Өлкө аймактары менен кубаттуу
ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
КЫЛЫМ КАРЫТКАН МЕКТЕП
МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
703 Бардыгы / Сотто акталган журналист Болот Темиров өкүм адилеттүү болгонун айтып, бул үчүн элдин көзөмөлү негизги роль ойногонун билдирди. Сот отуруму аяктагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген Темиров мындай чечимди күтпөгөнүн белгилеп, аны акыйкаттыкка жасалган кадам катары сыпаттады. 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны […]
704 Бардыгы / Сотто акталган журналист Болот Темиров өкүм адилеттүү болгонун айтып, бул үчүн элдин көзөмөлү негизги роль ойногонун билдирди. Сот отуруму аяктагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген Темиров мындай чечимди күтпөгөнүн белгилеп, аны акыйкаттыкка жасалган кадам катары сыпаттады. 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны […]
БОЛОТ ТЕМИРОВ ЭЛДИН КӨЗӨМӨЛҮ МЕНЕН СОТ АДИЛЕТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАНЫН АЙТТЫ
29.09.2022 / Автор anarkan_kg

705 Бардыгы /
Сотто акталган журналист Болот Темиров өкүм адилеттүү болгонун айтып, бул үчүн элдин көзөмөлү негизги роль ойногонун билдирди.
Сот отуруму аяктагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген Темиров мындай чечимди күтпөгөнүн белгилеп, аны акыйкаттыкка жасалган кадам катары сыпаттады.
28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актады. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечими чыкты. Судья Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгиледи. Ал эми документ жасалмалоо деген берене менен айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирди. Темиров буга аппеляциялык арыз жазыларын айтууда.
22-сентябрдагы соңку отурумда мамлекеттик айыптоо сотко Темировду беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоону сунуш кылган. Прокурор Мээрим Алиева Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу маселе көтөргөн.
Журналистти жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.
Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.
Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.
Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.
Журналисттин ишине “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.
Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.
УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканы тууралуу айыптарды четке каккан.
Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.
Төкмө акын Болот Назаров “Ютуб” каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. Анын ишин кароо уланып жатат.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДА БАШТАЛДЫ
-
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
-
22.05.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “КООПСУЗДУК БИРИНЧИ ОРУНДА” АТТУУ ФОРУМ ӨТТҮ
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДҮКТӨР МЫНДАН АРЫ ТАЗА СУУ ИЧИП ГАНА ЖЫРГАШАТ
-
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.