Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 3534 ДААНА МАМЫЧА ОРНОТУЛАТ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 3534 ДААНА МАМЫЧА ОРНОТУЛАТ

 3 Бардыгы /

Өлкөдө Энергетика министрлиги тарабынан тармактагы жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдагы реформалардын, модернизациялоонун жана инфраструктураны системдүү жаңылоонун алкагында “КУЭТ” ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан 2026- жылдын март айынан тартып ноябрь айына чейин Жалал-Абад облусунда 3534 даана мамыча орнотулат.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей,  бул иштер энергетикалык коопсуздукту чыңдоого, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга жана тармактын техникалык базасын заманбап талаптарга шайкеш келтирүүгө багытталган.

2026-жылы облус аймагында 10-0,4 кВ аба чубалгылары боюнча 380 даана жаңы мамыча орнотулат. Алар төмөнкү райондордо жайгашат:

Аксы району — 78 даана; Ала-Бука району — 29 даана; Базар-Коргон району — 20 даана; Манас шаары — 93 даана; Кара-Көл шаары — 25 даана; Майлуу-Суу шаары — 18 даана; Ноокен району — 26 даана; Сузак району — 27 даана;

Таш-Көмүр шаары — 64 даана.

Мындан тышкары тармакты комплекстүү жаңылоо максатында 3154 даана эскирген жыгач мамычалар заманбап темир-бетон мамычаларга алмаштырылат. Бул иштер төмөнкү аймактарда жүргүзүлөт:

Аксы району — 240 даана; Ала-Бука району — 326 даана; Базар-Коргон району — 558 даана; Манас шаары — 226 даана; Кара-Көл шаары — 89 даана; Көк-Арт аймагы — 414 даана; Майлуу-Суу шаары — 122 даана; Ноокен району — 433 даана; Сузак району — 415 даана; Таш-Көмүр шаары — 77 даана; Токтогул району — 169 даана; Чаткал району — 85 даана.

Жүргүзүлүп жаткан модернизация иштери авариялык өчүүлөрдү азайтып, жүктөмдөрдү туруктуу көтөрүүгө шарт түзөт жана керектөөчүлөргө сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүүгө өбөлгө болот. Жогоруда аталган иштерди аткаруу үчүн пайдаланылуучу мамычалар Базар-Коргон шаарында жайгашкан Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын темир-бетон буюмдарын чыгаруу цехинде даярдалат.

Энергетика тармагындагы бул системдүү өзгөрүүлөр — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн жана калктын жашоо сапатын жогорулатуунун негизги багыттарынын бири.

Керектөөчүлөр үчүн байланыш: 105, 0(772) 00 12 09, 0(556) 00 12 09,

WhatsApp: 0(702) 00 12 09.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17