Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
7 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы №58-кесиптик лицей адегенде 1972-1974-окуу жылында Караван кыштагындагы Мусаев атындагы №8-кесипчилик-техникалык окуу жайынын (КТОЖдун) филиалы сыңары ишин баштаган. Андан ары 1982-1984-жылдары Ноокат районундагы Жаңы-Базар кыштагында жайланышкан №54-КТОЖдун филиалына айландырылган. Ош облусунун баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын 1984-жылдын 1-прелиндеги буйругуна ылайык Ноокат раЙонундагы №58—айылдык кесипчилик-техникалык билим берүү окуу жайына (СПТУга) […]
8 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы №58-кесиптик лицей адегенде 1972-1974-окуу жылында Караван кыштагындагы Мусаев атындагы №8-кесипчилик-техникалык окуу жайынын (КТОЖдун) филиалы сыңары ишин баштаган. Андан ары 1982-1984-жылдары Ноокат районундагы Жаңы-Базар кыштагында жайланышкан №54-КТОЖдун филиалына айландырылган. Ош облусунун баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын 1984-жылдын 1-прелиндеги буйругуна ылайык Ноокат раЙонундагы №58—айылдык кесипчилик-техникалык билим берүү окуу жайына (СПТУга) […]
ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАШАТ
14.01.2025 / Автор anarkan_kg

9 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы №58-кесиптик лицей адегенде 1972-1974-окуу жылында Караван кыштагындагы Мусаев атындагы №8-кесипчилик-техникалык окуу жайынын (КТОЖдун) филиалы сыңары ишин баштаган. Андан ары 1982-1984-жылдары Ноокат районундагы Жаңы-Базар кыштагында жайланышкан №54-КТОЖдун филиалына айландырылган. Ош облусунун баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын 1984-жылдын 1-прелиндеги буйругуна ылайык Ноокат раЙонундагы №58—айылдык кесипчилик-техникалык билим берүү окуу жайына (СПТУга) айландырылган. Кийинчерээк заман талабына жараша 2008-жылдан тартып №58-кесиптик лицейге дароо өзгөртүлгөн.


- Адегенде биздин окуу жайыбыз 3 жылдык мөөнөт менен
кеңири профилдеги тракторист-машинисттерди гана даярдаган. Ал эми 1984-жылдан тартып 2009-жылга дейре 3 жылда кеңири профилдеги тракторист-машинисттерди, 10 айда азык-түлүк продукцияларын сатуучуларды, электромонтерлорду, «С» категориясындагы айдоочуларды, 3-разряддагы тигүүчүлөрдү, жыгач усталарды жана тамекчилик устаттарын даярдоого гана ыктаганбыз, – деди Ноокат районундагы №58-кесиптик лицейдин директору Шайыргүл КАРИМОВА.


–Биз бара-бара заман талабына жараша электр жана газ ширетүүчүлөрүн, кыш кыноочуларды, Айыл чарба өндүрүшүнүн устаттарын, тигүүчү жабдууларынын операторлорун, автослесарларды даярядаганга дага батыл кириштик, – деп кепке аралашты Ноокат районундагы №58-кесиптик лицейдин мугалими Вахитжан РУЗАЛИЕВ.


Шахноза КУДАЙБЕРДИЕВА, Ноокат районундагы №58-кесиптик лицейдин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими: – Биздин лицейибизде Кыргыз тилин мамлекеттик тил сыңары гана милдеттүү түрдө окутабыз. Курсанттарыбыз ошондой эле Кыргыз адабиятын дагы милдеттүү түрдө үйрөнүшөт. Эң башкысы: ушул тапта Кыргыз тили IT технология тармагында дагы байма-бай колдонулуп жатпайбы. Андыктан, мындай адат окутуу сапатын ого бетер жакшыртты.
Абдыпар БЕККЕЛДИЕВ, Ноокат районундагы №58-кесиптик лицейдин ага устаты:


– Биз шакирттерибизди абдан мыкталып камдап жатабыз. Көз тийбесин! Арабызда устаттарыбыздан дагы өтүп, алардан мыктылап иш жүргүзүп жаткандардан деле куру эмеспиз! Биз деле ошондой эмгегинен баар тапкан уул-кыздарыбыз менен, албетте, дайыма сыймыктанабыз!
Кепке кайрадан кошулган Ноокат районундагы №58-кесиптик лицейдин директору Шайыргүл КАРИМОВА ушул тапта ал жетектеген кесипчилик-техникалык окуу жайы кулачын дагы ого бетер кеңейтип жаткандыгын шардана кылды.
- Байкагандырсыздар. Коомубуз улам ыкчам гана өзгөрүп
баратпайбы. Биз ушул талапты дагы бекем көңүлгө түйүп, ушул тапта Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (фермер), тигүүчү, өсүмдүк өстүрүүчү, ашпозчу, токарь, веб-программист, автоэлектриктерди белендегенге деле өтө бекем кириштик, – деди Ноокат районундагы №58-кесиптик лицейдин директору Шайыргүл КАРИМОВА. –Кыргызстандын өндүрүшү деле бара-бара өркүндөп, кулачын улам кеңири жайып баратпайбы. Демек, бул өңүттө биз деле жамбаштап жаткан жерибиз жок!
Бизди кубандырганы: Ноокат районундагы №58-кесиптик лицейин бүтүргөндөргө жумуш опоңой гана табылат. Аталган билим жана кесип уясынан учкандар ушул тапта Кыргызстанда гана эмес, Орусия, Түштүк Корея, Америка жана Европа өлкөлөрүндө дагы камчы салдырбастан иштеп жүрүшөт. Эмесе, ушул тейиңден жазба, №58-кесиптик лицей!




Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Нооокат району
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
26.11.2024 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 19 378 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ АНЫКТАЛДЫ
-
10.12.2024 / Автор anarkan_kg ӨРТТӨН САК БОЛУҢУЗДАР!
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.