Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)

КАЗАКСТАН МЕНЕН ТҮРКИЯ АСКЕРДИК КЫЗМАТТАШТЫК ТУУРАЛУУ КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЙДУ

КАЗАКСТАН МЕНЕН ТҮРКИЯ АСКЕРДИК КЫЗМАТТАШТЫК ТУУРАЛУУ КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЙДУ

 402 Бардыгы /

Казакстан менен Түркия аскердик кызматташтык тууралуу макулдашууга кол койду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы өлкөнүн расмий ЖМКларына шилтеме кылып кабарлады.

Казакстандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө президент Касым-Жомарт Токаевдин Түркияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында “эки өлкө ортосундагы аскердик кызматташтыкты көзөмөлдөй турган” бир катар документтерге кол коюлганы айтылып, бирок алардын чоо-жай жазылган эмес.

Түркиянын Коргоо министрлиги мекеме башчысы Хулуси Акар коргонуу тармагындагы түрк-казак байланышын кеңейтүүнүн, анын ичинде “биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүнүн” маанилүүлүгүн белгилегенин билдирди.

“Кол коюлган жалпы декларациянын аркасы менен өнөктөштүгүбүздү стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрдүк. Түркия менен Казакстан – бир тууган өлкөлөр. Биз Казакстандагы туруктуулук менен тынчтыкка өзгөчө көңүл бурабыз”, – деди Эрдоган Токаев менен жолуккандан кийин.

Казакстан менен Түркиянын расмий делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жалпысынан 14 документке кол коюлду. Алардын арасында жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында кызматташуу тууралуу меморандум, жүктөрдү эл аралык товар ташууга ылайыкташтыруу жана бажы көзөмөлүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөтүү тууралуу меморандум, маалыматтык технологиялар тармагында кызматташуу тууралуу меморандумдар бар.

Токаев Түркияга мамлекеттик сапары менен Украинада согуш уланып жаткан маалда барды. Айрым талдоочулар азыр Анкарада Москва өзүнүн таасир этүүчү аймагы деп эсептеп келген Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштарын чыңдоого мүмкүнчүлүк жаралганын билдиришүүдө.

Түркия – Киев менен Москванын сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болуп жаткан өлкөлөрдүн бири. Казакстан Орусиянын аскердик агрессиясын айыптаган эмес, ошол эле маалда Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын жана Донбасстагы сепаратисттик биригүүнү тааныбастыгын айткан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17