Аймак

КАРА-КУЛЖАДА ИМАМДЫН ЭКИ КАБАТТУУ ҮЙҮ ЖАНА УНААСЫ ӨРТТӨНҮП, А ӨЗҮ ЖАРАЛАНДЫ

КАРА-КУЛЖАДА ИМАМДЫН ЭКИ КАБАТТУУ ҮЙҮ ЖАНА УНААСЫ ӨРТТӨНҮП, А ӨЗҮ ЖАРАЛАНДЫ

 1,107 Бардыгы /

ОШ. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа Айыл Өкмөтүндө мечиттин имамына таандык эки кабаттуу үйү өрттөнүп, автоунаасы күйүп кетти. Тилсиз жоонун кесепетинен имам өзү дагы кыйла жаракат алды.

Муфтияттын маалыматына караганда, Ош облуунунс казысы Сайдамир ажы Жейналиев, орун басары Алибек ажы Жусупов, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров баштаган дин кызматкерлери Кара-Кулжа районуна дароо жетип барышып, тилсиз жоодон жабыр тарткан айыл имамына өз айылында жолугушту. Ош облустук казыяты тарабынан үйү толугу менен күйүп кеткен Таабалды Алибековго материалдык жардам көрсөтүлдү.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына маалыдашкандай, Кара-Кулжа кыштагында жалпы аянты 232 чарчы метр эки кабаттуу турак үй толугу менен, жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын чатыры 108 чарчы метр жана “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен өрттөнгөн.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17