Аймак

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ БАРАК КЫРГЫЗ АНКЛАВЫН БАЙЫРЛАГАНДАР АКЫРЫ АЛА ТООСУНА ТОЛУК КӨЧҮРҮЛДҮ

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ БАРАК КЫРГЫЗ АНКЛАВЫН БАЙЫРЛАГАНДАР АКЫРЫ АЛА ТООСУНА ТОЛУК КӨЧҮРҮЛДҮ

 162 Бардыгы /

Мамиле чындап чиеленишкенде, коңшулаш Өзбекстан 2013-жылы Кыргызстандын Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак анклавына барчуу жападан жалгыз жолду  биротоло жаап таштаган. Ошол себептүү Кыргыз бийлиги айласы таптакыр куруганда Барак айылын Өзбекстанга энчилеп, а мунун ордуна Өзбекстандын Кара-Суу районуна чектешкен тилкесинен 208 гектар жерди алганга мажбур болгон. Дал ушинтип өткөн жылы эки мамлекеттик ортосундагы чек ара көйгөйүнө дээрлик чекит коюлуп, делимитация жана демаркация жараяны толук бойдон аяктаган эле.

        Ошентип, акыркы күндөрдө Кыргызстандын Кара-Суу району менен Өзбенкстандын Коргон-Төбө районун тыгыз туташтырган жолдо Барак анклавынын жашоочуларынын жүктөрүн жана дагы мал-мүлктөрүн ташыган автооуналардын  чоң кербенинин аягы дегеле тыйылган жок. Анткени, барактыктар эски конушундагы турак жайларын шашылыш түрдө бузушуп, керектүү курулуш материлдарын жаңы конушуна аргасыздан ташып келишти. Ушул жылдын 14-апрелинде Гүлнара Алайева Барак анклавынан эң акыркылардан болуп көчүрүлүп чыгарылды.

-Өзбекстан биздин Кыргызстанга көчүүбүзгө, чындыгында, жетиштүү убакыт берген жок! Анткени, Барак анклавында жалгыз бой үй-бүлөлөр абдан көп эле. Маселен, менин күйөөм жалгыз бой. А балам али чоңое элек. Эски журтубузда – Өзбекстанда отун-суубуз, көптөгөн буюм-тейимдерибиз калып гана кетти, эй! Себеби, үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинен тартып коңшуларыбыз бизге айтпастан чек арасын биротоло жаап таштады. – деп аябай тызылдады Барак анклавынын тургуну Гүлнара Алайева.

        Баса, Барак анклавынан Кыргыз жарандарын биротоло көчүрүп чыгаруу эки тараптуу Келишимдин негизинде гана чечилген. Ошентип, Өзбекстандан дээрлик 97 турак жай, 8 социалдык обьект – имарат Кыргызстанга чукул арада араң көчүрүлдү. Бул максатта өлкөбүздүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 58 кошумча күч – кызматкер тартылды. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаевдин айтымында, барактыктар жайланышчуу жаңы айыл Кара-Суу районундагы Ала Тоо Айыл Өкмөтүнө карайт.

-Ушул тапта Өзбекстан менен алмашылган 208 гектар жердин Башкы долбоору – Планы иштелип бүттү. Ал эми демаркация жана делимитация маселеси бир ай мурун эле биржаңсыл чечилген. Бул аралыкта биз жарандарныбызга бардык тиешелүү шарттарды жараттык, – деди Президенттин Ош обьлусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаев. – Жаңы конушка барактыктар үй салышып, социалдык имараттарды куруу максатында мамлекеттик бюджеттен 270 миллион сом ажыратылды. Биз бул турак жайларды бүт үстүбүздөгү жылдын 31-августуна – Эгемендүүлүк майрамына карата толук кандуу бүткөрүп, ээлерине сөзсүз тапшырабыз.

        Ошентип, жергиликтүү Кыргыз бийлиги Ата Мекенине биротоло көчүп келишкен журтташтарына тиешелүү бардык камкордуктар көрүлөөрүн сөз арасында катуу убудалады. Анткени менен түпкү Мекенине көчүрүлгөндөр азырынча убактылуу баш калкалаганга шарттары жоктугуна ыраса даттанышты. Ошол себептүү булардын айрымдары тууган-уруктарыныкында убактынча жансакташса, ал эми кээ бирөөлөрү эптеп бирөөлөрдүн батирлерин ижарага жалдаганга дагы мажбур.

-“Өзбекстан Барактыктарга берген жерде жаңы айыл түптөлүп,  көчүрүлгөндөрдү бүт ошерге тегиз жайгаштырабыз” деп жатышат, – деди Барак анкалвынын дагы бир тургуну Нажимидин КАМАЛОВ. – Ал эми азыркы маалда ар кимибиз ар жерде – көрүнгөндүн колунда убактынча жашап жатабыз. Маселен, мен баламдыкындамын. Уулума Адырдан тээ мурун жер алган элек. А жаңы конуштагы жер тилкелери биржаңсыл чечилип, анан таратылганга дейре биз ошол жакта эптеп тирчилик кылабыз да….

        Айтмакчы, 2013-жылы Өзбекстан эскертпестен Кыргызстандын Барак анклавына барчуу жападан жалгыз жолду бир тараптуу эле жаап таштаган. Ошондо коңшу өлкө барактыктардын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Чек ара бекетин айланып өтүүгө гана уруксат кылган. Ошондон кийин карым-катыш дээрлик тыйылып, маселе ого бетер чиеленишкенде гана, Барак анкллавынын тургундары аларды Мекенине токтоосуз жана биротоло көчүрүүнү Кыргыз бийлигинен абдан суранышкан. А түгүл барактыктар жаны кашайганда, ошогездеги АКШнын президенти Барак Обамага дагы кайрылышып, андан бул кендирди кескен маселеге токтоосуз ортомчулук кылууну өтө катуу өтүнүшкөн. Дал ошогезде алгачкы ирет түпкү Ата Журтуна көчүрүлгөндөр Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сары-Колот айылына жайгаштырылган.

-Ооба. 2013-жылы Өзбекстандагы Кыргызстандын Барак кыштагында жашагандардын айрымдары Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сары-Колот айылына көчүрүлгөнбүз. Ошондо биз ырымын кылып жаңы конушубузду өзүбүзчө Жаңы Барак деп дагы атаганбыз. – деп кепке кошулду Барак анклавынын тургуну Дамир КАЛБАЕВ. – Буга дагы Кыргыз Өкмөтү түздөн-түз каралашкан. Тилекке каршы, жаңы конушубузда дыйканчылык кылганга эч кандай шартыбыз жок! Абдан эле кыйналдык. Ал эми биз тигил жакта – эски конушубузда жер иштетип, ошого жараша тың оокат кылчуубуз. А мобул Өзбекстан менен алмашылган 208 гектардан бизге деле жер тилкелери бөлүнсө, Жаңы Баракта жашагандар бөлүнүп-жарылбастан ушул жакка эле бир жаңсыл көчөт элек. Бирок, үйүбүздү салганга Кыргыз Өкмөтү акчалай каралашса, куп гана сообубузга калмак…

    Анклав боюнча адистер Кыргыз жетекчилиги Барак анклавын Өзбекстанга алмашкандыгын өтө туура жана дагы эч кечиктирилгис кадам сыңары сыпатташат. Ошол эле учурда Түпкү Ата Журтуна – Ала Тоого көчүрүлгөн мекендештерибиздин социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн Кыргыз Өкмөтү ыкчам жана дагы бир жаңсыл чечпесе, калк арасында иренжүү – көңүл калуу жаралаарын улам-улам эскертип жатышат…

        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош облусу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17