Аймак

Мекен таануу 1- класс

Мекен таануу 1- класс

 4,269 Бардыгы /

Жалал-Абад облусу Ала-Бука районуна караштуу № 46 “Багы-Шамал” жалпы орто билим берүүчү мектебинин башталгыч класстардын мугалими Кучкорова Мохичехранын “Окуу керемет” долбоорунун алкагында  жана окуу модулуна таанып өткөн  “Тазалык жана тыкандык” деген темасындагы сабыктын иштелмеси.

Мекен таануу 1- класс.

Сабактын темасы:    Тазалык жана тыкандык

Сабактын тиби  : Таанып билүү  (жаңы материалды өздөштүрүү)  

Сабактын формасы: аралаш

Колдонулуучу ыкмалар: жеке иштөө, жупта иштөө, коллектив аралык иштөө

Керектелүүчү каражаттар:  окуу китеби, уналгы, түстүү сүрөттөр, таркатма материалдар.

Сабактар аралык байланыш:   Адабий окуу, адеп

Сабактын максаттарыКөрсөткүчтөр .
1Окуучулар тазалык жана тыкандык жөнүндө маалымат алышат .Жаңы тема жөнүндө маалымат алышса. Таза  жана  тыкан болууга үйрөнүшсө.
2Макалдар айтышат, аңгемелешишет бири- бирлери менен баарлашуу аркылуу  оозеки кебин өнүктүрүшөт.Макалдар айта алышса. Бири- бири менен аңгемелешип, өз ойлорун айта билишсе.
3 Таза жана тыкан болууга              тарбия    алышат   Таза жана тыкан жүрүшсө, тазалыкка көңүл бурушса.
Сабактын этаптарыУбакыт ( 40- 45 мүнөт)  Мугалимдин ишмердүүлүгү  .    Окуучунун    ишмердүүлүгү.
1.Уюштуруу учуру3 мүнөт-Мугалим  класс тазалыгына, окуучулардын формаларына көз салат жана  саламдашат. –Саламатсыздарбы менин алтындай билимдүү окуучуларым.Мугалим окуучулар менен биргеликте аларга жагымдуу маанай тартуулайт .  Муз жаргыч: Кана, балдар менин маанайым жакшы дегендер оң колуңарды көтөргүлө, ар кимиңер өзүңөрдүн колуңарды төбөгөңөргө коюп “Мен мыкты адам болом,………”, деп айткылаОкуучулар                  мугалимдин       айткандарын кайталашат. “Мен абдан акылдуумун,  ар дайым жакшы нерселерди көрөмүн. Кулактарым ар дайым мугалимдин айткандарын угат,  оозум пайдалуу кептерди айтат ….. Бүгүн сабакка активдүү катышып , «5» деген баа аламын,”
2Мотивация5 мүнөтМугалим эки түрдүү сүрөттү көрсөтүп,  окуучуларга төмөндөгү  суроо менен кайрылат. -Балдар сүрөттөн эмнени байкадыңар?   Окуучулар сүрөткө көңүл бурушат, сүрөттөгү айырманы байкашат. Жеке ойлорун айтышат, жакшы жана жаман сапаттарды салыштырышат.
3Окуу маселелерин формулировкалоо жана окуу ишмердүүлүгүн аныктоо5 мүнөтМугалим окуучуларды сабактын максаты жана күтүлүүчү натыйжасы менен тааныштырат. -Балдар бүгүнкү сабакта сиздер тазалык жана тыкандыктын пайдалуу жактарын үйрөнөсүздөр, текстти окуп талкуулайсыздар сүрөттөрдү карап аңгемелешесиздер .   
4Жаңы өздөштүрүлгөн материалды тушундуруү кайталоо жана бышыктоо7 мүнөтАлдын ала тегеректеп жасалган светафордун үч түсүндөгү сары , кызыл,  жашыл , түстөгү быйтыкчалар партаны үстүнө коюлган.Мугалим окуучуларга бирден быйтыкчаны тандап алууну айтат.   Жол эрежеси бул- өмүр пайдасы болсо, тазалык бул –  ……эмне балдар? –Азаматсыздар балдар!  Демек, бизге үйгө тапшырма болгон “Светофор” ырын көркөм жатка айтабыз. Мугалим окуучулардын ырды көркөм айтуусуна карап , өз ордунда кайтарым байланыш жасап кетет жана упайларды берет. Окуучулар түстүү быйтыкчалардан бирден тандашып,топторго ажырап алышат. -Балдар, бул тегерекчелерден эмнелерди байкадыңыздар? (окуучулар суроого жооп берүү менен өтүлгөн теманы кайталап алышат)  
