Аймак

МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАЛЫК КОМПАНИЯ БАШТАПКЫ ТӨЛӨМҮ ЖОК ТУРАК ЖАЙ БЕРЕТ

МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАЛЫК КОМПАНИЯ БАШТАПКЫ ТӨЛӨМҮ ЖОК ТУРАК ЖАЙ БЕРЕТ

 645 Бардыгы /

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын менеджери Жылдыз Бекбоева менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен маалыматтык жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда негизинен мамлекеттик ипотекалык компаниянын бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан иш аракеттери тууралуу кенен маалымат берилди. Ошону менен бирге журналисттерди кызыктырган суроолорго жооптор алынды.

Жылдыз Бекбоеванын айтымында бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотекалык компания “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашырууда. Турак жай программа 5 жылга кабыл алынган. Анын биринчи программасы 2020-жылы өз ишин аяктаса, ал эми 2021-жылы экинчи турак жай программасы кабыл алынган. Азыркы программада мурунку турак жай программасынан пайыздык жактан чоң айырмачылык бар. Ипотекалык компания жаңы ипотекалык кредиттерди 14 пайыздан берип баштаган. Учурдагы “Менин үйүм 2021-2026” ипотекалык программанын алкагында бюджетик тармактарда иштеген жарандарыбызга 4 пайыздан ипотекалык кредиттер берип жатат. Бул өлкөнүн жүргүзүп жаткан саясатындагы эң бир приоритеттүү багыттарынын бири болуп эсептелинет. Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен калкты жеңилдетилген ипотека аркылуу турак жайлар менен камсыздоо максатында пайыз төмөндөтүлдү.

Эми мамлекет жарандарга түзмө-түз ипотекалык кредит аркылуу турак жай менен камсыздайт. 2023-жылдын башынан бери мамлекеттик ипотекалык компания жүргүзүп жаткан саясатына өзгөртүү киргизген. Тагыраагы буга чейин ипотекалык кредиттер банктар аркылуу жүргүзүлүп келсе, эми мамлекет өзү турак жайларды куруп, жарандарга жаңы курулган үйлөрдү түзмө-түз келишим түзүү менен ипотекага бере турган болду. Анткени банк аркылуу ипотекага акча бергенден көрө, ошол каражатка мамлекет өзү турак жай салган каражат эки эсе сарамжалдуу пайдаланылышын тиешелүү адистер изилдеп чыккан. Тагыраагы банк аркылуу бир жаранга берген каражатка, мамлекет өзү эки жаранды турак жай менен камсыздаганы мүмкүндүк бар экени далилденген. Болгондо да мамлекет жаңы заман талабына ылайык шарттары бар, сейсмологиялык жактан бекем, сапаттуу турак жай салып берет.

“2022-жылы мамлекеттик ипотекага мамлекет рекорддук сумма 4 миллиард 655 миллион сом ипотекалык кредит берген. Бул бир тарабынан жакшы көрүнүш деп эсептелгени менен экинчи тарабынан турак жай рыногуна терс таасир тийди. Ипотекалык кредит берген сайын турак жай фонду аз болгондуктан турак жайга болгон баа өсүп кетти. Негизи БУУнун атайын социалдык нормасы бар. Мамлекеттин ичинде ар бир жаранга 30 кв.м. турак жай фонду болуусу керек. Бирок Кыргызстандын шартында бир жаранга болгону ар бир жаранга 12 кв. м. туура келет. Бул көрсөткүч социалдык норманын жарымына да жетпейт. Ошондуктан бүгүнкү күндө бизде турак жайга болгон муктаждык жогору экен”,-дейт мамлекеттик ипотекалык компаниянын менеджери Жылдыз Бекбоева.

Мамлекеттик ипотекалык компания баштапкы төлөмү жок турак жай берет.

Бул компания аркылуу жаңы курулган үйлөрдү алууда баштапкы төлөм болбойт. Ипотекалык турак жайда 25 жылга чейин жарандар ижарага алып жашай берет, ижара акы төлөп отуруп мөөнөтү бүткөндө ошол үй-бүлөгө үй өткөрүлүп берилет. Тагыраагы кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берилет. Бул дүйнө жүзүндө эң жеңилдетилген механизм болуп эсептелинет. Ошондой эле мамлекеттик ипотекалык компания жарандарга түзмө-түз бергендиктен жарандарга бир топ жеңилдиктер түзүлөт. Тагыраагы банктар аркылуу жүргүзүлгөн кошумча бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат.

