Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,605 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. 8-май күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” жана Тарых кафедралары тарабынан демилгеленген “Улуу Жеңишке 75 жыл. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый мааниси”аттуу Жалал-Абад – Ош – Бишкек – Казакстан – Прага – Лондон эларалык илимий-тажрыйбалык онлайн конференциясы болуп өттү. Аталган конференцияга ЖАМУнун окутуучусу, философия […]
1,606 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. 8-май күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” жана Тарых кафедралары тарабынан демилгеленген “Улуу Жеңишке 75 жыл. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый мааниси”аттуу Жалал-Абад – Ош – Бишкек – Казакстан – Прага – Лондон эларалык илимий-тажрыйбалык онлайн конференциясы болуп өттү. Аталган конференцияга ЖАМУнун окутуучусу, философия […]
“Улуу жеңишке 75 жыл. УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН ТАРЫХЫЙ МААНИСИ” АТТУУ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ
09.05.2020 / Автор anarkan_kg

1,607 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. 8-май күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” жана Тарых кафедралары тарабынан демилгеленген “Улуу Жеңишке 75 жыл. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый мааниси”аттуу Жалал-Абад – Ош – Бишкек – Казакстан – Прага – Лондон эларалык илимий-тажрыйбалык онлайн конференциясы болуп өттү.
Аталган конференцияга ЖАМУнун окутуучусу, философия илимдеринин кандидаты Токтогулова Гүлжамал модератордук кылды. Эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын Улуу Ата Мекендик согуш жана анын тарыхый мааниси, Кыргызстандын Улуу Жеңишке кошкон салымдары, Согуш жана тынчтык маселелеринин философиялык мааниси, Улуу Ата Мекендик согуш: Жеке үй-бүлөлүк таржымалдар багытында болду.
Эл аралык илимий тажрыйбалык онлайн конференциясын Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович куттуктоо сөзү менен ачып, “Ардактуу ардагерлерибиздин эбегейсиз эрдиктеринин арты менен ачык асман алдында, бейпил заманда жана эгемендуу олконун эркин жараны болуп жашап жатканыбызга 75 жыл толду. Биздин баатырлар согуш майданында кан кечип, өлүмгө тике барып, Улуу Жеңишти багындырып кайтышкандыгын, алардын арасында Жалал-Абад областынан белгилүү болгон Советтер Союзунун Баатырлары Розу Азимов, Михаил Бабкин, Тукубай Тайгараев жана башка жоокерлердин да чоң салымы бар экендигин, алардын эрдиктери элдин эсинде түбөлүккө сакталып калуусу үчүн, жыл сайын Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Жеңиш туусун желбиреткен майрамга карата өткөрүлүүчү салтка айланган илимий конференцияны быйыл да уюштургандыгын баса белгиледи. Элибиздин бейпилдиги үчүн, Мекендин тынчтыгы үчүн курман болгон эр азаматтарга урмат көрсөтүү, ата-бабаларыбыздын эрдиктерин эске салуу, алардын тарыхтагы ордун тактоо, өсүп келе жаткан муунду мекенчилдик сезимге, сыймыктуу өмүр салтына тарбиялоо бүгүнкү иш-чаранын негизги максаттарынын бири экендигин, ушул максаттарды ишке ашырууга жакындан жардам көрсөткөн конокторго, илимпоздорго, катышуучуларга ыраазымын” – деген оюн билдирди.
Илимий жыйында Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде белгилүү болгон т.и.д., профессор Т. Кененсариев, Прагадан т.и.д., профессор Т.Чоротегин, Лондондон коомдук ишмер, окумуштуу Арслан Капай уулу, Казакстандан т.и.к., доцент Т.Т. Далаева, Бишкектеги жогорку окуу жайлардан т.и.к., доцент Н.А. Алымкулов, т.и.к., улук окутуучу А.Д. Казакбаев, ОшМУдан С.А. Арстанов, К.Ш. Токтомаматов атындагы ЭАУнин профессору т.и.к. Ж.А. Дүйшеев, ОГПИнун доценти, т.и.к. С.Ж. Осмонов, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнин доценттери т.и.к. Э.А. Авазов, ф.и.к. Г.Т. Токтогуловалар илимий баяндамалар менен катышты.
Бүгүнкү илимий жыйындын соңунда илимпоздор тарабынан дүйнөлүк жана Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын дүйнөдөгү тарыхчылар менен биргеликте илимий пикирлерди, маалыматтарды талкуулоо зарылдыгы, Улуу Ата Мекендик согуш темасын, согушка тартылган баатырларыбызды, алардын согушка кошкон салымдарын, партизандык кыймылдын катышуучуларын Кыргызстандын көз карашы менен кароо, бул мезгилди изилдөөдө орус жана советтик адабият менен чектелбей, батыш адабиятын да бирге анализдөө, Ашырбай Коенкөзов сыяктуу баатырларга көзү өтсө да сыйлык ыйгаруу керектиги, архивдик жана чет өлкөлүк архивдерди изилдөөнү колго алуу жана тиешелүү органдардын шарт жаратып берүү зарылдыгы сунушталды.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg «СУЛАЙМАН-ТОО» КИНОФЕСТИВАЛЫНА 200дөн АШУУН ЭМГЕК КАТЫШТЫРЫЛУУДА
-
-
18.06.2024 / Автор anarkan_kg ТИЛЕМЧИЛЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИ 22000 СОМ АЙЫПКА ЖЫГЫЛЫШТЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.