Аймак

ОШМУ 85 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН ЖАЗДА БЕЛГИЛЕЙТ

ОШМУ 85 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН ЖАЗДА БЕЛГИЛЕЙТ

 850 Бардыгы /

Ош мамлекеттик университетинен маалымдашкандай, аталган жогорку окуу жайдын 85 жылдык мааракесине байланыштуу өткөрүлүүчү иш-чаралардын пландарын талкуулоо үчүн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков ректораттын курамы жана кесиптик бирлиги менен биргеликте кошмо жыйын өткөрдү.

          Аталган чогулушта мааракелик иш-чараны өткөрүүнүн уюштуруу тобу, жумушчу тобу бекитилип, окуу жайдын 85 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын планы боюнча тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмалар берилип, алдыларына конкреттүү милдеттер дагы коюлду. Анткени, ОшМУнун 85 жылдык мааракеси үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо салтанаттуу түрдө белгиленет. Бул мааракеге карата «ОшМУ сүрөтчөлөрдүн көзү менен», «Ырдайлы Кыргыз ырларын» сынактары, Казак-Кыргыз айтышы, журналисттердин, бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын форумдары, республикалык стартап конкурстар, эл аралык конференциялар, ойлоп табуучулардын сынактары, спорттук мелдештер дагы өткөрүлөт. Мындан тышкары ОшМУнун 85 жылдык тарыхын чагылдырган даректүү тасмалар дагы тартылат.

          Ошентип, быйыл 85 жылдык мааракесин белгилеп жаткан ОшМУнун башаты 1939-жылда ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. 1951-жылы Ош мугалимдер институту Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп өзгөртүлүп, акырында 1992-жылы Ош мамлекеттик университетине  кайрадан түзүлгөн.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17