Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
616 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Д.Шабданов атындагы балдардын билим берүү борборунда ата-энелер жана мугалимдер үчүн “Аутизм деген эмне? Балдарыбызга кантип жардам бере алабыз”- деген темада 2 күндүк райондук семинар уюштурулуп өткөрүлдү. Бул семинарга Ала-Бука айыл аймагына караштуу 7 мектептин социалдык педагогдору жана 8 айыл аймагына караштуу мектептерден логопеддик билим алып жаткан […]
617 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Д.Шабданов атындагы балдардын билим берүү борборунда ата-энелер жана мугалимдер үчүн “Аутизм деген эмне? Балдарыбызга кантип жардам бере алабыз”- деген темада 2 күндүк райондук семинар уюштурулуп өткөрүлдү. Бул семинарга Ала-Бука айыл аймагына караштуу 7 мектептин социалдык педагогдору жана 8 айыл аймагына караштуу мектептерден логопеддик билим алып жаткан […]
“АУТИЗМ ДЕГЕН ЭМНЕ? БАЛДАРЫБЫЗГА КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАБЫЗ”
06.06.2024 / Автор anarkan_kg618 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Д.Шабданов атындагы балдардын билим берүү борборунда ата-энелер жана мугалимдер үчүн “Аутизм деген эмне? Балдарыбызга кантип жардам бере алабыз”- деген темада 2 күндүк райондук семинар уюштурулуп өткөрүлдү.
Бул семинарга Ала-Бука айыл аймагына караштуу 7 мектептин социалдык педагогдору жана 8 айыл аймагына караштуу мектептерден логопеддик билим алып жаткан мугалимдер катышышты. Семинарда СDI (Crosslink Development International) Эл аралык өнүктүрүүчү кайрымдуулук фондунун өкүлү Рафаэль Хуббер жана инклюзивдик билим берүү боюнча адиси Джулина Кайлхолдс атайын жардамга муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөөнүн ыкмаларын үйрөтүү менен айрыкча, “Аутизм деген эмне? “Аутизм менен жабыркаган балдарыбызга кантип жардам бере алабыз?”- деген негизги темаларга токтолуп окутуу жүргүзүштү.
Д.Шабданов атындагы Ала-Бука райондук билим берүү борборунун директору Т.Өмүрова сөз сүйлөп, борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга багытталган 2 ийрим: “Кадам сайын кадам”, “Сезимтал бала” инклюзивдик ийримдери ийгиликтүү иштеп жаткандыгына жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Атамырза Баймуратовдун демилгеси менен 8 айыл аймагынан логопед-деффектолог мугалимдер даярдалып жаткандыгына токтолуп, жакындан жардам берип жаткан СDI Эл аралык өнүктүрүүчү кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирди.
Айта кетчү жагдай, сегиз айыл аймагынан инклюзивдик окууга тартылган мугалимдер контракттык негизде Россия Федерациясына караштуу Волгоград гуманитардык академиясынын социалдык факультетинин логопед- деффектолог адистиктеринде кайра даярдоо толук курсунда окуп, алардын контрактын СDI Эл аралык өнүктүрүүчү кайрымдуулук фонду тарабына 10 мугалимге 160 000 (жүз алтымыш миң) сом каржыланып берилди.
Инклюзивдик билим- атайын жардамга муктаж балдар коомдогу жашоо шартка, жынысына, жашына, кабыл алуусуна, улутуна карабастан жалпы билим берүүчү мектептерде кошулуп билим алуусун белгилейт. Инклюзивдик билим берүү мамлекеттин билим берүү саясатын ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыты. Ошондой эле Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга жалпы билим берүү жана адистештирилген билим берүү уюмдарынын базасында инклюзивдик билим берүү шарттарын, билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде инклюзивдик билим берүүнү интеграциялоону камсыз кылуу милдеттери коюлгандыгы баса белгилөөгө болот.
Семинардын жүрүшүндө инклюзив- түздөн түз котормосу бул «кошуу» жана инклюзивдик билим берүү билим тармагынын ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ылайыкташуусу, ошондой эле адамдардын, анын ичинде балдардын билим алышына жолтоо болуучу тоскоолдуктарды жоюу менен балдар жамаатындагы бардык балдардын көйгөйүнө, артта калганына, жашына, жынысына карабастан өз карамагына камтууну үйрөтүү менен аутизм менен жабыркаган балдарга жардам берүү, аларды коомго кошуунун ар түрдүү жолдору үйрөтүлдү.
Семинарда 1-күн теориялык маалыматтар, 2-күн практика менен толукталды жана семинарга коюлган темага ылайык өз максатына жетти. Семинардын катышуучулары, ата-энелер жана мугалимдер борбордун эмгек жамаатына, жетекчиси Таалайгүл Абдырамановнага жана СDI Эл аралык өнүктүрүүчү кайрымдуулук фондунун өкүлү Рафаэль Хубберге, инклюзивдик билим берүү боюнча адиси Джулина Кайлхолдско ыраазычылык билдиришти.




Маалыматты даярдаган: Нурзада БАТЫРБЕКОВА, борбордун ийрим жетекчиси
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРАДА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНЫН МЭРИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ТЕКШЕРДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.