Аймак

“АЛТЫН ЧӨЙЧӨК ТОГУЗ-ТОРО” КУТТУУ ЭЛ УЛУТТУК ФОРУМУ ӨТТҮ

“АЛТЫН ЧӨЙЧӨК ТОГУЗ-ТОРО” КУТТУУ ЭЛ УЛУТТУК ФОРУМУ ӨТТҮ

 705 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Тогуз-Торо районунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси менен “Алтын чөйчөк Тогуз-Торо” Куттуу эл улуттук форуму өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Кыргыз элинин баа жеткис  руханий мурасы – “Манас”  эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруунун алкагында 2022-жылдан бери облустарда “Куттуу эл” улуттук форуму Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси менен өткөрүлүп келе жатат.

“Куттуу эл” форуму алгачкы жолу Ош шаарында, андан кийин Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жана Балыкчы шаарында өттү.

Бул ирет өлкө аймагындагы райондор арасында биринчи болуп Тогуз-Торо районунда “Алтын чөйчөк Тогуз-Торо” Куттуу эл аталашында болуп өттү.

Форумдун алкагында улуттук баалуулуктарды даңазалоодон сырткары, Саймалуу-Таш ачык асман алдындагы тарыхый этнографиялык музейди чагылдырган кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, өнөр адамдарынын таланттары тартууланды.

ИМАНБЕК уулу Эрболот, Тогуз-Торо району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17