Аймак

КУТТУКТОО Урматтуу мугалимдер!

КУТТУКТОО Урматтуу мугалимдер!

 10,002 Бардыгы /

Ардактуу билим берүү тармактын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат.

Бала тарбиялоо, билимдүүлүк менен кесипкөйлүккө багыттоо, ошол эле учурда коомго пайдалуу инсан кылып тарбиялоодо мугалимдин эмгеги абдан чоң. Ар бир ата-эне сыяктуу эле, мугалим да окуучуларынын келечеги үчүн кайгырат.

Соңку жылдары агартуу тармагынын кызматкерлеринин түйшүктүү эмгеги бааланып, алардын кадыр-баркын жогорулатуу үчүн мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда. Президентибиздин 2022-жылдын апрель айындагы мугалимдердин айлык акысын көтөрүү жөнүндөгү Жарлыгы өлкөбүздөгү мугалимдердин ишине бир топ стимул берди деп ойлойм. Ошол эле учурда бул кадам агартуу тармагынын кызматкерлерине жаңы технологияларды өздөштүрүү менен балдардын билим сапатын жогорулатуу жоопкерчилигин жүктөдү.

Кымбаттуу мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздердин жумушуңуздарга болгон колдоо, татыктуу шарт түзүү аракеттерибиз дагы да улантылат. Келечек муундарыбызга сапаттуу билим берүүдөн талбаңыздар! Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм!

Абсаттар СЫРГАБАЕВ,

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17