Аймак

ЯПОНИЯДА КАЛЫҢДЫГЫ 2 МЕТР БОЛГОН КАР ЖААДЫ

ЯПОНИЯДА КАЛЫҢДЫГЫ 2 МЕТР БОЛГОН КАР ЖААДЫ

 1,519 Бардыгы /

 Бул тууралуу андагы сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга жүктөлдү. Белгиленгендей, өлкөнүн түштүгүндөгү Тохоку аймагындагы Ниигата префектурасында катуу суук болуп, рекорддук кар жааган. Метеорологдордун маалыматы боюнча жааган кардын бийиктиги Ямагата префектурасынын Окура айылында 2,2 метрге жакын, Ниигата шаарындагы Уонума шаарында 1,8 метрден ашкан. Бир катар шаарларда күн сайын кардын жаашы боюнча рекорддор жаңыланып жатканы кабарланды. Калың жааган кардан улам электр зымдары үзгүлтүккө учурап, 16 миңдей үй жарыксыз калды. Уюлдук байланыштарда дагы үзгүлтүктөр орун алды. Өлкөнүн кээ бир аймактарында 20-декабрда дагы катуу бороон болору эскертилди.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17