Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4,723 Бардыгы / Кара-Суу районунун Алай району менен чектешкен аймагында айтылуу Талдык айылы жайланышкан. Тогуз жолдун тоомунда жашап жатышкан элеттиктердин муң-зарын тыңдап, алардын арыз-датын зерикпестен эшитип, ичибиз, чындыгында, абдан эле эңшерилди. – Сооронбай Жээнбековго өтө чоң үмүт байлап, абдан зор ишеним артып, Президенттиккке бир добуштан шайладык эле. Анткени, биргезде Ош облусунун губернатору болчу. Ошол себептүү биздин […]
4,724 Бардыгы / Кара-Суу районунун Алай району менен чектешкен аймагында айтылуу Талдык айылы жайланышкан. Тогуз жолдун тоомунда жашап жатышкан элеттиктердин муң-зарын тыңдап, алардын арыз-датын зерикпестен эшитип, ичибиз, чындыгында, абдан эле эңшерилди. – Сооронбай Жээнбековго өтө чоң үмүт байлап, абдан зор ишеним артып, Президенттиккке бир добуштан шайладык эле. Анткени, биргезде Ош облусунун губернатору болчу. Ошол себептүү биздин […]
ТАЛДЫК АЙЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АНКЛАВГА АЙЛАНДЫ
06.02.2019 / Автор anarkan_kg

4,725 Бардыгы /
Кара-Суу районунун Алай району менен чектешкен аймагында айтылуу Талдык айылы жайланышкан. Тогуз жолдун тоомунда жашап жатышкан элеттиктердин муң-зарын тыңдап, алардын арыз-датын зерикпестен эшитип, ичибиз, чындыгында, абдан эле эңшерилди.
– Сооронбай Жээнбековго өтө чоң үмүт байлап, абдан зор ишеним артып, Президенттиккке бир добуштан шайладык эле. Анткени, биргезде Ош облусунун губернатору болчу. Ошол себептүү биздин көйгөйүбүздү ал киши абдан жакшы билет, – деп тызылдады Кара-Суу районунун Талдык айылындагы Исраил Сулайманов атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими Инаят КАДЫРОВА.
– Биз жашаган Талдык кыштагы бийик тоолуу аймактардын катарына кирет. Андыктан. мугалимдердин маянасынан киреше салыгы таптакыр алынбайт. Бирок, 2011-, 2012-, 2013-жылдардагы айлыктарыбызды анда Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бухгелтери эсептеп, өзү төлөп жүрчү. Ошондо 2011-жылы – 49 010 сомду, 2012-жылы – 54 309 сомду, 2013-жылы – 44 574 сомду аталган айыл өкмөтүнүн бухгалтери өзүнө жымырып ийген. Мындан тышкары мектептин техникалык кызматкерлерине дагы 2012-жылы 13 050 сом, ал эми 2013-жылы 7 118 сом төлөнгөн эмес. Эми ушуларды өлкөбүздүн жетекчиси өзү түздөн-түз кийлигишип, бизге толук бойдон кайрадан төлөттүрүп бербесе, биз ар жактарга кайрылып жана жазып жүрүп, чындыгында, чарчадык, эй!
– Көрдүңүздөр го, биздин шартыбыз абдан эле катаал. Тээ октябрдан баштап кыш түшүп, майда гана араң жергебизге жаз баш багат, – деп кепке кошулду Кара-Суу районунун Талдык айылынын жашоочусу Бурулай БАКИРОВА. – Көбүбүз мобул Исраил Сулайманов атындагы орто мектебинде эмгектенебиз. Андыктан, балдар бакчасына абдан эле муктажбыз! Айылыбызда 2015-жылы 34 392,03 миң сомдук айыл бакчасынын курулушу башталган. “Перспект-Проект” жоокперчилиги чектелген коому менен “Кара-Суукурулуш” акционердик коому менен түзгөн келишимге ылайык бала бакчанын курулушунун 2235,21 сому өздөштүрүлүп, бала бакчанын жерпайы дээрлик түптөлгөн. Тилекке каршы, калган обьектиси ошол бойдон дагыле бүтпөй турат. Билинбеген менен биздин мектепте эки айылдын – Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Талдык жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Алга-Бас кыштактарынын балдары каттап окушат. Атайын автобусубуз жок. Баары мектепке жөө-жалаңдап келишет. Дагы бир арманыбыз: мектебибиздин спорт залын Өзгөчө кырдаал министрлиги пайдаланууга таптакыр жараксыз деп корутунду берген. Бирок, бул эскертүү дагыле аткарылбастан келатат. Анткени, физкультура сабагында балдарыбызды машыктыргыдай жаңы спорт залыбыз жок!
– Талдык – Кыргызстандын Сибири! – деп чырылдады Кара-Суу районунун Талдык айылындагы Исраил Сулайманов атындагы орто мектептин ата-энелер комитетинин төрайымы Гүлгаакы ӨМҮРЗАКОВА.
– Кыштын катаалдыгын, жолдун татаалдыгын айтпаңыз! Ошко, же Кара-Сууга барыш үчүн жок дегенде эки күн керээли кечке жол тособуз. Анткени, биздин айылдан ал жактарга түз автобус таптакыр каттабайт. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Кантөрө Жантөрөевдин, Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимовдун, Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин биз менен таптакыр эле чатагы жок! Алар мындай анклав бар экендигин билишпесе деле керек….
– Ош облусунун бийлиги бизге өгөй баласындай эле мамиле жасап келатат, – деп кепке кошулду Кара-Суу районунун Талдык айылынын жашоочусу Асылбек ЖУСУПОВ.
– Болбосо, Узарбек Жылкыбаев губернаторлукка дайындалган бир жылдан бери алыскы Алай жана Чоң-Алай райондоруна ат тезегин кургатпастан каттап келатат. Бирок, ара чолодо мобул жол боюндагы Таддык айылына деле бир тийип, биздин ал-акыбалыбызды сураштырып койгонго жарай элек. Облус борбору Ош шаарынан элүү бир чакырым алыстыкта эле турабыз, эй! Демек, эл турмушуна кызыкса, бизге деле келет эле го… Өкүнгөнүбүз: Талдык айылынан Жогорку Кеңешке депутат, же Өкмөткө министр чыкпаптыр. Эгерде арабыздан ошондойлор чыгышса, алардын аркасы менен биздин айылдын деле азыркы көйгөйлөрү эбак эле чекесинен чечилмек…
Биз Кара-Суу райононундагы анклав – Талдык айлынан узаганыбызда, кыштакка кайрадан лапылдатып кар жаай баштады. Айласы таптакыр куруганда элет тургундары Президент Сооронбай Жээнбековго, Өкмөт башчысы Мухмамедкалый Абылгалиевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго атайын Кайрылуу жолдошуп, баарын тең Талдыкка эл менен жолугушууга чакырышкандыгын уктук. Аттиң… элеттиктердин үнүн Ак /й кожоюндары акыры угушаар бекен?
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА МУНИЦИПАЛДЫК КҮРӨШ ЗАЛЫ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
19.06.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДА СЕЛДЕН УЛАМ ЖАБЫЛГАН ЖОЛ КАЙРА АЧЫЛДЫ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК ОФИЦЕР ПАРА ТАЛАП КЫЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.