Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
22 Бардыгы / Кечээ, 22-апрелде К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Эч ким, эч нерсе унутулбайт!” аттуу майрамдык концерт өткөрүлдү. ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, аталган майрамдык иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын вице-мэри Г.К. Таштанбекова, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн […]
23 Бардыгы / Кечээ, 22-апрелде К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Эч ким, эч нерсе унутулбайт!” аттуу майрамдык концерт өткөрүлдү. ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, аталган майрамдык иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын вице-мэри Г.К. Таштанбекова, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн […]
ЭАУда ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
23.04.2025 / Автор anarkan_kg24 Бардыгы /
Кечээ, 22-апрелде К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Эч ким, эч нерсе унутулбайт!” аттуу майрамдык концерт өткөрүлдү.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, аталган майрамдык иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын вице-мэри Г.К. Таштанбекова, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн төрагасы К. А. Тилекеев, Жалал-Абад облусунун “Славян диаспорасы” ассоциациясынын төрагасы В.В. Малюженко ж. б. уюм-мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү чакырылган. Майрамдык концерт ЭАУнун философия жана табигый илимдер кафедрасы (т.и.к., доц. М.С. Мырзабаева), мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы (фил.и.к., проф. К.У. Пайзуллаева), о.э. Маданий-эстетикалык борбору (М.А. Гайымов) тарабынан даярдалган. Иш-чаранын алкагында тарыхый окуялар, көркөм чыгармалардан үзүндүлөр сахналаштырылып, согуш жылдарында “Жеңиш күнү”, “Өткөн мезгилдин баатырлары жөнүндө”, “Катюша”, “Караңгы түн”, “Жер төлөдө”, “Кырк бешинчи жылдын жазы” ж.б. таанымал ырлар жаңырып, алардын обонунда бийлер аткарылды.
Ошондой эле Жалал-Абад жергесинин согуш баатырлары жөнүндө маалымат берилди, алар Тукубай Тайгараев, Розы Азимов, Михаил Бабкин, Василий Крикун, Евдоким Мазков ж.б. Иш-чара концерттик номерлер тарыхый сүрөттөр жана видео материалдар менен коштолуп турду. Айрым учурларды тарыхый реконструкциялоо, согуш жылдарындагы аскердик кийимчен каармандар, ППШ автоматтары, Мосиндин мылтыгы сыяктуу теаралдык жабдуулар, советтик туулар концерттик номерлерге ошол замандын чыныгы демин кадимкидей тартуулады. Меймандардын жана катышуучулардын айтуулары боюнча аталган майрамдык иш-чара жогорку уюштуруучулук жана көркөм деңгээлде өткөрүлдү. Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад областтык театрына, ошондой эле ЭАУнун окуу-өндүрүштүк тигүү цехине көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзүнчө ыраазычылык билдиребиз!
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
29.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАД-АБАД ШААРЫНДА АЛТЫ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
30.08.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 34 ОБЬЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
18.09.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.