5 Жаңы теманы түшүндүрүү7 мүнөт Мугалим окуучулардын бардыгын уналгыга кароосун айтат.Темага ылайык слайд берилет. -Балдар эмнелерди көрдүңүздөр?  Мугалим доскага бир канча сүрөттөрдү илет жана тааныш сүрөттөрдүн аталышын сурайт . Активдүү катышкан топту баалап барышын эскертет. Бейтааныш сүрөттү атын  атайт, маанисин түшүндүрөт. Мугалим окуучулардын жоопторуна жеке кайтарым байланыш жасайт жана баалап барат. -Азаматсыздар! Демек, сиздерге бул майда ар түрдүү формадагы заттын аты белгисиз, туурабы балдар?  Мугалим микроптун сүрөтүн ажырата алып микроб экендигин анын зыяндуу жактары тууралуу Окуучуларга тушунук берди. Биз бүгүнкү сабакта сиздер менен тазалык жана тыкандык тууралуу маекдешишет Мугалим окуучулардын ордунан туруп дагы бир жолу 1,2,3 деп санатат , топтогу ордуларын алмаштырууну суранат. Эми бардыгыбыз китептерибиздин  32- бетин карайбыз Кана балдар китептеги сүрөттөн эмнелерди көрүп жатасыздар ? -Азаматтар, алтындар! Окуучулар слайтты көрүшөт,жана топтордо талкуулашат. Доскадагы сүрөттөрдү карап , Билгендерин айтышат Таза колдор , апапакай тиштер, таза идиш аяктар таштанды челек чымын чиркейлер таза сүлгү жуулбаган мөмөлөр  майда тегерекчелер   Кээ бир билбеген буюмдарын аталыштарын мугалимдин жардамы менен атап үйрөнүшөт.   
6Тема боюнча тыныгуу2 мүнөт    Мугалим окуучуларды эс алдыруу максатында тазалыкка карата аракеттүү ыр айттырат (физминутка)   Окуучулар физминутканы аткарып, бүткөн соңОкуучулар колдору менен аракеттенип айтышат. Тишиң болсо акактай, Оорубасын балакай. Эрте менен кечинде, Эки маал жуу эринбей.   Өйдө- ылдый, Өйдө- ылдый, Өйдө- ылдый, Шык- шык- шык!   Окуучулар    1,2,3 деп дагы бир жолу топторго бөлүнүшөт. Окуучулар жаңы теманы угушат талкуулашат, мугалимдин берген суроолоруна жооп беришет.
7Жаңы теманы Бышыктоо.10 мүнөтМугалим 1,2,3 топторго  сүрөт берет.        Сиздерге ушундай тапшырма  . Сүрөттүн негизинде чакан жомок түзүү керек .Эң жакшы жомокту  5  жылдызча менен  баалайбыз. Мугалим жомокту угат жана  окуучуларга  өзүн-өзү баалоону сунуштайт –Кана кимдин жомогу кызыктуу? Ар бир топтогу окуучулар сүрөттү карап жомок түзүүнү башташат . Даяр болгон топ кол чабуу менен даяр экендигин билдирет.             Окуучулар  өз  пикирлерин айтышып,өз-өздөрүн баалашат.
8Сабакты жыйынтыктоо3 мүнөтМугалим окуучуларга төмөндөгү суроолор менен кайрылат. -Эмнени үйрөңдүң? -Эмнени билдиң? -Эмне жакты/жаккан жок?1. Мен __________ үйрөндүм 2.Мен___________ үйрөндүм 3.Мага__________ жаккан жок 4.Мага__________ кызыктуу
9Үйгө тапшырма берүү:3 мүнөт  Мына окуучулар биз бүгүн силер менен “Тазалык жана тыкандык” темасын окуп үйрөндүк. Сизлерге үйгө тапшырма  33-беттеги “Тазалык” ырын  жатка алууТазалык Кезектешип класстын, Тазалыгын сактайбыз. Гүл жыттанат киргенде, Бир да кагаз чачпайбыз Класс турса тазарып, Көңүл ачат тазалык  А.Карымшаков



Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17