Аймак

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕГИ ИЙГИЛИКТЕР

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕГИ ИЙГИЛИКТЕР

 1,110 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 13-февралда К.Ш. Токтомаматова атындагы Эл аралык университет (МНУ, Жалал-Абад шаары) 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкондугу үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Жылдын мыкты жогорку окуу жайы” диплому менен сыйланышты.

Аталган окуу жайдын Кесиптик багыттоо иштери жана коомчулук менен байланыш кызматы билдиргендей, быйылкы жылы 9-12-февралда күрөштүн эркин жана классикалык түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өткөрүлгөн. Анда “Алыш “улуттук кур күрөшүнөн 75 кг салмак категориясында “Педагогика” багыты боюнча III курсунун студенти Курсанбек кызы Феруза 1-орунду ээлеген. Ошондой эле ЭАУнун гуманитардык-экономикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча I курсунун студенти Кожоярова Мадина 55 кг салмактык категориясы менен III орунду багындырды.

ЭАУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери ийгилик жараткан студенттерди жогорку жетишкендиктери менен куттуктап, мындан да чоң ийгиликтерге жетише беришин каалашты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17