Аймак

СУЗАК ЖАШТАРЫ ЭРТЕ НИКЕГЕ ТУРУУГА КАРШЫ

СУЗАК ЖАШТАРЫ ЭРТЕ НИКЕГЕ ТУРУУГА КАРШЫ

 945 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак милициясы зордук зомбулукка жол бербөөнү, эрте никеге турууну жоюуну, кырсыктардын алдын алууну, жол эрежелерин сактоону жана  бүтүрүү кечелерин көзөмөлгө алат.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан райондогу мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук зомбулукка жол бербөө, эрте никеге турууну жоюу жана сууга чөгүп кетүү учурларды болтурбоо, жол эрежелерин сактоо боюнча жыйындар өткөрүлүп жатат.

Эске салсак, буга чейин Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында эрте никеге туруу боюнча маселе каралып, ушул багытта жана өспүрүмдөр арасында алдын алуу иш-чараларды күчөтүү зарылдыгы белгиленген. 

Бул жыйындарда окуучулар жана мугалимдер менен кошо ата-энелер да чакыртылып, бүтүрүүчү класстарга коштошуу кечелерин өткөрбөө, өз алдынча ата-энесинин коштоосуз жаратылышка чыкпоо, автоунаалар менен катарлап айдап ар кандай кырсыктарга кабылып калбоонун алдын алуу максатында эскертүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ал эми милициянын булл кадамына ыраазы болгон ата-энелер алардын сунуштарын толугу менен колдоп, балдарга тыкыр көзөмөл болорун айтып өтүштү.

Ошону менен катар «Өспүрүм түн» аталышындагы ыкчам иш-чара өткөрүлүп, натыйжада 21 жаш өспүрүм ата-энесинин коштоосу жок жүргөндүгү аныкталып, түшүндүрүү иштери алынып барылды.

Андан сырткары райондогу Көк-Арт дарыясы агып өткөн аймактарда, көлмөлөрү бар айылдарда сууга чөгүүнүн алдын алуу максатында Сузак РИИБи тарабынан атайын эскертүүлөр даярдалып, сууга түшүү кооптуу болгон аймактарга эскертүүлөр илинип, эл арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери байма-бай жүргүзүлүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17