Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА: ЭНЕРГОСИСТЕМАГА 889 МЛН СОМ ЗЫЯН КЕЛТИРИЛГЕН

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА: ЭНЕРГОСИСТЕМАГА 889 МЛН СОМ ЗЫЯН КЕЛТИРИЛГЕН

 336 Бардыгы /

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштарга байланыштуу 32 иш козголуп, жалпы мамлекетке келтирилген чыгым 889 млн. 54 миң 197 сом деп эсептелгенин маалымдады.

Көзөмөл орган текшерүүнүн алкагында, энергетика тармагындагы кызмат адамдарынын коррупциялык аракеттери, эмгек кодекси, сатып алуулар, тийиштүү мыйзамдардын талаптарын сакталышы иликтегенин билдирди. Башкы прокуратура Энергетика министрлигинде жана анын түзүмдүк уюмдарында мыйзамдар, президенттин жарлыктары, Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин талаптары бузулганы аныкталганын кабарлады.

Нормативдик укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 132 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекетке 22 млн. 150 миң 218 сом өндүрүлгөн.

Кылмыш иши козголгон Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди. Башкы прокуратура ага “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деген негизде эки кылмыш иши козголгонун 13-сентябрда билдирген. Прокуратуранын маалыматында министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын сарптаганы, курулуш иштеринен 15 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Бекмурзаев өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин “атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш” деп баалады. Ал 13-сентябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, мамлекет башчынын тапшырмасы менен энергетика тармагын реформа жасоого аракет кылып жатканын айткан.

Бекмурзаев 2021-жылдын июнь айында министрлик кызматка дайындалган учурда кыска аралыкта энергетика тармагын түп-тамырынан бери реформалай турганын жарыялаган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17