Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт

82 СТУДЕНТКЕ ЖАСАЛМА ДОКУМЕНТТЕР МЕНЕН ДИПЛОМ БЕРИЛГЕН

82 СТУДЕНТКЕ ЖАСАЛМА ДОКУМЕНТТЕР МЕНЕН ДИПЛОМ БЕРИЛГЕН

 252 Бардыгы /

     ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад университетин бүтүргөн 82 студентке жасалма документтер менен диплом берилген.

     Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде атайын текшерүү жүргүзүлүп, Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө» жобонун талаптары одоно бузулгандыгы аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педогогикалык багыты боюнча бюджеттик группаларды аяктаган 82 бүтүрүүчү Жалал-Абад облусунун аймагындагы райондордо орто билим берүү мектептеринде 2 жана 3 жыл иштешкендиги тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн Бекмамамт Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырышып, жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу дипломдорду алып кетишкен. Баса, дипломдорду алууга негиз болгон буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн дыкаат текшеришкенде, Жалал-Абад облусунун райондорундагы билим берүү бөлүмдөрү тарабынан жогорудагы 82 бүтүрүүчү орто мектептерде иштешпегендеги жана аларга айлык маяна чегерилбегендиги айгинеленди. Башкача айтканда, Жалал-Абад облусунун аймагындагы айрым мектептердин директорлору кызматынан кыянатчылык менен жеке кызыкчылыгына гана пайдаланышып, мектептерде иштешпеген 82 бүтүрүүчүлөргө жасалма буйрук, тактама жана эмгек китепчелерине жалган маалыматтарды дагы кошо киргизишкен.

Ошентип, алардын жогорудагы мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекетке 8 миллион 581 миң 819 сомдук зыян келтирилген. Бул фактынын негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иштери козголуп, ушул тапта тергөө амалдары кызуу жүргүзүлүүдө.

     Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17