Эскерте кетсек, ушул 2023-жылдын күз айларында республика боюнча биринчилерден болуп Жалал-Абад шаарына “Асман резиденс” деген жаңы 9 кабаттуу 4 ипотекалык турак жайлардын курулушу башталды. Мында жалпы 639 батир болот. Аталган турак жай бат ошол учурда сапаттуу болуп курулат. Анткени мамлекеттик үйлөрдү курууда мамлекет өзү коопсуздугуна терең көңүл бурууда. Ошону менен бирге жогорудагы мамлекеттик ипотекалык көп кабаттуу турак үйлөр монолиттик каркас болуп курулууда. Монолиттик үйлөр сейсмологиялык жактан жаратылыш кырсыктарына туруштук берген, эң бекем үйлөр болуп эсептелет.

БАТИРЛЕР КАНДАЙ ШАРТТА БЕРИЛЕТ?

Негизинен ипотекалык үйлөр социалдык, арзан жана жеңилдетилген болуп 3 багытта берилет. Социалдык ипотека белгилүү болгондой эле мамлекеттик жактан колдоого муктаж болгон, ошону менен бирге социалдык тармактарда 15 жылдан ашык иштеген жарандар ала алат. Майып балдары бар ата-энелер жана өздөрү майып бирок, иштеген жарандар алат. Алыскы аймактарда жашап иштеп жаткан жаш адистер да алууга болот. Ал эми арзан ипотека бюджеттик мекеме- ишканаларда иштеген мугалимдерге, дарыгерлерге, күч органдарда иштеген кызматкерлерге жана башка жергиликтүү бийлик кызматтарында иштегендерге берилет. Ал эми жеке тараптарда иштеген жарандарга 8 пайыз менен берилет. Негизгиси мамлекет 70 жашка чейинки курактагы жарандарын ипотекалык турак үй менен камсыздай алат.

ИПОТЕКАЛЫК КОМПАНИЯ САНАРИПТЕШТИРҮҮГӨ ӨТКӨН

Мамлекеттик ипотекалык компания Кыргызстанда биринчилерден болуп санариптештирүүгө өткөн. Бул компанияда кагаз түрүндө эч бир документ талап кылынбайт. Кол телефон же компьютер аркылуу аралыкта олтуруп эле анкета толтурулат. Анкета толтурган жаран компаниянын адистерине текшерүүгө жөнөтүү баскычты баскандан кийин мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталына автоматтык түрдө келип түшөт. Мындагы адистерде юридикалык укук пайда болуп, ал жаран тууралуу толук маалыматы, анын атында турак жай жокпу, кирешеси, расмий иштөөсү жана башка тиешелүү маалыматтар түндүк тутуму аркылуу изилденип, такталат.

“Ипотекага үй алып, анда жашабай ижарага берип койгонго же сатканга болгойт. Анткени бул социалдык мамлекеттик долбоор. Андан жарандар киреше табууга болбойт. Эгер андай факт катталса, мамлекет турак жайды өзүнө кайтарып алат”,- дейт Ж. Бекбоева.

Белгилеп кетүүчү нерсе, ипотекалык турак үйлөр жаран кайсыл жерде иштеп каражат тапса, ошого карап берилет. Каттоосуна каралбайт. Ошондой эле компания ипотекага берилген үйлөрдүн аянтына чектөө киргизген. Себеби турак жай базарындагы үйлөргө болгон бааны кармап калуу механизми. Ипотекага берилүүчү үйлөрдүн аянты 80-100 чарчы метрден ашпайт жана үйлөрдүн баасы 4-5 миллионго чейин.

ИПОТЕКА ГЕРМАНИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ ТАРАБЫНАН ДА БЕРИЛЕТ

KFW – бул Германия өнүктүрүү банкы. Бул багытта да ипотекалык кредиттер берилип келет. Алардын максаты аймактарда жашаган кирешеси орто же төмөн жарандарга ипотека берүү.

KFW- программасы тарабынан 3 багытта ипотека берилет. Биринчиси “Кут конуш”. Бул жаңы салынган үй. Экинчиси “Бекустун” мурда курулган, адам жашаган үй. Үчүнчүсү “Ашар” турак жай салууга кызыл китеби бар жери болсо, үй салганы каражат алса болот.

Негизи KFW программасы жеке тармактарда иштеген жарандарга ылайыкташкан. Германия өнүктүрүү банк тарабынан ушул жылдын күз айында  670 жаран батирлүү болгон. Бул программада 8 пайыз өлчөмүндө ипотека берет. Ошондой эле 10 пайыз баштапкы төлөм төлөнөт.

Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17