентация жасашты

Математикалык оюндар манжа менен иштөөнүн усулдары да айтылып Б.Сманалиева өз иш тажрыйбасын   мугалимдер менен  бөлүшө алды. Ар бир презентациядан кийин  Б.Сманалиева жыйынтык чыгарып жатты. Мугалимдер өтө активдүү катышып ыраазычылык анкеталарын эн мыкты комментарийлер менен билдиришти.

Мына ошентип ачык эшик жумалыгынын акыркы күнү жыйынтыктоочу күнү болду. Бул күнү кластердик мектептердин директорлору, окуу-тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары менен биргеликте жыйын өттү. Бул жыйында инновациялык мектептин торчосундагы кластердик мектептер менен иштөөсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, талдап, пландаштырышты. Бул жылга карата 2 приоритеттүү багыттарды тандап алышты.

            Жыйындын соңунда семинарды уюштурган мектеп жетекчилигине, семинар-тренинг өткөн мугалимдерге жылуу сөздөр айтылып, ыраазычылыктар билдирилди жана өткөрүлгөн иш-чара максаттуу жана “эң жакшы” деп бааланды.

            Эмне дейбиз, сөзүбүздүн аягында мектебибизде болуп өткөн ачык эшик жумалыгы ийгиликтүү болуп өттү десек болот. Анткени мындай иш-чараны уюштурууда биздин мектептин мугалимдери тоодой эмгек, түгөнбөс билим, талыкпас тажрыйбаларын жумшады. Жума ичинде болуп өткөн ар бир семинар-тренинг өз максатына жетип, келип катышкан мугалимдер тарабынан уюштуруучуларга жылуу сөздөр айтылды. Ачык эшик жумалыгына активдүү катышкан жалпы райондун мугалимдерине, кластердик мектептердин директорлоруна, окуу-тарбия  иштери боюнча директордун орун басарларына  ыраазычылык билдиребиз.

            Түйшүктүү кесип ээлери, менин кесиптештерим, мындан аркы иштериңиздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын. Арыбаган мээнеттин артында бакубат дөөлөт турарын айтып, дайыма талыкпаган эмгекти каалайм.

                        Н.Орозалиев атындагы №3 жалпы  орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты  мугалими: Маатова Зуура Дуйшенкуловна

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17