Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,489 Бардыгы / Акыркы күндөрү республиканын аймагында элдердин арасында тамак-аштардан уулануу көп катталууда. Анткени аба ырайынын өтө ысып кеткендиги, жер-жемиштердин көбөйгөндүгү себеп болууда. Тамак-аштан уулануулардын негизги себеби, коомдук тамактануу жайларындагы тамак даярдоодогу технологиялык процесстердин сакталбагандыгы, температуралык режимдин бузулушу, даяр тамак-аш менен чийки азыктардын туура эмес сакталышы, коомдук тамак-аш жайларында иштеген кызматкерлердин медициналык кароодон өз убагында өтпөгөндүгү, […]
1,490 Бардыгы / Акыркы күндөрү республиканын аймагында элдердин арасында тамак-аштардан уулануу көп катталууда. Анткени аба ырайынын өтө ысып кеткендиги, жер-жемиштердин көбөйгөндүгү себеп болууда. Тамак-аштан уулануулардын негизги себеби, коомдук тамактануу жайларындагы тамак даярдоодогу технологиялык процесстердин сакталбагандыгы, температуралык режимдин бузулушу, даяр тамак-аш менен чийки азыктардын туура эмес сакталышы, коомдук тамак-аш жайларында иштеген кызматкерлердин медициналык кароодон өз убагында өтпөгөндүгү, […]
УРМАТТУУ ОКУРМАН, УУЛАНУУДАН ЭТИЯТТАНЫҢЫЗ!
07.07.2022 / Автор anarkan_kg1,491 Бардыгы /
Акыркы күндөрү республиканын аймагында элдердин арасында тамак-аштардан уулануу көп катталууда. Анткени аба ырайынын өтө ысып кеткендиги, жер-жемиштердин көбөйгөндүгү себеп болууда.
Тамак-аштан уулануулардын негизги себеби, коомдук тамактануу жайларындагы тамак даярдоодогу технологиялык процесстердин сакталбагандыгы, температуралык режимдин бузулушу, даяр тамак-аш менен чийки азыктардын туура эмес сакталышы, коомдук тамак-аш жайларында иштеген кызматкерлердин медициналык кароодон өз убагында өтпөгөндүгү, алар тарабынан өздүк гигиенаны сакталбагандыгынын кесепетинен уулануулардын чыгышына өбөлгө түзүлүүдө.
Учурда быйылкы жылдын 28-июндан 2-июлуна чейинки аралыгында Жалал-Абад шаарынын “Ага-ини” жана “Таджимахал”, “Тез-татым” коомдук тамактануу жайларынан түрдүү соустор (чийки жумуртка, өсүмдүк майы, чеснок) кошулган “Гамбургер”, “Шаурма”, “Ходдог” азыктарын пайдаланган 85 жаран катталып, алардын 37си амбулатордук дарыланууга жиберилди. Калган 48 бейтап ооруканаларда дарыланышууда.
Азыркы күндөрү бардык жеке менчик объектилерине рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүп, изилдөөлөр жана иликтөөлөр алып барылууда. Ошондуктан ар бир пайдаланган азыктарды сатып алууда алардын коопсуздугу боюнча сертификаттарын териштирип алууга акыңыз бар. Бул боюнча биздин республика Евроазиялык экономикалык союзга кирген (Россия, Казакстан, Армения, Белорусия, Кыргызстан), ЕАЭСтин азыктарынын коопсуздугу боюнча сертификаттары бар. Ошондуктан 22 ашуун техникалык регламенттер иштейт. Сатуучу Сиз талап кылган азыктын коопсуздугу боюнча сертификатты көрсөтүүгө милдеттүү.
Мындан башка коңшулаш республикалардан келген азыктардын этикеткасын карап мөөнөтүн, сактоо эрежелерин, таңгактарын карап алышыңыз зарыл. Көбүнчө азыркы учурларда той-аш жана башка түрдүү иш-чараларды өткөрүп жаткан жайларда, айрыкча тез бузулуучу азыктарды пайдаланууга тыюу салынат. Учурда көбүнчө өзүбүздө даярдалган тамак-аштардан, айрыкча тез бузулуучу азыктардан уулануулар көп катталууда. Алар лабораториялар тарабынан изилденүүдө. Ар бир адамдын ден соолугу өзүнүн колунда, ошондуктан пайдаланып жаткан тамак-аш азыктарына этият мамиле кылыңыз.
Биз санитардык-эпидемиологиялык кызмат контролдоо органдарына киргендиктен Кыргыз Республикасынын 25.05.2007-ж. жеке ишкерлерди текшерүү тартиби жөнүндөгү №72 мыйзамын жана 14.04.2016-ж негизсиз текшерүүлөргө тыюу салынсын деген №41 мыйзамын жетекчиликке алып иштейбиз. Ошондой эле 2022- жылга чейин жеке ишкерлерди текшерүү боюнча мораторий жарыяланып келди. Бирок быйылкы жылдын 3 чейрегинен баштап экономика министрлигинин макулдашуусу менен пландык текшерүү жүргүзүлөт.
Улпат НАЗИРБЕКОВА, Жалал-Абад район аралык ОАА жана МСЭКБнун бөлүм башчысы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА АВТОУНАА АЙДАЙ КАЧКАН 23 ЖАШТАГЫ ЖАРАН КАРМАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.