Аймак

“ӨМҮР БИЗДЕН ӨТСӨ ДА, ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН”

“ӨМҮР БИЗДЕН ӨТСӨ ДА, ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН”

 2,940 Бардыгы /

Тогуз-Торо өрөөнүнөн чыккан алгачкы илимдин кандидаты, орошон ойлуу окумуштуу.

Айтылуу тарыхчы, илим кандидаты Тогуз-Торо районунун Арал айылынан чыккан алгачкы илимпоз, Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты, бир катар илимий эмгектердин, окуу китеп, энциклопедиялык жыйнак, илимий жана публицистикалык макалалардын автору Бейше Үрүстөнбеков агайдын баа жеткиз эмгектери жөнүндө кеп козгобосок болбос.. Аттиң дүйнө, ар бир кылым аракетинен жашоо билиги жанган Бейше агайыбызды шум ажал убагында арабыздан жулуп кеткен. “Өмүр бизден өтсөда, эл эмгектен эскерсин” деген жакшы кеп бар эмеспи, анын сыңарындай агайдын опол тоодой эмгеги, жаркылдаган адамкерчилик элеси элдин эсинде калды. Бейше Үрүстөнбеков кыргыз тарыхында аты таанылган анык илим дыйкандарынын бири.

Агайдын өмүр таржымалына кайрыла турган болсок Бейше Үрстөнбеков 1938-жылдын 16-майында “Алтын чөйчөк” аталган Тогуз-Торо жергебиздин Арал айылында колхозчунун үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келген. Агайдын балалык чагы өзү туулуп өскөн Арал айылында колхозчунун үй-бүлөөсүндө өткөн. Атасы Үрүстөнбек ата колзоздун уйун бакса, апасы Анипа эне саанчы болуп эмгектенишкен. Жөнөкөй колхозчунун үй-бүлөөсүнөн илимдин кандидаты, доцент чыгат деп ал учурда эч ким ойлобосо керек, үч уктаса түшүнө кирбеген чыгаар. Үрүстөнбек ата менен Анипа эне уулун ак ниет, эмгекчил, адамкерчиликтүү кылып тарбиялап, агайдын билим алуусу үчүн колдоо көргөзүп тапкан-ташкандарын аяган эмес. 1945-жылы Арал айылындагы жети жылдык мектептин босогусун аттап, жети жылдык билим алган соң Казарман мектебинен улантып 1955-жылы онунчу классты ийгиликтүү аяктайт. 1957-жылы Бишкек шаарындагы №3 кесипчилик окуу жайына тапшырып, ийгиликтүү аяктаган соң 1958-жылы Тогуз-Торо районунундагы МТСке электр – ширетүүчү жумушуна орношот. 1958-жылдан 1961-жылга чейин армиянын катарында кызмат өтөйт. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып 1966-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1967-69-жж. Ош педагогикалык институтунда (азыркы ОшМУда) окутуучу, 1969-ж. тартып өмүрүнүн соңуна чейин КМУда (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУда) окутуучу, ага окутуучу жана доцент болуп иштеген. Жаштарды тарбиялоого арналган кыска өмүрүндө жүздөн ашык илимий-усулдук эмгектерди жаратып, 1980-жылы Ашхабадда кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин “Кыргызстандын жумушчу табы Улуу Ата Мекендик согуш жылдары” деген темада докторлук ишин уланткан экен. Ал 1991-ж. 13-октябрда 53 жашында эле Бишкек шаарында оорунун айынан мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Арал айылындагы көрүстөнгө коюлган. Агайдын артында атын чыгарган үч кыз, төрт уул калды. Бүгүнкү күндө уул-кыздарынын баары жогорку билимдүү атанын жолун улап аркайсы тармактарда иштеп келишет. Бейше Үрүстөнбеков өзгөчө адамкерчилик сапаты менен элдин эсинде калган. Окумуштуунун дагы бир кайталангыс касиети – педагогдук ишинде көпчүлүктүн назарына айланган десек ашыкча болбос. Бейше агай талантуу педагог, чебер лектор катары кесиптештеринен айырмаланып турган. Эгер илимге шыктуу студент менен жолукса ал киши, “агынан жарылып”, болгон тажрыйбасы жене топтогон илим багажы менен бөлүшүүгө даяр болгон. Анын лекцияларына баарын билем деген билермандардан баштап, сабактан жаа бою качкандар да жапатырмак катышарын замандаштары окуткан студенттери көп эстешет. Бейше Үрүстөнбеков дасыккан лектор жана сөзгө чебер окутуучулугу менен чукугандай сөз таап, “супсак” археологиялык терминдердин ажарын ачкан сүйүктүү жүзүнөн нур чачыраган мугалимге айланган. Дасыккан окутуучу катары ал студенттер арасында селекциялык иш жүргүзүп, алардын арасынан азыр профессор Аалыбек Акунов, доцент Нарынбек Алымкулов сыяктуу илимге шыктуу жаштарды окумуштуулук жолго сапарын түздөгөн.

Бейше агай тубаса окумуштуулук касиет бар инсан болгон. Ал кыска аралыкта 50 чамалуу илимий монография, илимий популярдуу макалаларды жазган. Кийинки убакта катуу ооруп жүргөнүнө карабастан, келечекке опол тоодой долбоорлорду түзүп, жетишсем жетишип калдым, болбосо шакирттерим бүтүрөөр деп, аларды чекесинен чаалыкпай ишке алып тамамдап келген.

Жакшы адамдан нур чачырап, аркасынан сөз ээрчийт дешет. Ошол нур чачырап, сөз ээрчиген адамдардын арасында Бейше агайды айтууга болот. Ал да болсо агайдын маңдай тер төккөн адал эмгеги менен адамдык абийир-ыйманынын акыбети деп айтсак жарашат.

Агайдын жүргөн-турганы, ойлогон ою, жасаган иши тарых болчу деп аны замандаштары көп эскеришет. Ал басса-турса да баладай бапестеп, кыраан куштай таптап келаткан тарыхтан кеп куруп, андан алпештенген ойлорун ортого төкчү. Бейше Урустанбековдун ырыс билги жапакечтиги, табият тартуулаган акылкөйлүгү, касиети анын кыска аралыкта Кыргызстан тарыхына аты таанылып, урматталган илимпоз катары саналышына себепкер болгон. Артында тукуму, эли үчүн ак эмгеги калган Бейше агай Тогуз-Торо өрөөнүнөн чыккан алгачкы илимдин кандидаты, орошон ойлуу окумуштуу. Агайдын жаштарга туура тарбия, терең билим берүү ишинде узак жылдар бою үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн “Эл агартуунун отличниги” наамы ыйгарылган. Анын ысымы Тогуз-Торо районунундагы өзү туулуп-өскөн, киндик каны тамган Арал айылындагы орто мектепке ыйгарылган. Бейше Үрүстөнбеков илим жана билим коомчулугунда чебер устат катары эсте калаары талашсыз. Агайдын баскан жолу калтырган ак кызматы келечек муун үчүн баа жеткиз байлык десем ашыкча болбос.

Эрболот ИМАНБЕК уулу, Тогуз-Торо району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17