Аймак

ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

 1,032 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 22- август күнү Аксы районунда райондогу педагогикалык кызматкерлердин август кеңешмеси өткөрүлдү.

Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан маалымдашкандай, кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Абдибаева, Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун директору А. Токтосунов, Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы аким З.Сыдыков жана райондогу мекеме-уюмдардын жетекчилери, ардагерлер катышты. Кеңешменин башталышында Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептин кире беришине таланттуу окуучулардын жана чыгаан мугалимдердин жаратмандыгын тастыктаган көргөзмөсү уюштурулду. Билим берүүдө заманбап алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу максатында мугалимдер чыгармачылыгы боюнча баяндап берүүгө, окуучулар мастер-класстар көрсөтүүгө үлгүрүштү.

“Билим берүүнүн санариптик платформасы жана жашыл көндүмдөр!” чакырыгын турмушка ашырууда кайрылуу кабыл алынды. Андан соң 2022-2023-окуу жылындагы ийгиликтер даңазаланып, сыйлыктар тапшырылды. Кеңешмеге келген коноктор жаш муундарга тарбия берүүдө, келечекте өнүгүүсүнө салым кошуу боюнча сунуштарын беришти.

Кеңешменин жыйынтыгында 2022-2023-окуу жылында жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн мугалимдерге Ардак грамоталар тапшырылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17