Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
4,474 Бардыгы / “Кыргызстан Баткенден башталат, Баткен өнүксө, өлкөбүз өнүгөт” деген ураан астында мамлекет башчыбыз С.Н. Жапаров жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары кабыл алып, 2023-жылдын 11-декабрында Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү иштеринин алкагында, Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын, ошону менен катар 30га чукул социалдык обьектилердин ачылышын жасады. КРдин экономика министрлигинин маалымат кызматы маалымдагандай, […]
4,475 Бардыгы / “Кыргызстан Баткенден башталат, Баткен өнүксө, өлкөбүз өнүгөт” деген ураан астында мамлекет башчыбыз С.Н. Жапаров жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары кабыл алып, 2023-жылдын 11-декабрында Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү иштеринин алкагында, Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын, ошону менен катар 30га чукул социалдык обьектилердин ачылышын жасады. КРдин экономика министрлигинин маалымат кызматы маалымдагандай, […]
БАТКЕН ОБЛУСУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ ИШТЕРИ
14.12.2023 / Автор anarkan_kg4,476 Бардыгы /
“Кыргызстан Баткенден башталат, Баткен өнүксө, өлкөбүз өнүгөт” деген ураан астында мамлекет башчыбыз С.Н. Жапаров жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары кабыл алып, 2023-жылдын 11-декабрында Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү иштеринин алкагында, Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын, ошону менен катар 30га чукул социалдык обьектилердин ачылышын жасады.
КРдин экономика министрлигинин маалымат кызматы маалымдагандай, каргашалуу окуялардан кийин калыбына келтирүү иш-чараларынын алкагында Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп кыйраган, жараксыз абалга келген тамдардын ордуна заманбап шарты менен жаңы үйлөр курулуп, ээлерине тапшырылды. Бул айылдарда үйлөрдүн короолору тосулуп, дарбазалары коюлуп, ар бирине таза суу киргизилди. Ички жолдорго асфальт төшөлүп, тратуар, суу латокторуна чейин коюлду. Жашылдандыруу, жарыктандыруу жумуштары да жасалып бүттү.
Бул эки айылдан сырткары, жалпы Баткен облусу боюнча 30дай социалдык обьектинин ачылышы болду. Анын ичинде сегиз мектеп, төрт балдар бакча, төрт ФАП, бир жалпы дарыгерлер борбору, УКМК башкармалыгынын имараты, бир спорт зал, бир музей, он бир скважина, эки тигүү цех, бир ирригациялык обьект жана бир курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачылып, пайдаланууга берилди.
Жарактан чыккан 417 үйдү өз мөөнөтүндө, сапаттуу кылып, бардык шарттары менен жаңыдан курулуп, жабыркаган жарандарыбыз жаңы үйлөрүнө киргизилди. Чек ара окуяларында жабыркаган жарандардын үйлөрүн куруу менен бардык өрттөлгөн жана капиталдык ремонтко муктаж турак жай ээлерине 200 000 сомдон акча каражаты толук төлөнүп берилди. Ал эми кезектеги ремонтко муктаж 124 үй ээсине даражасына жараша 100 миң сомго чейин компенсациялар төлөндү.
Окуяда унаасы же мал жандыктары жоголуп, же өрттөлүп материалдык зыян тарткан жалпы 678 жаранга 135 млн 554 миң сом акчалай компенсация төлөнүп берилди.
Жабыркаган 210 жеке ишкерге 300 000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлүп, жалпы 63 млн сом бөлүндү. 208 ишкерге 197 млн 500 миң сом акча каражаты жеңилдетилген насыя катары которулуп берилди.
Мындан сырткары, Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджет эсебинен жылына 500 млн. сом акча каражатын бөлүү каралган. Ага ылайык, учурда 500 млн. сом Баткен облусунун эсебине толук которулуп берилди.
Буга чейин 62 айыл чек арада өзгөчө статуска ээ болгон болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 92ге жетти. Өзгөчө статус алган айылдын тургундарына 2022-жылдын 1-мартынан тартып, жөлөк пул алуучулардын үй-бүлөсүндөгү ар бир балага 1000 сомдон кошумча төлөм төлөнө баштады. Чек арада туруктуу жашагандардын пенсиясына 2000 сомдон кошулду. Саламаттыкты сактоо, Ички иштер, Салык жана башка тармактарында бир катар кызмат көрсөтүүлөр жеңилдеди. Ошону менен катар 2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусунда 48,8 км жол асфальтталды. 38,6 км жаңы жол салынды. Жол куруу жана тейлөө үчүн 20 даана атайын техникалар берилди.
Социалдык маанидеги объектердин курулушу боюнча 2023-жылдын титулдук тизмесиндеги 46 объектиге 427, 0 млн сом акча каражаты каралган.
Бул чөлкөмдөгү 46 объектинин ичинде:
– 32 мектеп;
– 2 саламаттыкты сактоо мекемеси;
– 2 маданият мекемеси;
– 6 таза суу менен камсыздоо объектилери;
– 4 жеке турак үйдүн капиталдык ремонту каралган.
Ушул жылы 21 объект тапшырууга пландалган болсо, алардын дээрлик көпчүлүгүнүн ачылышы болуп, пайдаланууга берилди.
Ошондой эле аймакта бир катар аскер обьектилери салынып, пайдаланууга берилди.
Айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлор ишке аша баштады. Суу чарба тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына Баткен областы боюнча 8 чоң долбоор киргизилип, бүгүнкү күндө 3 долбоор ишке ашырылды жана 1 долбоор дагы ишке ашырылып жатат. Алар Кадамжай районунан Кара-Кыштак – Боз каналы, Молдо-Нияз СПА каналы, Баткен районунда Р-4 каналы бүткөрүлдү.
Лейлек районунун Арка массивине өз нугу менен суу чыгаруу үчүн Максат айылына дюкер жана Баткен районунда Кара-Кол каналдарынын курулуш иштери жүрүп жатат. Жалпы республикалык бюджеттен Баткендин ирригация тармагына 1 млрд 444 млн сом акча каражаты жумшалды.
Ал эми Дүйнөлүк Банк менен жетишилген макулдашууларга ылайык, Баткен облусуна 50 млн доллар каржылоо каралган. Анын ичинен Баткен облусунун Кадамжай, Раззаков, Баткен шаарларынын инфратүзүмүн жакшыртууга 24 млн доллар, айыл чарба класстерин өнүктүрүүгө 23 млн доллар, 3 млн доллар грант катары каржылоо каралган.
Салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров Ата Мекен чегине чеп болгон Баткендин баатыр элине терең ыраазычылык билдирип, Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылууга, инфратүзүмүн жакшыртуу менен ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик колдоолор мындан ары да уланарын баса белгиледи.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО “AMANAT CITY RUN” ЭЛ АРАЛЫК ЖАРЫМ МАРАФОНУ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg АЛ ЭМИ ЛЕЙЛЕКТЕ ДАГЫ «АК-САРАЙ» ЧЕК АРА ЗАСТАВАСЫ АЧЫЛДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.