Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
1,381 Бардыгы / ОШ. Алай жергесинде Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Токтогул Ажыбаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын 75 жылдыгына карата уюштурган республикалык “Тоо театрларынын I фестивалы” өз ишин аяктады. Аталган фестиваль Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылындагы Токтогул Ажыбаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын алкагында тарыхый инсандардын жана тоолуу жердеги профессионал театрдын мааракесине арналып өттү. […]
1,382 Бардыгы / ОШ. Алай жергесинде Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Токтогул Ажыбаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын 75 жылдыгына карата уюштурган республикалык “Тоо театрларынын I фестивалы” өз ишин аяктады. Аталган фестиваль Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылындагы Токтогул Ажыбаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын алкагында тарыхый инсандардын жана тоолуу жердеги профессионал театрдын мааракесине арналып өттү. […]
АЛАЙДА “ТОО ТЕАТРЛАРЫНЫН I ФЕСТИВАЛЫ” ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
04.10.2021 / Автор anarkan_kg

1,383 Бардыгы /
ОШ. Алай жергесинде Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Токтогул Ажыбаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын 75 жылдыгына карата уюштурган республикалык “Тоо театрларынын I фестивалы” өз ишин аяктады.
Аталган фестиваль Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылындагы Токтогул Ажыбаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын алкагында тарыхый инсандардын жана тоолуу жердеги профессионал театрдын мааракесине арналып өттү. Салтанатка катышкан Маданият жана маалымат министринин орун басары Салтанат Аманова аталган иш-чара өз ара тажрыйба алмашуу багытын гана көздөгөндүгүн баса белгиледи. Анын баамында, муну салт катары мындан ары башка аймактарда дагы өткөрүп туруу пландаштырылууда.
-Мындай достук мамилени бекемдөө жана профессионалдык театр искусствосун аймактарга жеткирүү учурдагы Маданият министрлигинин бирден-бир приоритеттүү багыты, — деп агынан жарылды Маданият жана маалымат министринин орун басары Салтанат Аманова.
Республикалык “Тоо театрларынын I фестивалы” Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театры койгон Төлөгөн Касымбековдун “Кел-Кел” спектакли менен тушоосун кести. Буга дейре Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык-драма театры, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, Калык Акиев атындагы Жумгал музыкалык драма театры, Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры, Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры жана Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрларынын жүрүшү менен башталып, муну заманбап концерттик программа дагы коштоду.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театры Төлөгөн Касымбековдун “Кел-Кел”, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры драматург Иманалиевдин “Актриса”, Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык драма театры Өзбек эл жазуучусу Саид Ахматтын “Хасан Хусан” чыгармасынын негизинде “Таниш нусхалар”, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры драматург Касымбековдун “Кел-Кел” романынын негизинде инсценировкаланган “Кара көлөкө” спектклдерин элеттик көрөрмандарга тартуулашты.
Республикалык “Тоо театрларынын I фестивалын” Алай райондук мамлекеттик акимчилиги жана Токтогул Ажыбаев атындагы Алай музыкалык драма театры биргеликте уюштурушту.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg СЕГИЗ ИШКАНА КЫТАЙДЫН ЭКСПОРТТУК ТИЗМЕСИНЕ КИРДИ
-
07.04.2025 / Автор anarkan_kg АНКЛАВДАГЫ АЛДЫҢКЫ МЕКТЕПТЕ
-
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ ПРОГРАММАСЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.