Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт

ТАНК МЕНЕН КОШО ӨРТТӨНҮП КЕТКЕН ҮЧ ЖООКЕРДИН СӨӨГҮ «АТА-БЕЙИТКЕ» КОЮЛДУ

ТАНК МЕНЕН КОШО ӨРТТӨНҮП КЕТКЕН ҮЧ ЖООКЕРДИН СӨӨГҮ «АТА-БЕЙИТКЕ» КОЮЛДУ

 267 Бардыгы /

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 26-сентябрда «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда курман болгон Чек ара кызматынын аскерлери – танк экипажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди.

Атышуу учурунда Кыргызстан тараптын танкына снаряд тийип, экипаждын үч мүчөсү танк менен кошо өрттөнүп кеткен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган.

Мамлекет башчысы курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, митинг-реквием өттү.

Президент белгилегендей, Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны коргоодо курман болгон жоокерлердин элесин түбөлүккө калтыруу үчүн «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине эстелик коюлат.

Мамлекет башчынын сөзүнөн кийин аза маршынын коштоосунда Ардак кароол ротасы УКМКнын Чек ара кызматынын үч аскер жоокери – танкчылар Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгүн жерге беришти.

Андан соң үч жолу асманга коштошуу огу атылып, жоокерлердин кабырына топурак салынып, куран окулду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17