Аймак

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

 633 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 6-майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун буйругунун негизинде Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармонияга Кырбашев Муктар Сатарович директор болуп дайындалды. Аны эмгек жамаатка жаңы жетекчини министрдин кеңешчиси Бактыбек Секимов тааныштырды.

Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын маалымат кызматы билдиргендей, буга чейинки облустук филармониянын директору Балтагулов Эмильбек Аширбекович өз каалоосу менен кызматын тапшырды.

Эмил Балтагулов, директорлук ишмердигинде ар тараптуу колдоо көрсөтүп турганы үчүн министрибиз Алтынбек Максутовго, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковго жана жалпы эмгек жамаатка ыраазычылык айтып, кызматтан кетүү себебин чыгармачылыгына байланыштуу экенин билдирди. Мындан ары маданий тармакта ырчылык, обончулук сыяктуу көп тармактуу иштер менен алек болорун кошумчалады. Ошондой эле жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалады.

Ал эми директорлук кызматка киришкен Муктар Кырбашев филармониянын мындан аркы өнүгүүсүнө бар күчүн жумшай турганын, ага тажрыйбасы жетиштүү экенин баса белгиледи.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17