Аймак

ОШ ШААРЫНДА «АЛЫМБЕК МЕНЕН КУРМАНЖАН» ОПЕРАСЫ ЖҮЗҮН АЧАТ

ОШ ШААРЫНДА «АЛЫМБЕК МЕНЕН КУРМАНЖАН» ОПЕРАСЫ ЖҮЗҮН АЧАТ

 1,167 Бардыгы /

        ОШ. 31-августта, эгемендүүлүк күнүнүн урматына Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык Өзбек музыкалык драма театрында «Алымбек менен Курманжан» операсынын бет ачары болот.

Аталган тарыхый драмада Кыргыздын улуу саясий ишмерлери Алымбек датканын жана Курманжан Датканын Мекенге болгон сүйүүсү, өмүрү жана кызматы таасын баяндалат. Башкы ролдорду Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нуржигит Асанов, Кыргыз Эл артисти Бактыбек Ыбыкеев (Алымбек датка) жана Кыргыз Эл артисти Айзирек Момунова жана Бактыгүл Бокоева (Курманжан датка) аткарышат.

«Алымбек менен Курманжан» операсын коюучу-режиссер   Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаев, коюучу-сүрөтчү Кыргыз Эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидинов, балетмейстер Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Канат Надырбек, башкы хормейстер Кыргыз Эл артисти Карагул Тиленчиев.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17